Ачылган көз

3.5/5 - (2 добуш)

(аңгеме)

Класстын бурчунда бүкүрөйүп жер тиктеп олтурган баланы эжейи:

– Саид, тур, кете берчи! Сенин сасык жытыңдан класска кирип болбой калды. Мага десе эки-үч күн келбесең да мейли. Көөнүм айнып жатат. Бар, тезирээк чыгып кет! – деп классташтарынын көзүнчө класстан кууп жиберди. Саид үйүндө эң уулусу. Андан кийинки иниси Жамалбек майып болуп туулган. Басалбайт. Саид акылын таанып, жамбашын жерден көтөргөндөн бери инисин күндүзү тоюндуруу, сийдик кийимдерин алмаштырууну өз мойнуна алган. Апасы болсо төрт баланы багам деп, таң заардан керели кечке, базар кыдырып коржик сатат. Тиричиликти эптеп өткөрүү менен убара. Кечинде үйгө бутун араң сүдүрөп келет… Атасы болсо мындан алты жыл илгери арактын айынан оо дүйнөгө аттанган. 

Ал гана эмес, калган инилерин кароо, апасы келгиче кара казанды эптеп кайнатып туруу да ушул чыпалактай болгон 7-класста окуган Саиддин желкесине илинген. Чоңойуп калгангабы, же башкагабы, айтор, эжекейинин бул сапаркы “сасык жытың” деген сөзүнө бүгүн Саид калааты болуп кетти. Буга чейин ушул бетинде бир мээрими жок, мерез эжейден бул сөздү далай жолу эшиткен. Дегениң менен жан дүйнөсү бүгүнкүдөй жанчылган эмес. А тургай кошуна болгону менен күндө-күн алыс домкомго арызданган. Үстүңкү кабаттагы аял апасы экөөсүн кошуп, “Сасыктар, кеткиле бул жерден!” – деп каргап-шилегенде да мынчалык жүрөгү ооруган эмес. Бүт дүйнөсү карарып чыкты. Мектептен кайтып келе жатып кең ааламга батпай калды. Негедир бакырып-бакырып, өңгүрөп ыйлагысы келди. Баарына кол шилтеп алыс-алыс жакка качып кеткиси келди. Анын бул жолунан Саид келгиче коляскада бир нече жолу шымына көлдөтүп, көгөрүп, үшүп отурган Жамалбектин базылдаган көздөрү, “ака-а-а, ака наан, кайды-ым ачты” деген сакоолонуп сүйлөгөн сөздөрү тосуп турду…

– Ырахмат. Операциянын акчасын төлөпсүздөр. Сизди биздин эң ишенген, жаш анан калса, келечегинен көптү үмүттөндүргөн врачыбыз операция кылат. Буйруса эртең эки жылдан бери көрбөгөн көздөрүңүз ачылат. Баары жакшы болот, – деп мээрман эже, палатада беш күндөн бери операция күткөн аялды желкесин таптап чыгып кетти.

– О-о, Кудайым, о-о, Жараткан, Өзүң мени кечир. Дартыма дабаа бер. Көзүмдүн ачылышы сенин гана колуңда. Өзүңдөн башка эч ким жок. Жаңылдымбы, жаздымбы, адаштымбы, ката кетирдимби кечире көр! Ырайымдуулардын ырайымдуусу өзүң кечир! – деп операция болордон бир күн мурда таң аткыча кудайга чын ыкластан, ишенген тагдырда дуба кылып чыкты жанагы аял. Оо, мындай көз жашын көлдөтүп, жалынуу-жалбаруунун канча күнүн, эчендеген түнүн өткөрдү дейсиң бул катын акыркы мезгилдери.

Ата-энесинин, кийин күйөөсүнүн табышы күчтүгүнөн эзели эңкейип жерден бир нерсе алган эмес эле бул айым…. Ал турсун урук-туугандарын деле теңине албайт эле. Бирөөнү кыйшык, экинчисин кер, дагы бирин сасык деп мурдун чүйрүчү… Ошентип мойну гана эмес манжаларынын дээрлик бардыгы алтын шакекке толгон Алтынай айым, “жылан чакпай, жылкы теппей” дегендей капыстан эле ишинде олтуруп көзү көрбөй калган. Андан бери көздүн дартынан барбаган жери, такылдатпаган эшиги калбады.

Эми минтип жараткандын жазмышы аны кошуна өлкөдөгү күчтүү клиникалардын бирине жетелеп келип олтурат.

Эрте мененки саат тогузда башталган операция беш саатка созулду. Баары ойдогудай болгонун айтышты ак халатчандар. Дегениң менен арадан беш күн өтсө да көзүндөгү таңуусун чечишпеди. Бул арада аялдын башына не деген жаман да, жакшы да ойлор келбеди дейсиң. Такыр убакыт жылбай койду. Ал көзүн операция кылган врачтын иш сапарынан сак-саламат тынч, анан тезирээк келишин кудайдан аябай тиледи. Өтүндү, суранды. Жалынды-жалбарды. Алтынчы күн дегенде аялдын көзүнүн таңуусун чечишти.

Жарыктык, кандай керемет! Жарыктык не деген немат, баасы жок байлык, айтып бүткүс бактылуулук. Жарыктык, жарыктык… Оо, кудретиңден айланайын, кудай, мага ушул жарыктык нематыңды кайрадан бергениңе чексиз, ченемсиз шүгүр.

Көзү ачылгандан кийин аялдын тилине, дилине, кыялына келген алгачкы ойлор ушулар болду. Анан анын мандайында узун бойлуу кашы кара, чачы коюу, ак халатчан жигит маска тагынып турганын көрдү. Ушул дарыгер анын жарыктыкты кайрадан көрүүсүнө себепчи болгонун түшүндү. Жигитке жан дили менен ыраазычылык айтууга камынды. Так ошол мезгилде эми эле операциядан чыккан көздөрү врач жигиттин көзүнө чагылыша түштү. Тааныш көздөр. Кай жерде, качан учурашкан эле бул көздөр. Ким эле бул жигит?… Аялдын башын заматта ушундай жоопсуз суроолор айлантып чыкты. Эстегиси келди, куп аракет кылды, маңдайындагы турган көздөрдү таанууга. А бирок, такыр таппай койду. Аңгыча жаш дарыгер:

– Баары жайында, эжеке. Буйруса эртең сизге жооп беребиз. Оорубаңыз, – деп жылуу коштошуп палатадан чыгып кетти.

– Эжеке деген сөздү уккандан кийин гана эсине түштү. Бул көздөр кимдики экендиги. Ой акмак, текебер, уяты жок! Тааныбадың ээ! Акмаксың! Бул ошол сен убагында “Сийдик жыттанасың. Сасыйсың, менин сабагыма кирбе! Сен классты сасытпай сыртта эле ойночу! Көрөргө көзүм жок”, – деп класстан кууп жүргөн Саид да. Ооба, ооба ошол бала. Сенин ошол кезде чындап эле көрөргө көзүң жок эле. Сокур элең. Мына эми чындап көзүң ачылды”, – деген ойлор эжекенин жан дүйнөсүндө жаңырып жатты. Аны эки жылдан бери эми гана жарыктык менен саламдашкан көздөрүнөн мончок-мончок жаштар акты. Шолоктоп ыйлап жатты. Бул ый эжекенин жаратканды таануу, анын кудретине тан берип, ыраазылык айтуу, текеберлигиндеги кылган күнөөлөрүн кечирүүнү чын ыкластан сурануу, үмүт кылуу ыйы болчу…

  • Журналист, жазуучу. 1976-жылы туулган. 1997-жылдан бери медиа тармагында эмгектенип келет. “Таасирет”, “Шоктугунан коркпо”, “Салыштырба, сындырасың”  аттуу китептердин автору.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген