Cокурлар
(аңгеме)
– Ит улудубу, тооба! Ит улуду ээ?
Сокур кемпир элең этип, кулак түрүп калды.
– Ооба, улуп атат… Же бирөө ыйлап атабы?
Үй ичиндеги беш кишинин бири да анын сөзүнө жооп кылбады.
Өспүрүм курактагы кыз небереси кыйшалактап бийлеп, телефону менен өзүн тартып убара:
– Менин катталуучуларым салам, салам…
Уул-неберелери да килейген кулакчын кийип алып, балдырап ар демени сүйлөп телефондон бирдеме ойноп отурат окшойт:
– Үчөөнү килл (kill – өлтүрдүм) кылдым…
– Жардам берсең, бир сквад аткылап атат! Жаным түгөнүп атат, чурка бери! Аптечка ташта…( PUBG деген онлайн оюн)
Уулу менен келининин шыбырты угулбайт. Бөлмөсүнө кирип укташса керек, түн бир маал болду го…
Түн оосо дагы уктабай, уулу менен келини да шыкшыйып телефон тиктеп, бири-бирине далысын салып жатканын сокур кемпир көрө алмак эмес. Экөө тең бири кулакчын салып алышкан. Чоң шаардагы эки бөлмөлүү батирдин бурчуна тыгылып, сокур кемпир эки жагын элеңдей карап, ит улугандай, кээде адам ыйлап, азап тартып аткандай бир доошторду элдир-селдир угуп, уктай албай, күбүрөнүп атты. Бөлмөнүн жарыгы өчтү, бирок неберелери дале балдырап, телфондон түшкөн жарыктар өчпөдү.
Уйкусуз шаардагы уйкусуз кишилер… Чоң көчөдөгү машинелердин да доошу басылбай, таңга барып сээлдеп калат. Сокур кемпир көзү көрбөй калбаса, айылындагы абышкасы экөө курган эски тамында, элеттеги элдин арасында бейгам тиричилигин өткөрө бермектир… Көзү көрбөй калып, кор болгондо кичүү баласы шаардагы батирине алып келип алды. Тун баласы алыскы өлкөлөрдүн бирине кетип калган. Канада дейби, айтор суук жер бул жакка чыдабайсыз деген, артынан ээрчип бара тургансып…
– Иттин улуганы эмес, кишинин боздогону, кокууй күн! Назира! Мыкы тургулачы! Коңшуларыңардан бирөө бирдеме болду бейм… Кудай, айланайын Кудай, амандык бер, жамандыктан алыс кыл!
Кемпир үнүн катуу чыгарып, уул-келинин чакыра баштады. Келини кулакчынын алып, акырын тыңшап туруп:
– Апаң алжып баратат. Тур, жөн жат дечи! – деди күйөөсүн быкындан нукуп.
– Не дейсиң!
Аялы көзү менен эшик жакты көрсөттү:
– Аа, апамбы. Өлөрү калды эми, өсөрү калган жок, сага не тоскоолдугу бар, жата берчи.
– Тар үйгө эмне тыгылтып алып келесиң, башка тууганы жокпу! Бар, чакырып атат дейм!
– Апа, не болду!
– Балам, сурап койсоң боло кошуналарыңы, бирөө ыйлап атабы, улуп атабы…
– Сурайм, сурайм. Жат, укта, апа!
– Ана, ыйлагандай, боздогондой…
– Уктачы, апа. Балдар силер да жаткыла, тез!
Сокур кемпир таң атканча түйшөлүп чыкты. Балдырап-салдырап неберелери дагы таңга чейин уктаган эмес, сөгүп-сөздөнгөндөрүн эшитип жатып, бир аз көзү илиниптир. Иттин улуганы да угулбай калды.
Терезеден бөлмө ичине агарган жарык төгүлдү.
– Күн чыгайын деп калды…, – деди доошун чыгарып.
Үйдөн бир жан баш көтөрбөдү.
– Бүгүн дем алыш деп жаткан, козгобоюн. Уктап алышсын, антпесе сөгүп сөздөшөт. Энем деп көзүнө илбейт, сый-урмат көрсөткөн эч ким жок.
Табарсыгы жарылайын деп, заара кылгысы келсе да кемпир бүрүшүп жата берди.
Эшик катуу тарсылдады, сокур кемпир баш көтөрдү. Кайталап катуу, катуу кагылды.
– Мыкы, эшик кагылып атат!
– Баратам, ким бу!
– Биз милициядан!
Милиция дейби сокур кемпир кулагын төшөп сак-сактап калды.
– Кандайсыз, байке, силердин участковоюңар болом. Бу кишилер кылмыш иликтөө бөлүмүнөн. Суроолоруна жооп берип коёсуздарбы?
– Эмне болду, тынчылыкпы?
– Тынч эмес, байке, түндө сизге коңшу квартирада кылмыш болуптур.
– Кандай кылмыш?
– Кошунаңарды таанычу белеңер?
– Жакындан эмес, сыртынан билем. Жаш эле эрди-катын жашачу го дейм.
Келини чыкты окшойт бөлмөсүнөн:
– Эмне, кимдер? Эмне дейт?
– Милициядан экен.
– Назира, мени дааратканага жетелеп барчы, кызым, – деди кемпир келини турганын сезип.
Келини ормоюп тиктеп туруп:
– Мыкы, апаңы карачы.
– Мен азыр, эки мүнөт күтө турасызбы, жолдош милиционер?
– Эмне суроо эле, мен деле жооп берсем болобу?
Милиция формачан кишилер топурайт. Буларга кайрылган орто жаштагы чачын ак аралаган киши жарандык кийимчен эле экен. Муздак, кайдыгер көз карашы менен бир саам тиктеп туруп калып:
– Албетте, эжеке. Бери чыгып бирин-экин сурообузга жооп берип коюңузчу. Туура түшүнүңүз, биздин жумуш ушундай да. Байке менен да сүйлөшүп аларбыз, – деди.
Бешинчи кабатка киши толуп кетиптир, көбү милиция формасын кийгендер.
– Байкелеп не кыласыңар, мен жооп берем, эмне сурооң болсо да.
– Коңшу батирдеги келин киши колдуу болуптур, түнү эч нерсе биле алган жоксуңарбы?
– Йе, Кудай! Жүрөктү түшүрөсүңөр го. Биз эч нерсе билген жокпуз.
– Канчада уктадыңар эле..
– Таак, бирлерге барып жаттык окшойт. Ооба, мен сериал көрүп жатканда саат бирден өткөн, телефон карап олтуруп уктап кетипмин.
– Демек, эч нересе угулган эмес.
– Жо-ок, укпадык. Кошуналарды жакшы деле тааныбайбыз. Эртең менен кетип, кечинде келебиз да.
– Карым-катыш жокпу, мурда кийин жаңжалдашчу эмес беле күйөөсү менен?
– Ой, мен алардын мамилесин кайдан билем, өздөрүн эки-үч мерте көргөндүрмүн көрсөм.
– Эмне болду, Назира! Мен керекминби?
– Кирчи үйгө, неге керек болмок элең.
– Керексиз, байке, суроолорубуз бар сизге да.
Назира күйөөсүн ормоюп тиктеп, дубалга жөлөнүп туруп калды.
– Сиз кире берсеңиз болот үйүңүзгө.
– Күйөөм менен чогуу кирем.
Милиция макул дегендей, майкесинен челкейип ичи көрүнүп турган кишиге кайрылды:
– Силерге кошуна келин катуу сабалып, киши колдуу болуптур. Эчтеке байкаган жоксузбу, түндөсү.
– Түндөсүбү, жо-о билбедим эле.
Апам бирдеме деп атты беле деп, эстей калды. Алактап аялын караса, анысы мисирейет.
– Жолдош майор, подъездеги (улагадагы) камераны көрүп чыктык, жүрсөңүз.
– Макул анда, кечирип сурайм. Керек болсо кайрылалы, сурообузга жооп берип койсоңор.
Аялы шыкаалап ачык турган батирдин ичин караганга аракет кылды. Бирок милициялар далысы менен тосуп калышты. Күйөөсүн бир тиктеп үйүнө кирип кетти. Артынан эри кошо жөнөдү.
– Эмне болуптур, айланайын кызым? Милиция неге келиптир?
– Ой жөн эле, бизге, сизге тиешеси жок.
– Мыкы балам, тынч элеби, кагылайын.
– Тынч, тынч, апа. Чай ич!
Күйөөсүнө шыбырады:
– Сабап өлтүрүп салыптыр, аялын. Канды көрдүңбү батирдеги, союп салган эмеспи?
– Ошону көрбөй калдым, апам түндө бирөө ыйлап атат дебеди беле, эсиңде барбы?
– Мен анысын укканым жок. Ар кайсыны башын чаргыта бербей милиция сураса оозуңу жап, сокур апаңын айынан балээге калба.
Экөө күдүңдөп эле шыбырашып калышты. Кемпир кулагын төшөп, элдир-селдир укту. Менин айыман баламды каарып атат го деди дилинде.
Эшик кайра кагылды.
– Бу силердин маңдайдагы кошунаңар кайда?
– Алар Дубайга эс алып кетишиптир.
Милициялар кошуна үйдөн колуна кишен салынган бирөөнү делдектетип алып чыгып кетишти. Башына кара күрмөсүн ороп салыптыр, жүзүн көрө алышкан жок.
– Макул анда, ыракмат!
Эшикти жабылып атканда милициянын күбүрөнгөн үнү угулду.
– Дубайга эс алганын билет, дубалы тийишип турган кошунасын өлтүрүп атса иши жок.
Эшик жабылып калды. Келиндин ушундай ачуусу келип, каяша кылмакка кайра ачты:
– Эмне дедиң?
– Кошуңардын отуз жерине бычак сайылыптыр, кыйкырганын укпадыңарбы дедим?
– Отуз жеринеби?
Денеси муздап кетти, өзүнө сайып аткандай ичиркене түштү.
– Жоо, эчтеке укпаптырбыз.
Кайра эшигин жаап алды.
– Экспертизаны тергөөчүгө бергиле, кеттик жигиттер. Неңдурайын адамдар эмне болуп баратат, аялына ушунча бычак саябы, ыя!
– Айтпаңыз, айбан экен.
– Буердегилер бүт эле сокур-дүлөй болуп кеткен го. Сурасаң эчтеке укпайт, көрбөйт!
Чайды ысык ууртап алып, баласы сөгүнүп калды эле сокур кемпир шуу үшкүрдү. Жүрөгү бирдеме болгонун сезди, бирок көзү менен көрө албай көкүрөгү гана тызылдап, беймаза болуп турду.
– Балээңе шашпай ичпейсиңби, берген чайды эптеп иче албайт.
– Иий, кечир. Мына бу сокур саясатчы кыйын ээй. Ошонун сүйлөгөнүнө алаксып кетпедимби.
Колундагы планшетти аялына көрсөттү.
– Парламенттин айланасыңбы, тезирээк чайыңы ичип, таштандыны чыгарып кел!
28.08.2024, Прага шаары
