|

“55 сөз” сынагынын жеңүүчүлөрү аталып, сыйлыктар тапшырылды

5/5 - (6 добуш)

31-октябрда Ж. Бөкөнбаев атындагы №18 китепканада “Адабий Ордо” сайты уюштурган “55 сөз” сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшыруу жана сынактык чыгармалардан куралган “55 сөз” китебинин таанытымы өттү.

Калыстардын чечими боюнча:

1-орунга “Марусянын наны” чыгармасы менен Бактыкан Ажымаматова,

2-орунга “Арман” чыгармасы менен Нурайым Шаршенбаева,

3-орунга “Аян” чыгармасы менен Кулмат Тукеналиев татыды.

Калыстар чечимди чыгармалардын жарыяланган ирет номуру боюнча гана кабыл алышкан, б.а. алар сынакка катышкан чыгармалардын авторлору ким экенин билбей туруп добуш беришкен.

Айта кетсек, калыстар тобун төмөнкү белгилүү акын-жазуучулар жана адабиятчылар түздү:

  • Элмира Ажыканова (калыстардын төрайымы);
  • Жолдош Турдубаев;
  • Рахат Аманова;
  • Мезгил Исатов;
  • Махабат Саидрахманова;
  • Кыял Тажиева.

Жеңүүчүлөрдүн ар бирине тийиштүү дипломдор жана кайрадан чыга баштаган “Ала-Тоо” журналынын акыркы 6 санынан бирден даана тапшырылды. Муну менен катар, ар бир жеңүүчү 1 жыл аралыгында чыгармаларын сайтка каалаган санда жана көлөмдө акысыз жарыялоо укугуна ээ болду.

1-орунга татыган Бактыкан Ажымаматова Манас шаарынан келе албады.

“Адабий Ордо” сайтынын редакциясы өз атынан сынакка катышкан дагы 2 авторду өзгөчө белгилеп, аларга 3 ай аралыгында чыгармаларын сайтка каалаган санда жана көлөмдө акысыз жарыялоо укугун берген сертификаттарды тапшырды. Ошондой эле аларга да “Ала-Тоо” журналынын 6 саны тапшырылды.

Айгул Молдокулова “Төлгөчү” чыгармасы менен;

Назгүл Апышева “Тилек” чыгармасы менен.

Редакциянын сыйлыгына татыган Назгүл Апышевага тийиштүү сертификат тапшырылууда.

Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө сынактык чыгармалардан турган “55 сөз” китебинин бет ачары болду. Сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинин кечеңдегени да ушул китепти чыгарууга байланыштуу болду. Бул китеп сынакка катышкандардын эсебинен басылып чыгып, ар бир авторго 25 даанадан тапшырылды. Авторлорго, редакция мүчөлөрүнө, калыстар тобуна жана иш-чаранын конокторуна бир даанадан таратылгандан калган китептер китепканаларга берилмекчи. Китеп сатыкка чыкпайт.

Китептерди авторлорго тапшыруу жүрүп жатат. Ар бир пакетте 25тен китеп.

Иш чаранын жүрүшүндө алгачкы 5 китеп иш-чаранын өткөрүлүшүнө чоң көмөк көрсөткөн Ж. Бөкөнбаев атындагы № 18 китепканага тапшырылды.

№18 китепкананын жетекчиси Эркин Таабалдиева китепканага берилген 5 китеп менен.

Бул эмгек “Адабий Ордо” сайтынын алгачкы китеп чыгаруу демилгеси болду.

Сынакка катышкан чыгармалар жана алардын авторлору ирети менен:

Чыгарманын номуруАтылышыАвтору
1Баккан мал боор эт менен теңАбийрбек Абыкаев
2Акча эмнени кылбайтАбийрбек Абыкаев
3Ээсине караганда ити…Абийрбек Абыкаев
4Ээн калган аялдамаМаксатгүл Жанузакова
5Куйкасы куруштуЖолдошбай Осмонов
6Издеткен түнЖолдошбай Осмонов
7ТаарынычАйгүл Тоголокова
8БалапанНарынкан Кулжыгачова
9Адам-итЖылдыз Медералиева
10ДалилдеймМаксатгүл Жанузакова
11Бирөөнүн ырыскысыГүлдана Камбарова
12СандыкБактыкан Ажымаматова
13ПальтоБактыкан Ажымаматова
14КүнНазгүл Апышева
15ТөлгөчүАйгүл Молдокулова (редакциянын сыйлыгы)
16БакытАйгүл Молдокулова
17Кайран үмүтАйгүл Молдокулова
18Жездем өз атам экенУрулкан Токтомбетова
19КыялЧынара Аймакиева
20Марусянын наныБактыкан Ажымаматова (1-орун)
21ЭнекемНургүл Долоева
22Чогуу барууЭркингүл Акунова
23АрманНурайым Шаршенбаева (2-орун)
24Сүйүү – “Сулуулук”Нурайым Шаршенбаева
25ФронтовикРизван Исмаилова
26Ачуу-азгырыкРизван Исмаилова
27ТүгөйКулмат Тукеналиев
28Мажүрүм талКулмат Тукеналиев
29АянКулмат Тукеналиев (3-орун)
30ӨкүнүүНазгүл Апышева
31ЧөпКенже Жапарова
32ТекшерүүНарынбек Жамангулов
33БелекНургүл Назарбекова
34ТилекНазгүл Апышева (редакциянын сыйлыгы)
35Таш кызыгыАшурби Кулишева
36Эски очоктун күлүАшурби Кулишева
Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген