Кыялдуу кеч

2.7/5 - (4 добуш)

Кечинде көлдү жээктеп, ырдан окуп,
Сен менен бир бассам ээ, жүрөк толкуп.
Биз менен сүйүүбүзгө күбө болсо,
Ысык-Көл, ак шоокумдан толкун токуп. 

Эркелеп, эрке желге көкүл серпип,
Шыңк күлүп, чымчып сүйлөп, көөдөн керип.
Кочуштап, көл суусунан сузуп алып,
Чачсаң ээ, кандай сонун мага келип. 

Мен качып, ичиркенип муздак сууга,
Куласам, тайып кетип жээкте кумга.
Сен чоочуп, чуркап келип колдон алып,
Окшошсоң, канат жайган аппак кууга. 

Күн дагы күбө болуп, кечибизге,
Узатып, экөөбүздү үйүбүзгө.
Бактылуу болгула, – деп бата берип,
Нурунан десте кылып сага берсе.

Кучагың толуп чыгып кызыл нурга,
Оролуп, гүлдөй турсаң ошол нурда.
Ак булут, акырындап көлгө түшүп,
Ак жоолук “салынгын” – деп сага сунса.
Алтыным, кучак жайып тосор элем,
Өзүңдү беттен сүйүп, бекем кыса.

2026-жыл, август

  • 1969-жылы Талас облусунун “Манас” айылында туулган. ТМУнун филология факультетин бүтүргөн. Медиа тармагында иштеген. 2001-жылдан бери Кесиптик билим берүү тармагында иштеп келет.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген