Чыңгыз дүйнө
Тээ алыстан дүбүрт салып Гүлсарат,
Жер Эне да Толгонайга үн салат.
Саманчынын жолун карап Жамийла,
Даниярга бүткөн өңдүү ыр канат.
Тирүүлүктү улантууга Бугу Эне,
Бешик алып адамзатка баратат.
Узун түндүн кучагында Сейде да,
Ысмайылын күтүү менен таң атат.
Ак жаан менен аралышып асмандан,
Үнү угулат эрте келген турнанын.
Долон ашып бара жатып Илияз,
Ырдайт мукам Аселге арнап ырларын.
Султанмурат Мырзагүлгө кат жазып,
Иничегин кат берүүгө жөнөтөт.
Дөбөчөдө урап калган там ичи,
Дүйшөн анда тамгаларын үйрөтөт.
Алтынайы тээ алыста эрбейип,
Түшкөн өңдүү турмуш менен жарышка.
Жылт эткен бир үмүт менен илгери,
Ташкент көздөй жөнөйт билим алышка.
Суугуна, бороонуна карабай,
Кичинекей мектебинде уядай.
Сырт дүйнөгө саякатын жүргүзөт,
Инкамал да, бар билимин аябай.
Күн, Жер, Айды кучагына батырып,
Терең ойлор, терең сырлар катылып.
Тоо арасын жойлоп жүрөт Акбара,
Бөлтүрүгүн тоо бооруна жашырып.
Жана дагы бир күн кылым карыткан,
Эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан.
Каармандары карт тарыхта Чыңгыздын,
Бүт ааламга Кыргыз элин тааныткан.
Дүйнө эли дүңгүрөп таң калышкан.
Жүз элүүдөн ашык тилди багынткан.
Чыңгыз аалам – ал кылымдын үндөшү,
Эл сыймыгы, ал Чыңгыздын дүйнөсү.
