“Эстен чыгып баратасың негедир…”

5/5 - (2 добуш)

* * *

Эстен чыгып баратасың, негедир,
Күдөрүмдү кармап жүргөн карагым,
Көзүм көнгөн кабыл алып чындыкты,
Өзүм көнгөн бир сызыкта барамын.

Сага жетпес арманымдын өңү азып,
Сабын бузбас санак ченин толуктайм,
Жүрөгүмдө боштук гана болбосо,
Көңүлүмдү азыр куса оорутпайт.

Ооба, сен да эбак мени унутуп,
Камыр-жумур аралашып тагдырга,
Үйү бөтөн, жайы бөлөк бирөөнү,
Үйүп жүргөн үмүтүң да жактырбайт.

Сезим өчүп калган кезде кезикпей,
Эки жээкте жол улообуз туурадыр,
Көз алдыман элесиңди кулатып,
Көп ичинде бар болууңду сурандым.

  • Акын. Жазуучу. Кесиби боюнча биолог. Биохимия лабораторияда лаборант болуп иштейт. Саламаттыкты сактоонун отличниги. “Адабий Ордо” сайты 2026-жылы уюштурган “Жаз” темасындагы бир ыр сынагынын жеңүүчүсү.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген