|

Орун

5/5 - (4 добуш)

(аңгеме)

Эл жык-жыйма толгон автобуска эптеп түштү. Эл менен кошо тартышып, түртүшүп акырындан жылып отуруп, ортоңку каалганын тушуна чейин сүрүлүп келди. Каалганын айнегинен кудум күзгүнүн алдында тургансып, өзүн даана көрүп турду. Автобуска улам кирип-чыккан эл жөөлөп өтөт. Ошентсе деле ордунан жылбай тура берди. Өзүнө өзү чарчап, жүдөп калгандай көрүндү. Жанааракта эле жакшына турган. Неге бир заматта мынтип калды? Же автобус толо чарчаган элди көрүп чарчап калдыбы, ким билет? Айтор, көзү үлүрөйүп, пешенесиндеги, көз алдындагы майда бырыштар даана көрүнүп, шүмүрөйүп, кичирейип кетиптир. 

“Сен дагы он жылдан кийин тээтиги эжедей болуп каласың”. Мындан жарым саат мурун ушул сөздү укпады беле? Негедир, он жылы жок эле, жарым сааттын ичинде өзүнө өзү ошол бейтааныш эжедей көрүнүп кетти. 

Жол чырак жашыл күйүп турган. 

– Жетишебизби?!

– Албетте, жетишебиз!

Экөө жарыша шыпылдап чоң жолдон өтүп баратты. 

– Сиз неге аксап атасыз?

– Оң бутум сынган да, тээ мурун, ошого аксап басам, эми байкадыңбы? 

– Мурда да бир-эки жолу байкагандай болдум эле.  

– Шашып басканда билинип калат да. Мына көрдүңбү?

Эки бутун катар коюп, көрсөттү эркек. Чын эле бир буту кыйшыйып турат.

– Оо, Кудай, көзү көрбөйт, кулагы укпайт, анысы аз келгенсип чолок да тура.

Экөө жарыктары жаңыдан жанып келе жаткан кечки калааны жаңыртып каткырды. 

– Пешенеме ат тепкен!

– Ат тепсе го мейли, эшек тепкенби дейм?!

– Мындан кийин менден эки метр артта басыңыз! 

Экөө дагы каткырды.

– Чын эле, он жылдан кийин менден эки метр артта басып каласыз го, ээ? –  деди кыз эми чындап. 

– Он жылдан кийин мен азыр кандай болсом, ушундай эле болом. Бирок он жылдан кийин сен тээтиги эжедей болуп каласың, – деди ал, аларды утурлай басып келе жаткан бейтааныш аялды көрсөтүп. Жоолугу кыйшайып, чарчап-чаалыгып араң келаткан аялды карап, кыз чочуду:

– Чын элеби?  

– Чын.

– Неге, карылык жугабы? Сизден мага жугабы?  

Эркек дагы каткырды. Кыздын ар бир сөзүнө күлө берет. Ар дайым эле ушул, алгач ыкшып күлөт да, анан олуттуу түшүндүрүп кирет. 

– Жок, жукпайт, аял киши бат карыйт да. А биз эркектер зымырайып оңой менен карыбайбыз. Бирок зымырайып жүрүп эле бир күнү кете беребиз… 

* * *

– Эже, отуруп албайсызбы? 

Ийнине бирөөнүн колу тийгендей болду. Аркасын жалт карады. Андан жашыраак бир жигит ага кайрылып аткан экен. 

– Отуруп алыңыз! – деди жигит кайталап. Арт жактагы үч орундун бирөө бош туруптур. Барып отуруп алды. Эми жанагыдан да шалпая түштү. Дале маңдайындагы каалганын айнегинен өзүн көрүп турду. Автобус жашына беш жаш кошуп ийсе, жаңелеки жигиттин “отуруп алыңыз” деп жаркылдаганы дагы беш жаш кошуп ийгенсип, он жылы жок эле жанагы бейтааныш эжедей боло түштү.

“Ай, бул жакта боюнда бар аял турат, орун берип койсоңор боло!” – деп кимдир бирөө заңкылдады. Эки-жагын карады. Бир тарабында аял, бир тарабында эркек отуруптур. Экөө тең андан улуураактай. Аргасыз ордунан турду. Автобустун тирөөчүнө сүйөнүп турган келинге карап, “кел, отуруп ал” деди жактырбай. 

Ал да ушуну эле күтүп тургансып, “шып” этип отура калды да, башын ылдый салып, телефонун чукулап кирди. “Ыракмат” деп койгонго жарабаган келинден көз албай тиктеп келатты. Жапжаш, он тогуз, жыйырмада эле болсо керек. Ичке, апакай манжалары шыпылдап, ким бирөөгө кат жазып аткансыды. 

* * *

Экөө аркы-беркини айтып бирде каткырып, бирде олуттуу сүйлөшүп баратышпады беле? Аңгыча эле эркектин телефону шыңгырап калды.

“Кайсы оорукана?”, “Кал дедиби?”, “Мейли эми, мен бир саатка жетпей барып калам”. Бат-бат сүйлөшүп телефонун өчүрдү.

– Эмне болду? 

– Боюнда бар да, билесиң. Козголуп аткан. Ооруканага барса, жаткырып коюшуптур. 

– Ии, жаман болгон тура, барыңыз эми.

– Сени үйүңө жеткирип коюп барайын, ээ? 

Эркек кыйылды.

– Жок, жок, бара бериңиз. Мен автобус менен эле кетип калам.

– Чын элеби? Таарынбайсыңбы?

– Жок, неге таарынат элем? Мени жеткирип, анан барганыңызча кеч болуп кетет… 

Чын эле таарынган жок. Аялы ооруканага жатып калса, үйдө кичинекей балдары жалгыз калса… Анын үстүнө жеткиришин каалабады. “Аялын ойлоп, санаасы тынбаса керек”, – деп ойлоду. Жол бою экөөнүн тең санаасы тынмак эмес. Бири аялын, аялынын карынындагы баласын ойлоп, бири “менин жанымда ошолорду ойлоп атат” деп, санаасы тынмак эмес. 

Автобус кылдырап бара жатты. Автобустун айнегинен өзүн дагы бир карап алды. Көзү үлүрөйүп чарчаган, чачы-башы саксайып жүдөгөн бейтааныш эже ага тигилип турду…

  • 1985-жылы 19-сентябрда туулган. Кыргыз Улуттук университетин жана Москвадагы М. Горький атындагы адабият институтун бүтүргөн.

    “Ай менен сырдашуу”, “Бейтааныш бекет” китептеринин автору. “Алтын калем”, “Жолон Мамытов”, “Чыныбай Турсунбеков” атындагы адабий сыйлыктардын ээси. КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген