|

Булут сүйүү

4/5 - (4 добуш)

Көздөрүң көздөрүмө чагылышып,
Кездештик капыс жерден…
жаңылышып.
Бир кыйла мезгил өтүп арабыздан,
Биз азыр калыптырбыз сагынышып.

Калдык деп кай себептен кабылышып,
Каректер улам кетет кагылышып.
Сезимде ал ансайын жалын ойнойт,
Сен жакка алып учуп…
жанып-ысып.

Сапырып жандүйнөмдү буюктурдуң,
Санаамдын баарын-баарын унуттурдуң.
Ашыкча мындай кезде сөздүн өзү,
Ансыз да не дээримди туюп турдуң.

…Башында Теңир сага жолуктурду,
Мас кылып махабатка, оолуктурду.
Кечиктиң деген өңдүү… бирок азыр,
Башыңда жоолук турду…
жоолук турду.

Ажарың турат эсте күлүңдөгөн,
Ал кезде мен өзүңдү гүлүм дегем.
А сенин эсиңдеби айткан сөзүң:
“Ай эмес, Айдан жарык Күнүм!” – деген.

…Билемин, неге үнсүз угуп турдуң,
Билемин, неге мынча улутундуң.
Азыр мен Айың эмес, Күнүң эмес,
Ай-Күндүн бетин тоскон булутуңмун.

Сөз айтпай, сөз сүйлөбөй дымып турдуң,
Сезимди неге мынча думуктурдуң?!
Азыр мен кусалыктын шамалы айдап,
Көзүңө жаш толтурган бултуңмун.

Булутуңмун,
улутундуң,
унутулдум…

Автор

  • Акын жана манасчы. 1975-жылы Ош облусуна караштуу Жээренчи айылында туулган. Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген