“Аялдык бакытын тынымсыз издеген…”

5/5 - (6 добуш)

* * *

Аялдык бакытын тынымсыз издеген,
Аялдык бакытын табалбай дегдеген,
Бир аял жайдары күлдүрөт башканы,
Көздөрү муңаят жалганды билбеген.

Күлмүңдөйт, жылмаят, а бирок көздөрү
Жашырып жаба албайт көкүрөк көксөөсүн.
Каткырат, жаркылдайт, а бирок көздөрү
Кусалуу, көрсөтүп көңүлдүн бөксөөсүн.

Аялдык бакытын кайдадыр жоготкон,
Кайсалап таппады, а мезгил азгырат.
Тапчудай турганда дирилдеп жүрөгү
Аялуу бакыттын издерин жазгырат.

Качандыр бир күнү
Ал бакыт баш багат.
Качандыр бир күндөр
Же үмүт таш кабат.

Үмүтүн үзбөсүн,
Эңсөөсү бүтпөсүн.
Тирлиги бүткөндөн
Тирүүлүк түптөсүн.

  • Өмүрлүк вазипам адабиятка байланыштуу. Кесибим кыргыз тил, адабият мугалими. Менчик мектепте иштейм. Андан тышкары корректура, редактура иштерин аткарам. Аспирантуранын 3-күрсунда окуп жатам.

    Колдоо көрсөткүсү келгендерге:

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген