Ичик
Арымында турмуш деген сапардын,
Азбы-көппү бакыт даамын тата алдым.
Антсе деле кусам артат кай бирде
Ат жыттанган ичигине атамдын.
Кабый тиккен кара көрпө, оор, узун,
Кайдан билсин кадырыңды доор ушул?
Кайран ичик кар-бороонду сездирбей,
Карагердин кошо жапчу соорусун.
Күн шашкеде кайтып келип жылкыдан,
Күрс жөтөлүп тээ эшиктин сыртынан.
Жаш чагында көкбөрүдөн жыгылып,
Жарыктыгым бир бутунан сылтыган
атам кирип, айтчу кеби: Кургур, а,
Аталуулар алты тойду тургула!
Анан бизге жаап жатса ичигин,
Аттын жыты өрдөп кетчү мурдума.
Дүрүлдөйт от темир меште, төрдө жүк,
Дүнүйөбүз бир кичине бөлмөлүк.
Эски ичикти талашчубуз уядай,
Эжем экөөбүз эки күчүк өңдөнүп.
Жазбы, кышпы жалаң малга кийилип,
Жака-жеңи даакы болуп сүрүлүп.
Ал ичикке сиңип бүткөн далай жыл,
Атам менен аттын жыты биригип.
…Тобо кылам, аппак төшөк жатканым,
Толгоп сезим тээ балалык чактарым…
Атырдан да жыттуу болгон миң эсе,
Андай жытты бирок такыр таппадым.

Чыныгы чыгарма деген ушундай болот. Окуган киши ичине барып чогуу сүйүнүп, чогуу сагынып, чогуу күлүп, чогуу жашап келет. Ысыгы ташыганынан же кыларга иши жогунан антпейт. Ошого мыкты калемгердин касиети оп тартып сүйрөп кетет, ой-боюна койбой мажбур кылат.
Бар бол, Шаке! Мен да барып бир сыйра сен жазган ичикке жылынып келдим… Рахмат.