| |

#31-32 (55 сөз)

5/5 - (3 добуш)

#31 Чөп

Машинанын “тү-үт” деген үнүнө удаа эле эшик кагылды. Жыргал апа эшикке шашылды. Чыкса “чөптү кайда жыябыз” деп балдар турушат. Короонун эшигин ачып берген Жыргал апа балдарды алкады: “Садага болоюндар жамандык көрбөгүлө”.

Балдарды көргөндө өзүнүн уулу эсине түшүп, мууну бошоп көзүнө жаш тегеренди. Ушул балдар менен тең чамалаш уулу армияга кетип, кайтып келбей калган эле, аттиң…

#32 Текшерүү

Канат капыстан ооруканага жатып калды. Жумушка жаңы эле  орношкондуктан санааркап, жетекчисине чалып, абалын түшүндүрдү. Жетекчиси унчукпай телефонду өчүрүп койду.

Эртеси кесиптештери гүл көтөрүп келишти. Канат кубанып, ыраазы болду. Алар кеткен соң: “Гүлдөн көрө бир бөтөлкө суу алып келишпейт беле”, – деп ойлоду ичинен.

Кесиптешинин бири сыртка чыгары менен телефон чалды:

– Шеф, чын эле ооруп, ооруканада экен.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген