|

Энем жана таң

5/5 - (5 добуш)

(эссе) 

Таң атып баратканына суктанам. Күн сайын. Бала кезимен эрте турмай адатым бар. Энем кичинемде койбой тургузчу. “Намазың каза болот”, “Кана, Төрөжан, оп-пирим деп тура калсаң – мойнуңа олтуруп алган шайтан качып кетет!”, – дей берчү энекем. Анан кыйылып, кыңшып, араң баш көтөрүп барып даарат алып, намазыма турчумун.

А кээде өзүм эле ойгонуп, босогодо узакка отурганды жакшы көрөр элем. Сыртка тигиле отура берем; короонун бир жак четинде үстүнө жылуу желегин кийип, гүлдүү жоолугун татына салынган энем уй саап жүрөт же ашкана тарапта бизге нанүшта жасап жатат. Атам экөө бирдемелерди кобурап, андан ары атам малды чыгарат, тамаркага суу коет. Экөөнүн анда-санда угула калган сөздөрү гана болбосо бул таңдагы тынчтыкты чымчыктардын сайраганынан, жеңил желге урула жай шуудураган терек бариктеринен башка эч нерсе буза алчу эмес. А мен, уйкудан эми гана турган 9 же 10догу бала, алыстан бул сулуулукка суктанып, оюмда энемдин ар бир кыймыл аракетине аралашып, ал тарткан аркан, ал кармаган чака болгум келип олтура берчүмүн.

Акырындан күн көтөрүлүп, анын алгачкы нурлары бетими сүйгөнү башкача жагымдуу боло турган. “Төрөжан, тургуз үкаларыңды, чай ичебиз”, – дейт энем.

Балалыктын таңы дайыма ушундай атчу.

Бүгүн да адаттагыман эрте турдум. Таңдын атканын көргүм келди. Энем туура үч жыл мурун дал ушул күнү таң атканын көргөн эмес. Анын ошол таңы атпай калган.

Терезени кең ачып, андан кирген күздүн илебине окшогон жагымдуу желге жүзүмдү тосо кере дем алдым. Бир аз ичиркентет. Сыртта болсо анда-санда желге шуулдаган дарак бариктеринин гана мелодиясы болбосо, айлана баягы бала кезимдегидей жымжырт.

“Жүзүңдөн айланайын таңым, кош келдиң! Мен эмнеге сени мынчалык жакшы көрөрүмдү эми түшүндүм. Анткени таң менен кошо энем келет мага. Күн сайын”.

23-август, 2024

  • Журналист, аудиокитептерге үн коштоочу. Учурда «Азаттык» радиосунун казак кызматын башкарат. Аны менен катар бир нече жылдан бери YouTube сайтында кыргыз тилинде поэзия жана проза окуп келатканы менен белгилүү. Бир нече ыр жана кыска аңгемелердин, котормолордун автору.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

2 Comments

  1. Кутман таңдын сүрөтүн кудум кинотасмадагыдай тартыпсың, Төрө!Чыгармачылыгың улам өрдөй берсин!Азамат. Кыска аңгеме жазуунун устасы болүшуң менен!!!

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген