|

Апакемдин шырдагы

5/5 - (3 добуш)

Көз жоосун алган көргөндүн,
Көрктөнткөн ичин өргөөмдүн,
Көзүмө бүгүн тартылат
Шырдагын апам берген күн.

Алчудай жолдо жоготуп,
Кынаптап тыкан оротуп,
Жасаган ушул шырдакты
Көзүнүн майын коротуп,

Көз жоосун алып оюсу,
Таң калган көрүп орусу.
Бир бөлмө батир үй ичин
Көрктөнтүп ийген болучу.

Көп жылдар болгон салганым,
Тазалап, күбүп чаңдарын.
Керемет шырдак үстүндө
Керилип өстү балдарым.

Каргаша келип күтпөгөн,
Кайышып бүгүн бүт денем,
Апамдын көрүп шырдагын
Басалбай турдум бут менен.

Төшөбөй жерге кор кылып,
Четтерин түзөп кердирип,
Апамдан калган белекти
Тушума койдум илдирип.

2016-ж.

  • Акын, жазуучу, журналист. 1967-жылы Нарын облусунун Жерге-Тал айылында туулган.

    “Атам жөнүндө дастан”, “Өмүрдөн өрүлгөн ыргактар”, “Бир аяк жол”, балдарга арналган “Менин энем космонавт” аттуу ырлар жыйнагынын жана бир нече аңгемелер жыйнагынын автору. 10дон ашуун илимий-документалдуу китептердин түзүүчүсү, автору, редактору.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген