Ата-эне
Кандай жаман ата-энени сагынуу,
Бөлүп турат эки дүйнө айрылуу.
Силер барда көңүл токтон кампайып,
Жүргөн экем айрылбастай бактылуу.
Ата-эненин баары кандай керемет,
Үйгө барсам мээрим турчу себелеп.
Азыр гана ордунар бош аңгырап,
Үшүп кетем таппай силерди ичиркеп.
Ата-энени көзү барда сыйлагын,
Баары алардын кубат болот барктагын.
Ал учурда арнабасам эч нерсе,
Азыр эми арнар кезде таппадым.
Ичим күйүп кээде өрткө малынам,
Сый-урматты көрөр кезде ажырагам.
Анан кантип барыңарда баркың сезбей,
Жогуңарда эмне арнасам деп талпынам.
Ата-эне – алдарынын тиреги,
Бергенсинер күчтүү ушул билекти.
Силер салган жолду улап келемин,
Сагынычта ата-эне силерди.
