Экөөбүз туулган күн эле…
(Эжем Жибектин элесине)
«52 жашка чыгыпсың
Эркелей тургаң акың бар,
Кут болсун туулган күнүң!» деп
Кучактап жатты жакындар.
Көз көрсө кыйып кете албай
Көңүлүн мынча кишинин,
Эңшерип жатты ичимди
Экөөбүз туулган ушу күн.
Элестеп турду көзүмө
Эң таттуу далай мүнөттөр.
Таң атпай куттук сөз менен
Талашып айткан тилектер.
Жөө баскан жолдой өмүрдө
Жөлөшүп далай кырды ашкан,
Энемдей элең билгенге
Эгиздей элек сырдашкан.
Өзөктөш болдук, өткөндө
Өмүрдүн далай кечүүсүн.
«Ымыркай элең. Кошулуп
Ыйлагам мен да» дечүсүң.
Бөксөрүп канча толсо да
Бөлүнбөй турган ортосу,
Бир ооз сөз менен түшүнгөн
Бир тууган сендей болсочу!
Жаркылдап баарын жайкаган
Жарыгың кайра күйсөчү!
Ар пейлиң көргөн адамдар
Арманың мендей билсечи…
Кербезин салып сүйлөгөн
Кебинен далай кесирдин,
Тоо мүнөз сени калкалап
Тосо албай өтсөм кечиргин.
Боордоштук үчүн жүгүргөн
Боюңдан ылдый тер кетип,
«Айыксын Жекен» деп жүрүп
Агамдан мурун сен кетип,
Жашоонун канча сырлары
Жазылбай калды баракта.
Эзилген менен эзгендер
Экөө тең кайткыс тарапта.
Эскерип өткөн-кеткенди,
Элестеп өткөн өмүрүм,
Бөлүнгөн жерим ачышып
Бөксөрүп турат көңүлүм.
Тагдырын жиреп жаш балдар
Тайтору болуп жүгүргөн
Өзгөлөр үчүн санааркап
Өмүрдөн корком бүгүн мен.
Карааның кээде жарк этип
Кар баскан тигил өйүздө,
Кайыктай болуп адашкан
Калкылдап барам деңизде.
Сырымды толук айта албай
Сыртынан байкап эл ичин,
Ордуңду бассам жарашпай
Отурдум төрдө сен үчүн.
Кайрадан карап тургансып
Карегиң мага күлүңдөп
Куранга бата кылдым мен,
«Кут болсун туулган күнүң!» деп.
2023-ж.
