|

Иван Тургенев: “Жашоо тамчысы”

Биринчилерден баа бериңиз!

(жомок) 

Бир бечара баланын ата энеси катуу ооруп калды. Кантип жардам кыларын билбеген бала чарк айланып аргасын таппайт. 

Ошондой күндөрдүн биринде ага бирөө айтты: “Бир үңкүр бар. Жыл сайын белгилүү бир күнү гана үңкүрдүн боорунан тамган тамчы пайда болот. Ал жандуу суунун тамчысы сыйкырдуу таасирге ээ. Ким анын бир тамчысын гана жуткан болсо, болгон оорусунан сакайып кана тим болбостон жан дүйнөсү дагы көптөгөн кубанычтарга толот”.

Аз өттүбү, көп өттүбү ким билсин, айтор, баягы бала бир күнү үңкүрдү таап кирет. Аска таштардын ичиндеги үңкүр болчу. Аркайган аскалардын жаракаларынын ичи караңгы дагы, кооптуу дагы көрүнөт экен. Эки жагын каранган баланын жүрөгү солк этти. Айланасында толгон-токой шумдуктуу жандыктар аны карап турушат. Сойлоп жүрүүчүлөрдөн тартып көлөмдүү курт-кумурскаларга чейин бар экен. Көздөрү шумдуктуу жанып, коркунучтуу жана ачуулуу карап турушат. Бирок артка чегинүүгө болбойт. Чымырканып күч топтоп, күтүп тура берди. Көпкө күттү. Акыры жаракалардын биринде ным пайда болгонун байкады. Ал нымдуулук акырындык менен көз жаштай тунук, таптаза тамчыга айланып мөлтүрөй баштады. Мына, мына толуп, көөп анан куланып кетчүдөй көрүнөт. Ал антип тамчыга айланып келатканда баягы желмогуздай түрү суук курт-кумурска, кескелдирик, жыландар аны көздөй обдулуп ооздорун ачат. Анткен сайын тамууга даяр болгон тамчы жок болуп кетти. Кантмек эле. Аргасы кеткен бала кайрадан күтүп тура берди. Бир маалда жапжакын жерден, жүзүнө тиер тийбес эле аралыкта баягы жараканы көздөй умтулуп бой созгон коркунучтуу жыландарды көрдү. Алар жаракага обдулуп ооздорун араандай ачып бир шумдуктуу коркунуч жаратат экен. Дене бою дүркүрөгөн баланын оюна келди: “Булар азыр мага кол салса кандай болот? Уулуу тиштери, ийнелер менен сайгылап өлтүрөт го”. Ар түрдүү жаман ойлор менен алпурушуп ал ойлорун да жеңди. Коркунучун жеңип, күч топтоп алган ал дагы оозун ачып баягы жаракага бой созду эле, кудайдын кудуретин кара, ошол замат оозуна бир тамчы суу тып этип тамды. Жыландар ышкырып, башка жандыктары кошулуп ар түрдүү коркунучтуу үндөргө чуулдап толуп кетти үңкүр ичи. Бирок, кол салбай баладан бираз алыстап, анын бактысына ич күйдүлүк көргөзгөндөй жагымсыз көздөр менен карап турушту.

Бала тамчыны жутуп алганы бекерге кеткен жок. Аны бул үңкүргө үмүт бекер жетелеп келген эмес экен. Ошол күндөн тартып анын акылына акыл, жөндөмүнө жөндөм, билимине билим кошулду. Адам баласынын акыл парасаты канчалык нерсеге мүмкүнчүлүгү болгон болсо, баланыкы да ошого жетти окшойт. Адам жөнүндө, анын жан дүйнөсүнөн тартып, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү жеткен чегине чейин изилдеди. Ата-энесин айыктырып гана тим болбостон, ийгиликтүү, билимдүү, атактуу, бардык жагынан бай адамдардын катарына кошулду. Ата-энесине болгон чексиз сүйүү жана аларды сакайтууга болгон каалоосу, үмүтү аны дүйнөгө таанымал атактуу адам кыла алды. Бул, жашоонун бир гана тамчысы болчу. Болгону максаттан эч качан чегинбеш керек. 

Которгон Кулмат Тукеналиев

Автор

  • Акын, журналист, котормочу. 1984 жылы Нарын облусунун Кызыл-Дөбө айылында туулган. Мектеп курагынан поэзияга шыктанат. Бир топ гезиттерде, теле тармагында кабарчылык кызматтарда иштеген. Учурда Бишкекте жеке тармакта эмгектенет.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген