Китеп окуган жылдыздар жана бизде жетишпеген бир жакшы салт
Бир белгилүү ырчы жаңы көйнөк кийип чыкса, эртеси анын баасы, өңү, ким тиккени, кайдан сатып алганы бүтүндөй бир жаңылыкка айланат. Ал эми ошол ырчы колуна китеп кармап, «Ушул чыгарманы окуп көргүлө» десе, ага канчалык көңүл бурабыз?
Дүйнөнүн башка жагында болсо белгилүү адамдардын китеп сунуштаганы кадимкидей чоң ишке айланыптыр. Алардын сунушу менен басмаканалар кошумча нуска чыгарып, жазуучулар жаңы окурман таап, айрым романдарды кино же сериал кылып тартууга чейин жетишүүдө. Ырчы, актёр, телеалпаруучу дегендердин айрымдары адабияттын дагы бир тирегине айлангандай.
Маселен, дүйнөгө белгилүү ырчы Дуа Липаны алалы.
Ал 2023-жылы Service95 Book Club аттуу китеп клубун ачкан. Ай сайын бир чыгарма тандап, аны окурмандарга сунуштайт. Ошол китепти жазган авторлор менен маектешип, чыгарманын жаралыш тарыхын, көтөргөн маселелерин талкуулайт. Маектерди көрүп, угууга да болот. Кыскасы, жазуучуну окурманы менен жакындан тааныштырып, адабиятка жаңы адамдарды тартып жүрөт.
Быйыл октябрь айында ал Нобель сыйлыгынын лауреаты Кадзуо Исигуронун «Клара жана Күн» романын сунуштады. Жазуучу менен маектешип, адам менен жасалма интеллекттин мамилеси, технологиянын турмушубуздагы орду тууралуу ой бөлүштү.
Мага мунун бир жагы өзгөчө жагат. Дуа Липа адабиятчы да, сынчы да эмес. Анын өзүнүн кесиби, чыгармачылыгы, чоң сахнасы бар. Ошого карабай миллиондогон күйөрмандарына китеп тууралуу айтып, дүйнөлүк жазуучулар менен теңата маек куруп отурат.
Бирок мындай демилгенин башында Дуа Липа турган жок.
Америкалык телеалпаруучу Опра Уинфри 1996-жылы өзүнүн китеп клубун негиздеген. Анын алгачкы тандоосу Жаклин Митчарддын The Deep End of the Ocean романы болгон. Басма тармагынын маалыматына караганда, чыгарманын баштапкы басылышы 100 миң нуска болсо, Опранын сунушунан кийинки мезгилде жалпы басылган нускасы 915 миңге жеткен.
Ойлоп көрсөңүз, бир адамдын китеп тууралуу айтканы канчалаган окурманды китеп дүкөнүнө жетелеген!
Мындан да кызыгы – америкалык актриса Риз Уизерспундун иши.
Ал 2017-жылы Reese’s Book Club клубун ачып, аял жазуучулардын чыгармаларын кеңири тааныта баштаган. Анын сунушу айрым китептердин сатылышына олуттуу таасир эткен. Маселен, Жасмин Гильоринин The Proposal романынын жумалык сатуусу клубга тандалгандан кийин болжол менен 2900 нускадан 7700гө чейин өскөн.
Бирок Риз муну менен эле чектелген эмес.
Анын Hello Sunshine продюсердик компаниясы адабий чыгармаларды экрандаштыруу ишине да киришкен. Китептердин кино жана телеберүү укуктарын алып, башка продюсерлер, студиялар жана стриминг платформалары менен кызматташат.
Делия Оуэнстин Where the Crawdads Sing романы 2018-жылы Риздин китеп клубуна тандалып, 2022-жылы көркөм тасма болуп чыккан. Басмакананын маалыматы боюнча, фильм жарык көрөр алдындагы мезгилге чейин романдын 12 миллиондон ашуун нускасы сатылган.
Тейлор Женкинс Риддин Daisy Jones & The Six романы 2019-жылы клубга тандалган. 2023-жылы анын негизинде тартылган сериал Prime Video платформасында көрсөтүлдү. Лора Дэйвдин The Last Thing He Told Me чыгармасы болсо Apple TV үчүн сериалга айланды.
2025-жылдын декабрында Netflix Эмили Гиффиндин All We Ever Wanted романын экрандаштыруу укугун сатып алганын жарыялады. Аны сериалга айлантуу ишине катышкан компаниялардын арасында Hello Sunshine да бар.
Албетте, мунун баарын бир гана китеп клубунун эмгеги деп айтууга болбойт. Ар бир ийгиликтин артында жазуучунун өзү, басмакана, адабий агент, продюсер, режиссёр жана дагы далай адамдын мээнети турат. Ошондой эле Дуа Липанын китеп таанытуу иши менен Риз Уизерспундун кино өндүрүшүнө катышкан ишин айырмалап түшүнгөн оң.
Бирок эки учурда тең белгилүү адам өзүнүн таасирин адабияттын пайдасына жумшап жатат. Мына ушунусу баалуу.
Ушундай иштерди көргөн сайын биздин коом тууралуу да ойлоном.
Кыргызстанда китеп клубдары жок эмес. Китеп окуган, авторлор менен жолугушуу уюштурган, жаштарды адабиятка кызыктырган жакшы адамдар бар. Алардын эмгегин эч ким жокко чыгара албайт. Бирок ошол демилгелерибиз эмнеге кеңири коомдук кыймылга, андан ары чыгармачылык өнөр жайына айлана албай жатат?
Бизде деле эл сүйгөн ырчылар, актёрлор, телеалпаруучулар, блогерлер көп. Алардын айтканына кулак төшөгөн, жасаганын көрүп кызыккан миңдеген адамдар бар. Бирок ошол таасирдин канчасы китепке, театрга, адабиятка жумшалып жатат?
Ырас, баары эле китеп сунуштоого милдеттүү эмес. Анын үстүнө бир адам атактуу экен деп, адабиятты сөзсүз мыкты түшүнөт деген да туура болбойт. Бирок чын дилден окуган, өзү жактырган чыгармасын окурмандарына тааныштырган белгилүү адамдар көбөйсө, андан ким утулат?
Биз сөздүн наркын, өнөрдүн баркын билген элбиз. Манас угуп, дастан айтып, санжыра сактап келген журтпуз. Кечээ эле айылдагы улуу кишинин бир ооз кебин угуу үчүн жаш-кары чогулуп отурчу. Эми ошондой отуруштарда көркөм чыгарма тууралуу сүйлөшүүгө да эмнеге орун таппаска?
«Көп түкүрсө — көл» деген ушул жерде жарашат.
Маселен, белгилүү актёр ай сайын бир кыргыз романын тандап, окурмандар менен талкууласа; ырчылар, журналисттер жаш жазуучулардын чыгармаларын таанытса; басмаканалар менен продюсерлер ошол китептердин арасынан экрандаштырууга ылайыктууларын караштыра баштаса, бара-бара башкача чөйрө түзүлмөк.
Бирок мында куру сунуш менен эле иш бүтпөйт. Адабияттын да өз түйшүгү бар. Жазуучунун автордук укугу корголушу, эмгегине татыктуу акы төлөнүшү, басмаканалар менен кино өндүрүүчүлөрдүн ортосунда ишенимдүү кызматташтык түзүлүшү керек. Китепти кино кылуу үчүн чыгарманын атын атаган аздык кылат. Сценарий жазылат, укуктар боюнча келишим түзүлөт, каражат табылат, чыгармачыл топ иштейт.
Дүйнөдө китеп клубдарынын айланасында ушундай иштер жүрүп жатканы кызык. А бизде кээде жазуучуну сыйлап, сахнага чакырып, гүл берип узатып койгонубуз менен иш бүтүп калгандай сезилет.
Чыгармачыл адамга жылуу сөз да керек. Бирок анын китеби сатылып, эмгеги окулуп, чыгармасы башка тилдерге которулуп, мүмкүн болсо тасмага айланып жатса, андан артык колдоо болобу?
«Өнөрлүү өлбөйт» дейт элибиз. Анткен менен өнөр ээсинин баркын көзү тирүүсүндө билип, эмгегине жол ачкан да жакшы эмеспи.
Мен муну жазып жатып, баарыбыз сөзсүз китеп клубун ачалы дегенден алысмын. Болгону адабиятты сүйүү жеке адамдын эрмеги менен гана чектелбей, коомго пайдасы тийген чоң ишке айланса дейм.
Дуа Липа китеп жөнүндө сүйлөйт. Опра Уинфри окурмандарды бириктирет. Риз Уизерспун айрым чыгармалардын киного айланышына көмөктөшөт. Ар кимиси өз колунан келген ишин жасап жатат.
Бизде болсо жаңы китебин көтөрүп алып, аны окурманга кантип жеткирерин билбей жүргөн таланттуу адамдар аз эмес.
Балким, бизге дагы бир атактуу адам эмес, колундагы мүмкүнчүлүгүн адабиятка да жумшай билген адамдар көбүрөөк керектир.

Абдан жакшы сунуштар экен. Болгону, менимче бул жерде бир алкак коюш керек: 1) Көркөм адабият гана талкууланышы керек. Болбосо динчилдер, саясатчылвр ж.б. каптап кетет
2) Талкуулана турган китепти алып чыга турган кишинин табити жакшы болушу керек. Болбосо көрүнгөн халтураны алып чыга берсе пайдасынан зыяны көп болот.