Б. га
1.
Кардан тажап, жүдөгөндө бир кыштан,
үшүп калган үмүт менен, жаз алдын,
жүрөк менен кырсыктаган, тумчуккан,
сага шашпай санаа катын жазармын…
Ошол катта ирети жок, чаржайыт,
ойлор болот опурталдуу, оорулуу,
өмүр турат ак баракта саргайып,
турат анан туш-тушту айтып жол ыры…
Аясаң да, аяганың билдирбей,
катты калыс, иргеп, калпып окугун:
Ыргай берип оңго-солго шум дүйнө,
ырдай албай калбадымбы От ырын…
Бир кулпуруп, бирде каарып, булкунуп,
барга-жокко төшөйт өмүр, төшөлөт.
Өрт го өчтү, жан жагымды күл кылып,
жүрөгүмдөн өрттүн тагы өчө элек.
Бир табылып, бир таарынып, бир сынып,
жашагандан чарчайт экен жан деле…
Уулуу сүйүүм уулуу тилден тумчугуп,
өзү өлүп, аты таза калды эле…
Билип туруп, ак да, көк да дебедим,
башым баалап жаткан кезде баарылап.
Сен да издебе, иликтебе себебин,
жамандыкка дайым себеп табылат.
Мен тууралуу жаман-жакшы кеп жүрсө,
ырым менен кайра өзүмдү калкала.
Кимдир бирөө ысымымды кеч билсе,
ырдан билсин, ырым айтат, айта алат!
Көп нерсени байкабаган, байкаган,
жүрөгүңдү этияттап термеп жүр.
Мен картайган ойлорду эми кайтарам,
сен кашкайган ойлоруңду эр жеткир!
2.
Кандай тайкы, шордуу биздин бешене,
кара тумоо баскан кылым буйруган…
Сен дүйнөнү кир деп айттың тез эле,
кантип анын кара ылайын тундурам?
Көңүл чаппайт жаңыга да, эскиге,
биз эле эмес, доор ушундай ыргылжың.
Сен жашоону калтырасың кечкиге,
мен жашоону арткы орунга жылдырдым.
Бир китепте, балким биздин тагдырлар,
ысымыбыз турат, балким бир бетте…
Сен шөмтүрөп – мага жааган жамгырдан,
мен кирдедим, сени бирөө кирдетсе…
Күйсөм күйдүм көрөңгөсү бош ырга,
акка агарып, карарганга карардым.
Жолдор болду жок жеринен кошулган,
болбогонго болушпадым, каралдым…
Көп нерсени байкабаган, байкаган,
жүрөгүңдү этияттап термеп жүр.
Мен картайган ойлорумду кайтарам,
сен кашкайган ойлорду эми эр жеткир!
3.
Бир бетинде Күндүн күмүш нурлары,
бир бетинде жашоо тозот топурап…
Балким катым өзүмө өзүм тууралуу,
окуй алган жанга гана окулат.
Аясаң да, аяганың билдирбей,
катты калыс, иргеп, калпып окугун:
Ыргай берип оңго-солго шум дүйнө,
ырдай албай калбадымбы От ырын…
Жүрөгүнүн жүзүн жаап алгандар,
жүрөгүмдү жүз жеринен сыйрышты.
Көнбөгөн жан көзү бузук жалганга,
көтөрө албай өтөт экен чындыкты!
Сууга чөккөн, отко күйгөн өлүмдүн,
өзүн көрдүм, көздөрүн да көп көрдүм.
Канаттарым катпай туруп сөгүлдү,
адаттарым калыптанбай өзгөрдүм.
Сүйүүгө да, жаштыкка да жанкечти,
жетпей калды убакыт да, күч дагы.
Жакшылыктар жанып-жанбай жалп өчтү,
жамандыктар жамандыкка туштады.
Мени акыры сындыра алды мөл өмүр,
кунун алды толгону үчүн, кеми үчүн.
Мен үчүн да мезгил өңүн көрө жүр,
жаңы баскан дүйнөнү сүй мен үчүн!
Көп нерсени байкабаган, байкаган,
жүрөгүңдү бир күн дүйнө термейттир.
Мен картайган ойлорумду кайтарам,
сен кашкайган ойлоруңду эр жеткир!
Чырпыктайым, качандыр бир жаз алдын,
сага шашпай санаа катын жазармын…
