|

Лев Толстой: “Козу карын жана эже-сиңди”

2.7/5 - (3 добуш)

(аңгеме) 

Эки кыз козу карын көтөрүнүп, үйлөрүнө баратты. Алар темир жол аркылуу өтүүсү керек болчу. Эже-сиңди от арабаны “алыс жакта” деп ойлошуп, шагылды тебелеп, темир жолдун үстү менен жол улашты.

Капыстан машина гүүлдөдү. Кыздардын улуусу артка качып, кичүүсү жол аркылуу  чуркап өттү. Эжеси тынчсызданды да: “Арт жакка баспа!” – деп, сиңдисине үн салды.

Бирок, катуу келаткан от араба өтө жакындап калган эле.  Кичинекей кыз анын ышкырыгына көңүл бурган да жок. Ал: “Артка кайтууга буйрук берип жатышат окшойт”, – деп ойлоду. Темир жолдун кыры менен артын көздөй жүгүрүп баратып, жерге чалынып түштү. Козу карыны төгүлүп, жер жайнады. Кыз козу карындарын чогултканга шашты.

От араба  ага жанагыдан да чукулдап калган. Поезддин айдоочусу күчүнүн барынча ышкырды.

Эжеси:  “Козу карынды ташта!” – деп кыйкырды. Тепкедей кыз аны: “Козу карынды терип ал деп атат”, – деп түшүнүп, жол бою жөрмөлөдү.

Айдоочунун поездди токтотууга мурчасы жеткен жок. От араба мүмкүн болушунча чыңырып барып,  кичинекей кыздын үстүнөн өтүп кетти.

Анын эжеси бакырып ыйлап, ыйын төктү. Поездде  бараткандар вагондордун терезелеринен окуяга көз салып турушту. Кондуктор кыздын эмне болгонун көрүү үчүн от арабанын артын көздөй жүгүрдү. 

Поезд өтүп кеткенден кийин кичинекей кыздын темир жолдун рельсаларынын ортосунда жүзтөмөнүнөн түшүп, кыймылсыз жаткандыгын мүлдө адам баштан-аяк көрдү.

Ал поезд бир топ алыстап кеткенден кийин гана башын көтөрдү. Ордунан тизелеп турду да, чачылган козу карындарын терип алып, эжесин көздөй чуркады.

  • (1828–1910)

    Атактуу орус жазуучусу жана ойчулу. Толстойдун чыгармачылыгы дүйнөлүк адабияттын өнүгүүсүнө эбегейсиз зор таасир эткен. Өзгөчө анын “Согуш жана тынчтык”, “Анна Каренина”, “Воскресение” деген романдары дүйнөлүк адабияттын шедеврлери деп эсептелет.

  • 1953-жылы Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда туулган. 1986-жылы  КМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин бүтүргөн. КР Ардак Грамотасынын ээси. КР Өкмөтүнүн балдар адабияты боюнча сыйлыгынын лауреаты. Бир нече повесть-аңгемелери, котормолору, тамсилдери жарык көргөн. КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген