Кимдерден сени сурасам

Биринчилерден баа бериңиз!

Таанышкан күндө, жүрөгүм булкуп туйлаган,
Тартынып жүрдүм – сезимдер ичке сыйбаган.
Кайда элең башта, багымда гүлдөр ачаарда,
Элиртип жанды, жалының тийип кыйнаган.

Жабыркап жүрөк жолуңду тиктеп каранам,
Кай жерден издейм, кимдерден сени сурасам?
Үмүтүм жандыр, ичимде каткан сырым бар,
Чырмалган тагдыр, ойлордон мени чыгарсаң. 

Өзүмдү тыйып, айтылчу далай сөздөрдөн,
Өзөгүм жалын бир сага болгон ойлордон.
Бүт денем сенден калсынчы деп…  Жанчылып,
Өзүңдү издейм, кайчылаш өткөн жолдордон.

  • 1977-жылы Ош облусунун Кароол айылында туулган. Поэзияга, чыгармачылыкка көптөн бери кызыгат. Ырлары көптөгөн алманахтарга, гезит-журналдарга жарыяланган. “АКТАЛ” адабий чыгармачылык бирикмесинин мүчөсү.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген