Барайын

2.2/5 - (4 добуш)

Билгизбей шыбыртымы жан адамга,
Барайын кыялымы минип айга.
Бир арман жүрөгүмү бөксөрткөндөй,
Жазылып жандап жүргөн тагдырыма.

Боз түндө булут көчүп үнү өчкөн,
Байырлап шол тарапка санаам көчкөн.
Белгисиз бир күч мени чакыргансып
Баратам жооп издеп аалам көчтөн.

Бакыттын изин кууп белден ашып,
Канча ирет кайгы-муңдан кеттим жашып.
Буулуккан арзууларым көккө айттым,
Жымжырттык табармын деп жолго шашып.

  • 1977-жылы Ош облусунун Кароол айылында туулган. Поэзияга, чыгармачылыкка көптөн бери кызыгат. Ырлары көптөгөн алманахтарга, гезит-журналдарга жарыяланган. “АКТАЛ” адабий чыгармачылык бирикмесинин мүчөсү.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

One Comment

  1. Жумагүл Темирбаева такшалган кыйын жазмакер
    чыгармалары абдан сонун өзгөчө лирика саптары жакшы
    Чыгармачылык ийгилик каалайм акын эжем сизди терең урматтап
    Түлөбалды Эстебесович

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген