Кыргызстан мекеним
Арча, кайың, карагай, чычырканак,
Ата Журттун жытына моокум канат.
Туулган жердин сөз жеткис кереметин,
Ала-Тоомду сагынып, жүрөм самап.
Биз Кыргызбыз, үрп адатын сактаган,
Улуу журтпуз, эне тилин даңктаган!
Ак ниеттүү, ак баталуу, калыс эл,
Аксакалын, энелерин барктаган.
Мекенимдин топурагы алтын да,
Береке-кут жайнап турат калкында.
Дилин-тилин ыйык тутуп сактаган,
Баасы бийик кылым кезген салтында.
Баатыры көп атак даңкын чыгарган,
Кан майданда элин коргоп сыналган.
Манас атам чачылганды чогултуп,
Миң сандаган чачкын Кыргыз куралган.
Уул-кыздар коргойт өлкө намысын,
Жаңылаган кыргызымдын тарыхын.
Мекен үчүн тикесинен тик турган,
Алып келген жеңиштердин баарысын.
Айланам тоолорунан Мекенимдин,
Касиети кетпесин эне-тилдин,
Бар бол Кыргыз, өсө бер улуу журтум,
Эч нерсеси тең келбейт чет элиңдин.

