Ат-Башы

5/5 - (1 добуш)

(акро ыр)

Ак калпакчан аталардай бараандуу,
Ай чапчыган аскалардын карааны.
Аңыз кепке айландырып өлкөмдү,
Ар тараптан тоо курчаган талааны.

Торпуларда ар түркүн гул жайнаган,
Тоо этектеп жайында эл жайлаган.
Тиричилик, байгер жашоо кылууга,
Тоолук элим төрт түлүк мал айдаган.

Бар тарабы ырыс-кутка чөмүлүп,
Босогодон берекеси төгүлүп.
Баскан изи гүлгө толуп кулпуруп,
Бактылуулук көздөрүнөн көрүнүп.

Ат-Башымдын касиети башкача,
Ак мөңгүдөн келген суусу таптаза.
Ата-бабам аздектеген жерлерди,
Азаматтар карегиндей сактаса.

Шар аккан суу айыл элин кубантат,
Шибер чөбү ичип жашоо улантат.
Ширин даамы мал жандыкка жагымдуу,
Шайыр мүнөз эли жашоо улантат.

Ыймандуу эл эч бир болбой бөлүндү,
Ынтымактуу жашап, баалуу өмүрдү.
Ылгай билип ак-караны калыстап,
Ыр-күлкүгө толгон кыштак көңүлдүү.

  • 1971-жылы Ат-Башы районунда туулган. Ыр жазууга кызыгат.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген