Кызжибек

Биринчилерден баа бериңиз!

Кызжибек деген атыңдан,
Кырк өрүм кундуз чачыңдан,
Кылыгың жанга жагымдуу,
Кызга бир бүтпөс затыңдан.
Кыргызда чыкпас сенчелик,
Кызыл гул сенсиң ачылган.

Өзүңсүң кыздын жибеги,
Өзүңсүң кыздын чүрөгү.
Өзүңө даап баралбай,
Өрттөнгөн жигит жүрөгү.
Өзгөгө ыраа көрбөгөн,
Өзүңсүң жүрөк тилеги.

Тиктесем көзүм канбады,
Тиктөөдөн көзүм талбады.
Алчадай мөлтүр көздөрүң,
Арбаган сайын арбады,
Аячы мени, сулуу-деп,
Айтуудан арга калбады.

Кыялкеч тура жашчылык,
Кыялга кээде мас кылып.
Болумсуз кылат ишиңди,
Болбогон жерден шаштырып,
Кеп айтсам сага сүйөм, – деп,
Кебимдин укпай аягын,
Кетеби деймин шарт туруп.

Сезсеңчи көңүл санаасын,
Сен гана ага дабасын.
Билинбей улам көңүлдү,
Бир өзүң ээлеп барасың,
Капыстан калсаң жолугуп,
Кабынан ыргып кетчүдөй,
Каккылап жүрөк канатын.

Кыйын да болсо түтөйүн,
Кылым да болсо күтөйүн.
Үлпүлдөп турса биликтей,
Үмүтүм кантип үзөйүн.
Тартынсам деле болбостон,
Талпынат жүрөк кайра эле,
Тапкандай чындап түгөйүн.

Сүйүү бар деген чын беле,
Сүйүүгө баары кул беле.
Чыдабай жүрөк сыздаткан,
Чын сүйүү деген шул беле.
Экөө тең бирдей сүйбөсө,
Эңсешип отко күйбөсө,
Аягы барып муң беле.

Күн жылат түнгө жалгашып,
Үмүткө жаным алдатып.
Эзилип жүрөм санаада,
Элесиң менен арбашып.
Сүйүүмдү сунган колума,
Сүйүүңдү сунуу ордуна,
Кетпечи чокту карматып.

  • КР Журналисттер кошуунунун мүчөсү.

    Жаш кезинен поэзия, проза жаатында алектенип келет. Республикалык жана эл аралык сынактардан жеңүүчүсү.

    Авторго колдоо көрсөткүсү келгендер үчүн:

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген