Мен аялмын

3/5 - (5 добуш)

Тыптынч ойлуу, кооз созулган ариет,
көл жээгинде, майда толкун ойногон.
Улан улуп келсе дагы төш тосуп,
алдан тайып, майтарылып койбогон.

Мен аялмын…
күн желеси, мээрим болуп төгүлгөн,
ай асманда, жылдыз жанып көрүнгөн.
Булут каптап келсе дагы дүйнөмдү,
алсыз болуп башым ийип сөгүлбөйм.

Мен аялмын…
назик көркөм жаркыраган жаздагы,
орто жаштын кырын ашкан жаштагы.
чалынбаймын, канча чалып жыкса да,
көктөй берем бүчүр байлап бактагы.

Мен аялмын…
түркүн түстүү, боёкторду тандаган,
жаштыгымды, бульварында жандаган.
Кош айтышып, кетсе дагы көп мезгил,
сезимдердин ыйыктыгын  сактаган.

Мен аялмын ошол үчүн кубанам…
сыймыктанам, суктан сен да бүт аалам…

Кайыр Жазы. Москва.

  • 1970-жылы төрөлгөн. Акын, жазуучу, котормочу. Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү, Россия Федерациясынын Москва областынын Жазуучулар Союзунун мүчөсү. “АКТАЛ” адабий чыгармачылык бирикмесинин негиздөөчүсү, “Рух-Бейне” Эл аралык чыгармачыл академиясынын президенти, Россия Федерациясынын “Эл аралык Заманбап Маданий” академиясынын академиги, «Манас» Улуттук Мамлекеттик мекемесинин  “Манас” таануучулар кошуунунун мүчөсү.

    “Турмуш барактары” проза жана “Лира Балы”, “Эгиз элден – эгиз кайрык”, “Махабат Мунарасы”, “Сүйүү-Цунами” поэтикалык китептеринин автору.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген