“Жымжырттык жана жалгыздык…”
* * *
Жымжырттык жана жалгыздык,
Жылаңач эрким шыкаалайт,
Жылжыган шорун көзүмдүн,
Жүзүмө сүртүп, укалайм.
Жыйрылган дүйнөм бошоңдоп,
Чындыкты карайм күзгүдөн,
Чаңдарын жуткан бороондун,
Чачымды тарак үзгүлөйт.
Эшикти бирөө каккылап,
Эркимди бузуп салчудай,
Шаштырат сааттын жебеси,
Тузагын жайган аңчыдай.
Уйкуга эрким жашынып,
Үңкүйгөн денем сүйрөлөт,
Ооздукка көнгөн оозумдан,
Бирөөнүн ою сүйлөнөт.
