Каалоо-тилек
(аңгеме)
Биз тааный элек дагы кандай чексиз дүйнөлөр бар десеңиз. Жашай берсең, көрө бересиң дешет го. Жайдын күнү болчу. Калипа эжем келин ала турган болуп үйүнө баргам.
Келин алган кандай кызык? Биз келин келет деп, аябай даярданып жүрдүк. Бир маалда апапак машине менен келип короого кирди. Келин менен кошо апапак бакыт кирип келаткандай болду.
Шаңдуу ыр ырдап, кыяк черткен Урмат байке менен келинди көшөгөгө отургуздук. Чын эле сулуу келин экен.
Баарыбыз жетине албай тегеректеп жүрөбүз.
Кайненеси аппак жоолукту башка салды.
Суйкайып, көшөгөдө келин унчукпай отурду.
Жалгыз отура берсе зеригип кетет го деп, эжемдин эшикте ойноп жүргөн эки кызын ээрчитип келдим дагы: “Жеңеңер менен сүйлөшүп отургула, зеригет!” – деп аларды келиндин жанына отургузуп кеттим. Келин мага ыраазы болгонсуп, жылмайып койду.
Баарынан да жаңы адам деген кандай жакшы, ээ? Жаңы дем, жаңы жашоонун дареги, жаңы мамиле. Адам өзү кайра жаралып жаткандай болот го.
Мен эмнегедир эле сүйүнүп жүрдүм.
Келинди жеткирип келген келиндерди болушунча сыйлап жаттык. Бир маалда жеңелери кыздын жүгүн жыйып беришет экен деп, ал ырымды жасай турган болуп, келин отурган бөлмөгө кирдик. Жеңелери жүк жыйды кылышып, жүккө бир-эки колун тийгизген соң, жүк жыярын бердик.
Бир маалда жеңелер көшөгө үйдөн чыгып бара жатышат.
Мен өзүмдү көшөгөдөгү кыздын ордуна койдум.
Негизи, той бул кыздыкы го. Бул күн жалгыз ушунун гана эсинде калышы мүмкүн. А биз болсо бу кызды катарыбызга кошпой, өзүнчө жыргап майрамдап жатабыз. Ушундай кантип болсун деп ойлондум да:
“Жеңелер, апалар, токтосонор! Келгиле, келиндин көшөгөсүнө отуруп, жакшы сөздөрүбүздү айтпайлыбы? Айткан тилектерибизди келиндин өзү укканы аябай жакшы да. Мына жалгыз ушунун гана эсинде калышы мүмкүн ушул жакшы күн. Майрам ушунуку болуп аткан соң, ушунун жанында отуруп да майрамдашыбыз керек да, – деп калдым эле, мени көбү колдоп кетишти. Ошентип эле көшөгөнү түрө салып, дасторкон алып келип жая салып эле, ортого ичимдик, суусундук алып келип, жеңелерин сыйлап, тойду ушул жерден уланта баштадык.
Баарыбыз келинге карап, болгон жакшы тилектерибизди айттык. Жаңы келин, жүзү жаркып биздин чын-дилден айткан сөздөрүбүзгө кулак салып, унчукпай баш ийкеп, абдан көңүлү ачык отурду.
Жүзүнөн күлкү кеткен жок. Бир маал астыртан аны карап койдум.
Карачы, кандай бактылуу. Мен келин болуп келген күндү эстедим. Мага эч ким көшөгөгө келип, каалоо-тилегин айткан эмес. Өздөрүнчө эле жыргап, өздөрүнчө эле майрамдап, мен болсо жалгыз отурсам, бир маалда бирөө келип туруп, күп этип кулап калганы эсимде. Көрсө ал күйөөмдүн классташы экен. Анан көпчүлүктөн каякка барып уктаарды билбей, эл көрбөгөн, тынч жерди тапкандагысы болчу экен.
Менин болсо үрөйүм учуп, эмне кыларымды билбей турсам, күйөөм келип: “Мас болуп калбадыбы. Азыр эл чыгып кеткиче жатып турсунчу, – деп туруп кайра кетип калганычы.
Мен ушуну ойлоп тапканыма өзүм эрдемсип, аябай ичимен сүйүнүп отурдум. Карачы, келиндин эң бактылуу күнүндө, элдер эң бактылуу көздөрү менен ага каалоо-тилектерин так өзүнө айтып отурушат.
Бир чоң коньяк түгөнгөнчө мен аларды көшөгөдөн чыгарбай, көпкө ырдатып, өзүм да ырдап, айтор, өзүнчө эле бир жашадык.
Анан этке киргиле деп айтканда гана конокторду башка бөлмөгө алып кеттик.
Ошентип той да бүттү, тойдун эртеси да болду дегендей, бир жумадан кийин Калипа эжем үйүнө чакырды.
Тойдо кызмат кылгандарды сыйлап коёюн десе керек.
Мен келинге эмне алып барсам деп көпкө ойлондум да, адамдын эсинде жыт көбүрөөк калат эмеспи, ушул жытты жыттаганда, келин болуп келгенин эстеп жүрсүн деп духи алып бардым.
Келин апапак көйнөк кийип, ак жоолук салынып алыптыр. Мени илбериңки тосуп алды. Мен болсо аны көргөндө эле көп суроолорумду жаадыра баштадым. Бажылдап аябай көпкө сүйлөдүм. Ал күлүп эле койду. Аны уялып атат го деп, белегимди берип үйгө кирип кеттим.
Конокто отурганда, мени башка коноктор менен тааныштырды. Бир байке дүлөйлөрдүн мектебинин директору экен. Сөз арасында сүйлөшүп отуруп эле, анын өзүнүн баласы дудук экенин, ал жакында бул жаңы келген келиндин курбу кызына үйлөнө турганын, ошого даярданып жатканын айтып калды.
– Булар абдан ынтымактуу. Анан аябай ызакор. Бирөө туура эмес мамиле кылып койсо, баарылап барып, болушуп, асманын сапырып салышат, – деп айтып күлдү.
Сөздөрүнөн улам боолголоп, байкап отуруп мен келиндин да дудук экенин түшүндүм. Ошол мүнөттөн баштап, тамагыма бир нерсе туруп калгандай эле мелтиреп отуруп калдым.
Бүт баары көз алдымдан өттү. Айрыкча, баарыбыз көшөгөдө ага каалоо-тилек айтып, шарактап жатканыбыз…
Кап атаа, мен аны шылдыңдагандай да болуп калгансыдым.
Атайылап жасагансып.
Таң калыштуусу, эмнеге эч кими каршы чыккан эмес? Келиндин жеткирип келген жеңелери деле, Калипа эжем деле билчү да.
Бирок, чын эле, ошондой кылганыбыз абдан туура эле болгондур.
Ал бизге караганда адамдын жүрөгүн жакшы уга алса керек. Анан ал ошол жүрөктөрдүн ар бирин тыңшап чыкса керек.
Каралдым ай! Жайнаган көзүңдөн айланайын ай!
Жаркырап эле күлүп турса, жаңы келин болгон үчүн сүйлөгөндөн тартынып атат деп ойлопмун го. Мынча сулуу болбосоң не, мынча жакшы болбосоң не да, мынча аруу болбосоң не, ырас, сүйлөбөйт экенсиң, укпайт экенсиң!
Ушунчалык ичим күйп-күйүп кетти. Көзүмөн жаш токтобой эле ыйлай бердим. Эшикке чыктым да, үйдү көздөй жөнөдүм.
Эч эле анын көзүнө да карай албай, кеткенимди да айткан жокмун.
Ошол бойдон Калипа эжемдин үйүнө барган жокмун.
Бирок баягы келинди күндө эстейм.
Жүрөгүмдөн кетпей калды.
Ал да мага, балким, көп сүйлөп, көп бир сырларын төгүп айткандыр ичинен.
Мен аны абдан жакшы көрчүмүн го.
Мен берген духини себинип жүрсө керек.
Же мени издеп, “эмнеге ал келбей калды” деп бирөө жарымдан сурай албай жүрөбү. Бирок мен аны көрсөм, көзүнө карай албасам керек. Эмне болгон күндө да.
Өзүнчө жалгыз калганда, эмнегедир, ушул жарык келин эсиме түшө берет…
