Зинаида Гиппиус: “Алсыздык”
«Менде өлүм менен сүйүүдөн бала кезимде алган жаратым бар»,
Зинаида Гиппиус
Жээгинде турамын сугум артып,
Деңизге каректерде көлкүлдөгөн.
Тигилем түпсүз асман, көк иримге
Кургуйга кулаганга эрким жетпей.
Билбеймин күрөшөмбү, багынамбы,
Жашоого же өлүүгө жетпейт дарман.
Жалынбайм же Кудайга жанымдагы,
Сүйгүм бар, же жалындап сүйө албайм.
Мен Күнгө созсом деле колдорумду,
Көрүнөт көшөгөсү сур булуттун…
Таба албай жатат окшойм бар болгону
Ысымын өзүм билген бир чындыктын.
Которгон Бурулкан Сарыгулова
