|

Жалгыз отургуч

3.9/5 - (7 добуш)

(аңгеме)

Столдо чачылып жаткан кагаздарын жыйнап, үйгө кетүүгө камына баштады. Үстөлү иш маалында эгерим жыйналбайт. “Качан болсо кагаздарың баш аламан жатат”, – деп тийишип калган кесиптештерине “творческий беспорядок” деп, орусчасынан тамашалап жооп берип коймою бар. Иреттеп койсо эле иши жүрүшпөй калчудай боло берет. Эртең менен жыйналуу турган кагаздары кечке чейин чачылып калат. Үйүнө дегеле шашпайт. Шашканда эмне? Күткөн эч кимиси жок. Барары менен чала-була өзөк жалгамыш этет да, телевизор тиктейт. Көзү анда болгону менен, ой-кыялы башка жакта. Бул көрүнүш күндө кайталанат. 

Кээ бир тааныштары Гүлүмдүн жашоосуна ачык эле көз артышат. “Ай деген ажоң, кой деген кожоң жок. Өзүңдү өзүң билесиң. Кааласаң укта, кааласаң көчөлө… Үйүң толо оокат. Кийгениң түрү менен. Жаш сулуудай суйкайып, дегеле бетиңде бир бырыш жок. Жигиттен жигит тандасаң болот. Керек болсо жыйырма бештеги жаш жигиттер да суктанат го сага!” – дешет. А Гүлүм үчүн мунун баары кызыксыз. Бирок тек гана “ооба” деп жооп берип коёт. Түнү жаздык кучактап ыйлап чыкканын, жалгыздыктан чарчаганын кимге айтып, кимге бугун төгөт? Үйүндөгү оокаты ким үчүн да, жан үрөп иштегени ким үчүн? Жүрөгүнө жылуулук тартуулай албаса, жаш жигиттердин суктанганынан не опаа? Бул жашоодо өз түгөйүңдү таппай калуудан, баласыз калуудан өткөн азап бар бекен? Аны көз арткандар билбейт. А балким, билишсе да жөн гана көңүл жубатып коюшаттыр? Өзүнө минтип айтышканы менен, артынан боор ооруй карап: “Бактысыз байкуш, ушинтип жүргүчө аюу да болсо бирөөгө тийип албайт белең!” – дешер…

Күн уясына батып, айлана күүгүм тартып калганын сыртка чыкканда гана байкады. Үйү жумушуна жакын арада болгондуктан шашылбастан көчө бойлой жөө басты. Жашы кыркка таяп калганына карабай, мүчөсү жаш кыздардай сымбаттуу. Качан көрбө – такалуу, өзүнө жарашыктуу бут кийим кийет. Анысы аялдын ажарын ого бетер ачкандай “тык-тык” этет. 

Демейкидей бак ичиндеги орундукка көчүк басты. Бул отургуч менчигиндей болуп калган. Ар кечте келет. Санаалашындай сырын төгөт. Андан калса орундук да Гүлүмдү гана күткөндөй дайымкыдай ээнсиреп бош турат. 

Жайдын күнү болгондуктан көчөдө эс алып жүргөндөр арбын. Жуп-жубу менен колтукташа баскандар, балдарын жетелегендер. 

Ээрчишкендерге суктана карады.

“Аттиң, менде да ушундай кечтер болоор бекен?” Аны түпсүз санаа басты. Мындай мезгилде оюна башка нерсе келбей калат. Дүйнөдөн жалгыз өтүп кетемби деген коркунуч жүрөгүн мыжып, эч ким билбеген, эч кимге айтып даттанбаган көңүл оорусу кайрадан козголот. Башка нерселерге алаксыйын десе да болбоду. 

Эртеден кечке улам бир макала жазып бүгүн да катуу чарчаган. Баарынан да “Тагдыр” деген рубрика ачып алганын кара! Ар кандай адам тагдырларын жазат. Апасы: “Бирөөнүн тагдырын эмне кыласың, өзүңдүкүн ойлосоң боло!” – дегени да бар. Ошондо бул сөз катуу тийген эле. Бирок сыр билгизбей: “Апа, менин тагдырым эң сонун. Эмне кааласам баары бар. Силер маңдайымдасыңар. Акчам жетиштүү. Ден-соолук ордунда… Мага дагы эмне керек?” – деген. Кызынын жообун уккан апасы: “И-ий, балакетиңди алайын кызым ай! Бактылуу болсоң экен…” – деген эле муңайып.

– Саламатсызбы, чоң кыз?! Жаныңызга отурсам болобу? 

Ойго чөмүлүп, жанына келген жаш жигитти байкабай калыптыр. 

– Саламатчылык! Отура бериңиз. 

Тоскоол болбоюн деген ниетте нары жылды.

– Эмне жалгыз отурасыз? Күткөнүңүз келбей жатабы?

Шыпылдай сүйлөп, эски таанышындай суроо узаткан бейтаанышты жаман карады.

– Сиз эмне, көчөдөгү элди суракка алгыдай тергөөчүсүзбү?!

Жаш жигит апкаарый түштү. 

– Жо-ок, андай деле эмес. Жалгыз отурсаңыз… Маанайыңыз пас… Көңүлүңүздү көтөрүп, сүйлөшүп отурсамбы деген ойдо кайрылгам. Мен да жалгыздап басып, сейилдеп жүрдүм эле.

– Менин көңүлүмдү көтөргүдөй маскарапозсузбу?! Жалгыздап басып, сейилдеп жүрсөңүз, мага тоскоолдук кылбай, жолуңуз менен кете бериңиз да!

Бейтааныш унчукпай нары басты. Анын кай тарапты көздөй кеткенине деле көңүл бурган жок. “Каап! – деди ичинен. – Ушундай терс кыялым менен сүйлөшкүсү келген адамды да качырып жиберем. Балким, жаман деле ою жоктур? Мындай иттигимди кантип тыям?” Бир кездеги апасынын айткан сөзү эсине түштү: “Алдагы мүнөзүң менен эрге деле тийбейсиң го… Тийсең да, сенин ит кыялыңа эркек чыдамак беле, катыгүн! Дегеле эч кимге баш ийгиң келбейт!” “Коюңузчу апа, менин кыялым эмне болуптур?! Айткан сөзүмө турам. Ишимди билем. Үй жумуштарын катыра жасайм. Дагы эмне керек? А эркек деген эркектей болсо, баш ийбей каякка бармак элем?!” – деп жооп берген. “Эркек деген эркектей болсо дегенин кара! Эркектей болбой анан кандай болмок эле?” – деген апасы нааразыланып. “Канда-ай, канда-ай? Менин оюмдагыдай…” Ошону менен сөз бүткөн. Көп сүйлөгөндү жактыра бербеген апасы унчукпай тим болгон.

– Чоң кыз, бул сизге!

Бир аз эле убакыт мурун кагуу жеп кеткен жигит маңдайында гүл сунуп турат. “Мунусу укмуш болду го… Бул эмнеси?!” Кайрадан кагып жибербей, өзүн токтотту.

– Рахмат! Муну эмнеге алып келдиңиз?! Тааныбаган бир аялга…

– Биринчиден, “муну” эмес, гүлдү. Экинчиден, “аялга” эмес, чоң кызга.

– Үчүнчүдөн?! 

– Үчүнчүдөн, сиз мага жагып калдыңыз.

Жигиттин сөзүнө каткыра күлдү. Кээде ушинтип күлүп коймою бар. Анысы жүрөк толгоосун, ички бугун жашыргандагысы окшойт. Жигит оңтойсуздана жылмайды.

– Мына, көңүлүңүз да көтөрүлүп калды. 

“Ооба” дегенсип баш ийкеди. Бирок бир заматта ууртундагы күлкүнүн изи да калбады. Эзели белек алып көрбөгөндөй көздөрүн муң басып, гүлдү жыттап койду.

Ортодо сөз уланбай бир саамга отуруп калышты. Ар ким өз ою менен алек. Гүлүм тизесин жаап, сабынан кармап отурган сумкасын ачып, бир нерсе издегендей кайсалай түштү да, ордунан турду. Бейтааныш жигитке кол сунуп: 

– Жакшы калыңыз. Гүлүңүзгө рахмат! – деп кетүүгө камынганын билдирди. 

– Чоң кыз, бир аз отура турбайсызбы? – деди бейтааныш жигит шашкалактап. 

Жигиттин уялыңкы жүзүнө жылмая карады да:

– Биринчиден, “чоң кыз” эмес, эже болом. Экинчиден, үйгө барыш керек. Үчүнчүдөн, гүлүңүздү алсам эле “мени да жактырып калды го” деген ойдон алыс болуңуз! – деп бурула жөнөдү. “Тимеле! Таанышкыча уяң боло калышат! Оюна койсом, өзгөрүшү бат эле да! ” 

– Чоң кыз…

Бейтааныш жигит артынан ээрчий карап, умсунуп кала берди…

* * *

Үйү демейкисиндей бүгүн да кунарсыз, муздак. Ичи кымбат баалуу эмеректерге толуп, заманбап жасалгаланган, курбулары көз арта суктанган үйү өзүнө ушундай сезилет. Иш күндөрү жумушу менен алек болсо, дем алыш күндөрү убакыт өтпөй, өзүн капаста камалган куштай сезет. Ошондой күндөрдө курбуларына телефон чалып, ал-акыбалдарын сурамыш этип барып келүүнү көздөйт. Бирок – баары турмушта… Түгөйлөрү аны жактырбагандай кабыл алат. Башы бош, күйөөсүз жүргөн немени алар жактырчу беле? Жубайларын бузуп койчудай, азгырып көчөгө алып кетчүдөй кооптонушат. А балким, алар жаман деле көрүшпөстүр? Бирок ал ушул оюна бекем ишенет.

Телевизорун күйгүзүп, каналдан канал которуп бирдеме издеди. Эмнени көргүсү келип турганын өзү деле билген жок. Тамакка да табити тартпай, жатууга кам урду. Өзүн-өзү канчалык алаксытайын десе да болбой, оюна бейтааныш жигит келе берди. “Кандай гана мерез жанмын. Балким, ал да жалгызсырап, сүйлөшүүгө киши издеп жүргөндүр? Байкушту кагып-силкпей эле койсом эмне болмок?! Жөн сүйлөгөндү да билбейм. Жамандыгыман жалгыз калдым да. Далай жигит сөз айтып, артыман жүгүрсө, жактырбай мисирейдим го. Өзүмө өзүм кылдым! Чала болот!” 

Терезени телмире тиктеди. “Жок, жок! Мен да сүйүп, мен да ашык болбодум беле!” 

Арадан канча бир жылдар өтсө да жүрөгүн тымызын эзген бир мезгил эске түштү. Ал күндөрдү ойлогондо көзү жашка толуп, жүрөгү ооруп, ыза болот. Кечээ гана болуп өткөндөй жан-дүйнөсү дүрбөлөңгө түшөт. Канчалык аракет кылса да унута албай койду. Баарынан да улам жашы өйдөлөгөн сайын ошол убак көз алдына көбүрөөк тартылчу болгон. 

Гүлүм анда алдына киши салбай такылдаган, класстын гана эмес, мектептин эң алдыңкы окуучуларынын бири эле. Ийиндерин жапкан апакай бантик тагылган эки өрүм чачы кара тору жүзүнө, коймолжуган көзүнө жарашык берип турчу. 

Биринчи чейрек аяктап калган мезгилде мектепте бир мугалим пайда болду. Окуучулар күбүр-шыбыр түшүп, аты-жөнү ким, кайсы сабактан берет болду экен, үй-бүлөсү барбы деген сыяктуу суроолорго жооп издеп убара. Өзгөчө жогорку класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн кызык болду. Жаш агайды астыртан карап көзүн сүзгөн кыздар да болбой койгон жок. Алыскы райондогу бул мектепке анда-санда гана чоочун мугалим келбесе, дээрлик баары – айыл тургундары. Чыкыя кийинип, чачын жылмалап артка кайрыган жаш жигиттин айылдык мектепке келиши табышмактуу эле. “Кайдан келиптир? Борбордонбу?” деген суроолор, “Өзүнчө эле кычырайт го! Кабагы ачылбаган неме окшойт!” – деп сыртынан баа бергендер, “Ээ, азырынча кычырай турсун, бир аз убакыт өтсүнчү, өзүбүздүн эле катарга түшөт! Бул кебетеси менен айылга чыдабай, жыл айланбай качып кетпегей эле!” – деп какшыктагандар да чыкты. 

Бул агайдын күтүүсүз келиши Гүлүмдүн да жүрөгүн кытыгылап, белгисиз бир сезим апкаарытып койду. Агайды мугалим эмес жаш жигит катары көрүшү, ага болгон сезимдин башка курбу-курдаштарына, мугалимдерине болгон сезимден айырмаланып турушу өзүнө түшүнүксүз эле. Демейде, кайсы гана сабактан болбосун такылдап жооп берип турчу неме математика сабагына келгенде эки бети албырып, эч нерсе билбегендей калчылдап калат. 

– Гүлүм! – дейт агайы жалдырап жооп бере албай турган кызга. – Сенин бааларың эң жакшы экен го. Анан ушул оп-поңой суроого жооп бере албайсыңбы?

Агайынын “Гүлүм” деп өз атынан чакырышы да “менин гүлүм” деп эркелетип тургандай өзгөчө угулат. Ансайын жооп таба албай, атүгүл тили да күрмөөгө келбей жер карайт. 

– Агай… Билем эле… Унутуп жатам… – оозун араң кыбыратып, үзүл-кесил жооп беримиш этет. 

– Билген киши унутпайт. Бир нерсени эптеп-септеп жаттай калбай, түшүнүү керек. Математика – бул жөн гана сүйлөп коюу эмес. Бекеринен так илим деп айтылбайт да. Бир гана сандан адашсаң же эрежени билбесең – бо-олду, ашмалтайы чыгат да калат. Керек болсо бир гана нөл көп нерсени чечип коёт. 

Агайдын өз сабагын башка предметтерден жогору койгону ар бир сүйлөгөн сөзүнөн билинип турат. Эгерде эле бөлөк мугалим минткенде, сөзсүз жооп тапмак. А буга жооп айтмак түгүл билгени да эсине келбей, башы шылкыя түшүп жатпайбы.

Гүлүмдүн мындай акыбалын мурда-кийин көрбөгөн классташтардын бири “буга эмне болгон?” деген кыязда таң кала караса, дагы бири “ии, сен деле эч нерсе билбейт экенсиң го!” дегендей мыскылдуу табалайт. “Агайды сүйүп калган го…?” деп күбүр-шыбыр түшүп кыткылыктай күлгөндөрү да жок эмес эле. 

Ошол мезгил, ошол күндөр, кыялга жетеленип таң аттырган айлуу түндөр Гүлүмдүн эсинен кеткис болуп биротоло байланып калгандай. Агайынан канчалык апкаарыса да, бара-бара сүрдөгөнү азайып, жүзүнө тик бага карай алган абалга жетпеди беле. Бирок… 

…Бүтүрүү кечесиндеги болгон окуя али күнчө жарааты айыкпаган ылаң сыяктуу илээшип келет. Ошол күнү апасы тигип берген апакай көйнөгү бутундагы апакай босоножкисине куп жарашып, сымбаттуу мүчөсүнүн ажары ого бетер ачылган Гүлүм апакай гүл көтөрүп мектепке келген. Бүтүрүүчүлөрдүн бири отургучтарды иреттесе, экинчиси гүл көтөрө чуркап, дагы бири мектептин ашканасын кооздоо менен алек. Жалгыз гана Гүлүм колундагы кагазды улам карап, бирде үнүн чыгара, бирде ичинен кайталай, алып баруучулук милдетине кызуу даярдык көрүп жаткандай кербезденет. А чынында агайын астыртан издеп, купуя акмалап жаткан. Ал да Гүлүм менен бирге алып баруучу болмок. Негедир кечигип жатты. “Эртең эртерээк кел! Салтанат башталгыча дагы бир жолу кайталап алалы!” – деп өзү сунуштабады беле! Эми минтип кечиккенин кара! Буга бир чети түпөйүл болсо, бир чети эркелеп таарынгысы келди. Жаш адис, жаңыча ойлонот дештиби же дагы бир себеби барбы, айтор, ар бир салтанатты алып баруу милдетин негедир ушул агайга жүктөп коюшкан. Мурда көптөгөн жыйналыш, салтанаттарды Гүлүм жалгыз алып барчу. Эми минтип агайы жанында. Жаңы жылдык балатыда агайы Аяз ата, бул Аяз кызы болгон. Ошондогу даярдык көргөн күндөр, үйүнө чейин узаткан кышкы кечтерди ойлогон сайын өзүн дүйнөдөгү эң бактылуу адам сезет. Балатынын акыркы күнү агайы менен кыналыша бийге түшкөн. Жардана караган классташтардын, мугалимдердин, атүгүл ата-энелердин сүрү да буларды токтото алган эмес. Агайынын бий толкунуна түшүп, өзүн учкан куштай эркин сезген. Ошондо делебеси козголгон бийкеч “агай, мен сизди жакшы көрөм…” деп наздуу шыбыраган. “Гүлүм, мен сенин агайыңмын…” – деген агайы жооп кылып. 

Тигине, мектептин короосуна кире беришинен күткөн агайы көрүндү. Жалгыз эмес. Колуна кыпкызыл жоогазын көтөргөн бейтааныш бийкеч колтуктап алган. Ким болду экен? Кызганычтан жүрөгү туйлап чыкты. Ичи туз куйгандай ачышты. Сулуу селки колун жаңсай бирдемелерди сүйлөп келатат. Агайы мугалим экенин унутта калтыргандай бирде сулуунун белинен имере тартса, бирде колунан жетелеп өзгөчө сүйүнүп алган. Гүлүмдүн жүрөгү дүкүлдөй согуп бейтааныш сулууну жек көрө карады. Жүгүрө жетип “Менин агайыма жолобо!” – деп кыйкыргысы келди. Керек болсо бейтааныш сулуунун чачынан сүйрөп колундагы жоогазындарды жерге ыргытып, тебелеп салгандан да кайра тартпачудай калчылдап чыкты. 

Э-эх, ошол күн! Гүлүм салтанаттын аягына чыкпай үйүнө жүгүргөн. Жаздык кучактап, көпкө ыйлаган. Агайы жанындагы бийкечти кесиптештерине “болочок жубайым” деп тааныштырып жатканын укканда, жер астын-үстүн болуп, асман кулап, бүтүндөй бир аалам урап түшкөн. 

* * *

– Саламатсызбы, чоң кыз?!

Жумуштан чыгып, жайбаракат үйүнө бет алган маалда маңдайында кечээги жолуккан жигит жылмая карап турган эле. Аны көргөндө түндө түйшөлткөн ойдон кутула албай чала уйку болгон көзүнүн шишиги алигиче тарай элек Гүлүм бир чети кубанса, бир чети өзүнүн жүдөңкү кебетесинен уялып кетти. Эски таанышындай жолун карап, күтүп турганына таң калды. 

– Саламатчылык! – деди ички туюмун билдире бербей. – Сиз кайдан?

– Мен… Мен сизди күтүп… – жигит апкаарый жооп узатты. 

“Дагы кагып жиберет деп тартынып тургандагысы го?” Гүлүм жигиттин апкаарып турганына өзүнчө баа бере ойлонду.

– Мени неге күтөсүз? Ишиңиз бар беле? 

Кайрадан катуу сүйлөп албастын амалы кылып жумшагыраак берген суроосу ушул болду.

Бейтааныш жооп таба албай буйдала түштү. 

– Тескерисинче… иш жогунан… сизди күтүп. Жөн гана сүйлөшүп отурсакпы дедим эле.

– Аа-а…

Гүлүм алдыга басты. Артынан баскан жигиттин ар бир кыймылын, атүгүл дем алуусунан бери сезип-туюп жатты. “Тартынчаакпы дейин десем, андай эместей. Андай эмес дейин десем, оюн толуктап айта албайт буйдалып. Мени сүйүп тургандай апкаарыганын кара. Жапжаш туруп, эжесиндей мени акмалап жүргөнү эмнеси?! Жашым өткөнчө жалгыздап жүргөнүмдү билген бирөө болсочу? Же эркектен көзү каткан, эптеп бирөөнүн этегине жармашсам деген аялдардын бири деп келдиби?” Көз ирмемдик убакытта анын оюна эмнелер гана келип кетпеди. Жаш өткөн сайын адам баласы шекшиме болуп калат окшобойбу? Бирөө сөз айтып, мамиле түзүүнү каалап турганы билинди дегиче ар кандай ойлор келе берет. Баарынан да аты элге анча-мынча таанылып калгандан бери шекчилдиги көбөйүп кеткен. 

– Чоң кыз! Атыңызды билсем болобу?

“Калп эле атымды билмексен болуп тургандагысы окшойт! “Башкага сынды көп айтат. Бирөөлөрдүн тагдырын жазат. Өзүнүкүн бир сынайлы”, – деген тааныштардын айтканы менен жүргөн болсочу? Болбосо, эмнеге эле эки күндөн бери айланчыктайт?”

Гүлүм жигитти сынай карады. 

– Атымды билип эмне кыласыз? Дагы эмнемди билгиңиз келип турат? Балким, туулган айылым, улутум, жашым, ким болуп иштээрим да кызыктыр? А мүмкүн, жашоо шартым менен да таанышаарсыз?! 

Оозу-оозуна тийбей, улам бир суроону берген Гүлүмдү жигит аң-таң кала карап турду да:

– Кечиресиз! Ушунча да албуут болосузбу? Эч кандай жаман оюм жок эле. Саламат болуңуз! – деп шарт бурулуп жөнөй берди.

Артынан узата караган Гүлүм тунжурай түштү. “Дагы эле баягы. Мындай мүнөзүмдү кантип калтырам? Эмне деген жанмын? Оо Кудай, менчелик ажаан бар бекен бул жашоодо?”

Шалдырай басып, көнгөн орундукка жетип көчүк басты. Бул жерде дагы далай жолу жалгыз отурарын сезгендей аппак жүзү ылдый жаш куюлду. “Кечирчи, Гүлүм! Балалык кыялың менен сүйүп калдым деп турасың. Сен али кичинекей кызсың да. Мен сенин агайың болом, агайың гана болуп калышым керек!” – деген качанкы сөз кулагына жаңырды.

  • Панфилов районуна караштуу Тельман айылында 1973-жылы төрөлгөн. Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү. УТРКнын отличниги. ЮСАИД “Окуу керемет” долбоорунун катышуучусу. “Алтын капас-махабат”, “Сүйүнчү”, "Бурганактуу тагдыр" жана балдар үчүн жазылган “Нуска жомоктор/Мудрые сказки”, “Айтуяк” жыйнактарынын автору.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген