“Дүйнөнүн башы бүтүн, түбү тешик…”
* * *
Дүйнөнүн башы бүтүн, түбү тешик,
баш-түбүн бирдей таанып, талдаш кыйын.
Ким эски эрежени бузуп өтүп,
жалгашпай турган жерди жалгаштырды?…
Бирде кар, бирде бороон, бирде туман,
жашоодо жарык шоола бары күмөн…
Балким, мен бул дүйнөнү тээ башынан,
туура эмес билип, талдап, таанып жүрөм…
Ийреңдеп араң жылат Жер огунда,
ириңге толот улам Жердин бети…
Бул дүйнө жобураган жомогумду,
жер менен жексен кылып тегиздеди.
Жашоону мындан ары кантип жашап,
жашытпай кантип сүйүп кетем, билбейм…
Кайра эле өзүм менен каршылашат,
өзүмө каяша айтат өгөй дүйнөм.
Кайра эле бул жашоодон үмүт үзбөй,
кайра эле бул жашоого үмүт артып…
Эзелтен дүйнө шундай түзүлүштө,
эзелтен бул дүйнөдө ушул тартип…
Дүйнөнүн өзүн таанып, өңүн таанып,
таткан аз тамшандырган дүйүм даамын…
Карайлап өзүм менен өзүм калып,
карарган төрт дубалга сыйынамын.
Жадымда эч нерсе жок “жарк-журк” эткен,
жанымда Кудай турат жалгызсырап.
Кулпурат мен жок жакта асыл көктөм,
буркурайт талааларда жалбыз, шыбак…
Канчалык жанымды үрөп жүгүрбөйүн,
дүрбөлөң жашоонун мен туткунумун.
Унуттум көп адамдын жылуу өңүн,
унуттум безеленген куштун ырын…
Тагдыр деп, көр турмуш деп, талаа-түздө,
же дагы белде калам, жолдо калам.
Жашадым, ушуну өзүм жашадым деп,
өмүрдүн кайсы жерин коргой алам?
…Дүйнөнүн башы бүтүн, түбү тешик,
баш-түбүн бирдей таанып, талдаш кыйын.
Ким эски эрежени бузуп өтүп,
жалгашпай турган жерди жалгаштырды?

Кайра эле бул жашоодон үмүт үзбөй,
кайра эле бул жашоого үмүт артып…
Эзелтен дүйнө шундай түзүлүштө,
эзелтен бул дүйнөдө ушул тартип…
Өмүр жөнүндө таамай айтылган мыкты сүрөттөө болуптур ушул төрт сап – чынында да ушундай эч бир ашыкчасы, кеми жок. Рахмат, Нарсулуу!