Күйүндүм
Өткөн күнгө өтөлгө жок, кайгырдым,
Өзөн күткөн өмүрүмдү сай кылдым.
Убактымды куюн кылып учуруп,
Далай жылдын түшүмүнөн айрылдым.
Кетти күндөр, өчтү сонун убактар,
Баскан жерим эми менин бубак, кар.
Ойлобопмун оюн салып жүргөндө,
Мээмди эзип көбөйөөрүн сурактар.
Калдым билбейм караанында кай жылдын,
Жан дүйнөмдү келчү эле бай кылгым.
Баркын билбей ошол сонун кездердин,
Календардын барагындай айрылдым.
Көкүрөгүм бош өңдөндү каңгырап,
Ички ишеним күтүп жүрдү жалдырап.
Ыр жазган күн бакыт эле мен үчүн,
Эргүү келсе уйкаштырып, сап курап.
Билбейм неге өзүмдү өзүм короттум,
Ачык турган жолумду да тороттум.
Кетти күндөр кол булгалап бош калган,
Шамалындай кокту менен колоттун.
Кылчайдым да аттиң, дедим, күйүндүм,
Көрдүм, билдим, көп нерсени түшүндүм.
Кантсе дагы каркырадай сабалап,
Катарымдан калбаганга сүйүндүм.
(Майрамбек Токторовдун 2026-жылы жарык көргөн “Түбөлүк тур, Ата Журт!” аттуу жаңы поэтикалык китебинен)
