|

“Дагы бир жазды өткөрдүм жалгыз, келбеди…”

5/5 - (2 добуш)

* * *

Дагы бир жазды өткөрдүм жалгыз, келбеди.
Кулпурган гүлзар гүлдөгөн сайын жоктодум.
Адырдан аяр кызгалдак терип бербеди,
Алыстан жолун акмалап карап тосподум.

Сен берчү гүлгө алардын миңин теңебейм,
Кечиксең дагы табылсаң эле болгону.
Кезикчү убак келгендей эле көрүнөт,
Кайда алып кетти тагдырдын татаал жолдору?

Адашып балким, башканы сүйүп жүрбөгүн,
Азабын тартып махабат салган күйүттүн?
Азоо ат өңдүү ээликкен сезим алоолоп,
Сени да кыйнап, түйшөлттү бекен күнү-түн…

Адашып мен да башканы сүйүп алыпмын,
Өрттөдүм нечен ырларды бекер жазыпмын.
Окшотуп сага окшобос такыр бирөөнү,
Кайсалап жүрүп жолумда жаза басыпмын.

Билип кой, бирок арналчу жалгыз өзүңө
Сүйүүмдүн күчү бөксөрүп, кемип калган жок.
Атургай дагы үйрөндүм сени сүйүүгө
Өзүңдү дегдеп күтүүдөн көзүм талган жок.

Кастарлап багып, атайын сага белендеп
Сүйүүмдү таптап, өзүңдү издеп келемин.
Сен келген күнү капилет “жарк” деп туш тарап
Зарыгып күндө күткөнүм айтып берермин.

Өзүңө арнап берметин сөздүн терермин,
Ашыгып сага арналып толук келермин.
Теңирдин жана жалгыз бир сенин алдыңда
Ак болуу үчүн ак куунун антын берермин!

Автор

  • Өмүрлүк вазипам адабиятка байланыштуу. Кесибим кыргыз тил, адабият мугалими. Менчик мектепте иштейм. Андан тышкары корректура, редактура иштерин аткарам. Аспирантуранын 3-күрсунда окуп жатам.

    Колдоо көрсөткүсү келгендерге:

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген