|

Лев Толстой: “Өзүңө ишен”

5/5 - (3 добуш)

Балалык курагы менен коштошуп, чоң турмушка алгачкы кадамын таштаган улан-кыздар, жүрөгүңөрдө биринчи жолу: «Мен киммин, эмне үчүн жашап жатам жана айланамдагы адамдар эмне үчүн жашап жатышат?» деген суроолор ойгонгондо – өзүңөргө ишенгиле! Ал эми эң башкы, эң тынчсыздандырган суроо: «Мен жана айланамдагы адамдар туура жашап жатабызбы?» – деген суроо туулганда да өзүңөргө ишенгиле. Бул суроолорго тапкан жоопторуңор бала чагыңарда сиңирилген түшүнүктөргө жана айланаңардагы адамдардын турмуштук жашоосуна каршы келип жатса да, өзүңөргө ишенгиле. Мындай карама-каршылыктан коркпогула; тескерисинче, айланаңардагы дүйнө менен болгон бул келишпестик – силердин ички дүйнөңөрдөгү эң асыл нерсенин, б.а. Кудайлык башаттын көрүнүшү экенин билгиле. Бул башаттын жашоодо чагылдырылышы биздин бар болуубуздун башкы гана эмес, бирден-бир маңызы болуп саналат.

Ошол учурда өзүңөрдүн белгилүү бир инсандыгыңарга – Ваня, Петя, Лиза, Машага, падышанын, министрдин же жумушчунун, соодагердин же дыйкандын уул-кызына эмес, ар бирибиздин ичибизде жашаган, силерде биринчи жолу ойгонуп, дүйнөдөгү эң маанилүү суроолорду берип, алардын чечилишин издеп жаткан ошол түбөлүктүү, акыл-эстүү жана асыл башатка ишенгиле. Ал эми силерге жылуу жылмайып: «Биз да качандыр бир кезде бул суроолорго жооп издегенбиз, бирок таба алган эмеспиз, анткени бардыгы кабыл алгандан башка жооп болушу мүмкүн эмес», – деп айткан адамдарга ишенбегиле.

Андайларга ишенбегиле, бир гана өзүңөргө ишенгиле. Эгерде пайда болгон суроолорго берген жообуңар жеке кызыкчылыгыңарга эмес, жашооңордун парзын аткарууга, силерге өмүр берген Кудайдын эркине таянган болсо, айланадагылардын көз караштары менен ойлоруна каршы келүүдөн коркпогула. Айрыкча, тапкан жоопторуңор адамзаттын бардык диний окууларында чагылдырылган түбөлүктүү акылмандык менен, өзгөчө силерге жакын болгон Пайгамбардын окуусунун жогорку руханий мааниси менен бекемделгенде, өзүңөргө ого бетер ишенгиле.

Эсимде, 15 жашымда ушул учурду баштан өткөргөм. Ошондо мен башкалардын көз карашына моюн сунган балалык абалдан капысынан ойгонуп, биринчи жолу өзүмдүн жашоом менен жашашым керектигин, өз жолумду өзүм тандап, мага өмүр тартуулаган Башаттын алдында өз жашоом үчүн өзүм жооп беришим керектигин түшүнгөм. Ошондо бүдөмүк болсо да, жашоомдун башкы максаты – Инжилдегидей мааниде, өзүн курмандыкка чалуу жана сүйүү маанисинде «жакшы адам болуу» экенин терең сезгеним эсимде. Ошондо эле ушундай жашоого аракет кылгам, бирок бул узакка созулган жок. Мен өзүмө ишенбей, айланадагылардын аң-сезимдүү жана аң-сезимсиз түрдө сиңирген кадыр-барктуу, өзүнө ишенген, салтанат курган «акылмандыгына» ишенип алдым. Менин алгачкы асыл умтулуум адамдардын алдында ийгиликке жетүү, атактуу, илимдүү, атак-даңктуу, бай жана күчтүү болуу сыяктуу так, бирок ар кандай арзуулар менен алмашты. Айтсак, өзүм эмес, башкалар мени «жакшы» деп эсептеши үчүн умтулдум.

Мен ошондо өзүмө ишенген жокмун. Дуйнөлүк максаттарга жетүү үчүн ондогон жылдарды короттум – ал максаттарга же жетпей калдым, же жетип, алардын пайдасыздыгын, курулай убарагерчилигин, атүгүл зыянын көрдүм. Ошондон кийин гана, мындан 60 жыл мурда билген, бирок ошондо ишенбей койгон нерсем ар бир адамдын аракеттеринин бирден-бир акылга сыярлык максаты болушу керектигин түшүндүм.

Эгерде мен ошондо, азгырыктарга кабыла элек жан дүйнөмдө акыйкаттын, Кудайдын үнү биринчи жолу жаңырганда, ошол үнгө ишенип, өзүмдү ага арнасам, жашоом өзүм үчүн кандай кубанычтуу жана адамдарга кандай пайдалуу болмок эле!

Ооба, кымбаттуу жаштар, тышкы таасирсиз, өз алдынча жана чын жүрөктөн жашоонун бардык маанилүүлүгүн аңдап билүүгө ойгонгон улан-кыздар! Силердин умтулууңар – болгону ишке ашпас жаштык кыял экенин, өздөрү да убагында ошентип кыялданышканын, бирок жашоо өз талаптарын тез эле көрсөткөнүн, ошондуктан «жашообуз кандай болушу мүмкүн эле» деп кыялданбай, аракеттерди коомдун турмушуна болушунча ылайыкташтырып, анын пайдалуу мүчөсү болууга гана умтулуу керектигин айткан адамдарга ишенбегиле.

Айрыкча, биздин доордо күчөгөн коркунучтуу азгырыкка ишенбегиле! Ал азгырык: «Адамдын жогорку максаты – адеп-ахлактык жакшырууга таптакыр каршы келген каражаттарды колдонсо да, белгилүү бир жерде жана убакта иштеп жаткан коомду кайра курууга көмөктөшүү» дегенди билдирет. Буга ишенбегиле! Бул максат силердин жан дүйнөңөрдөгү Кудайлык башатты чагылдыруу максатынын алдында эч нерсеге арзыбайт. Эгер ал жан дүйнөңөрдөгү жакшылык башатынан четтөөгө жол берсе, демек, бул максат жалган.

Буга ишенбегиле. Жан дүйнөңөрдө жакшылык менен чындыкты ишке ашыруу мүмкүн эмес дегенге ишенбегиле. Жакшылык менен чындыкты мындай ишке ашыруу силердин жан дүйнөңөрдө мүмкүн эмес гана эмес, силердин да, бардык адамдардын да бүткүл жашоосу ушунда гана турат. Ар бир адамдагы ушул нерсенин ишке ашуусу гана коомду жакшыраак кайра курууга эмес, адамзатка буйрулган жана ар бир айрым адамдын жеке аракети менен гана ишке аша турган бардык жыргалчылыктарга алып келет.

Ооба, жан дүйнөңөрдө башкалардан ашып түшүү, өзгөчөлөнүү, кубаттуу, атактуу, даңктуу болуу, адамдарды жашоонун зыяндуу түзүлүшүнөн куткаруучу болуу каалоосу эмес (мындай каалоолор көп учурда жакшылыкка болгон каалоону алмаштырып коёт), тескерисинче, жан дүйнөңөрдүн башкы каалоосу – өзүңөр жакшыраак болуу болгондо өзүңөргө ишенгиле. Мен «жеткилеңдүүлүккө умтулуу» дебейм, анткени өзүн жеткилеңдештирүүдө менменсинүүнү канааттандырган жекече бир нерсе бар. Мен: «Бизге өмүр берген Кудай эмнени кааласа, ошондой болуу, ичибиздеги Кудайга окшош башатты ачуу, дыйкандар айткандай, Кудайга жага тургандай жашоо», – деп айтам.

Өзүңөргө ишенгиле жана бардык күчүңөрдү бир гана нерсеге: ичиңердеги Кудайды чагылдырууга жумшап жашагыла. Ошондо өзүңөрдүн жыргалчылыгыңар үчүн да, бүткүл дүйнөнүн жыргалчылыгы үчүн да колуңардан келгендин баарын жасаган болосуңар.

«Кудайдын падышалыгын жана Анын чындыгын издегиле, ошондо калганы силерге кошулуп берилет». Ооба, жан дүйнөңөрдө өзүңөрдүн Кудайдан жаралгандыгыңарды аңдап билүү чырагы биринчи жолу жанган ошол улуу, маанилүү учурда өзүңөргө ишенгиле. Бул чыракты өчүрбөгүлө, бардык күчүңөр менен аны сактап, жаркырап күйүшүнө мүмкүнчүлүк бергиле. Бул чырактын жанышында гана ар бир адамдын жашоосунун бирден-бир улуу жана кубанычтуу маңызы жатат.

Которгон Абийрбек Абыкаев

  • (1828–1910)

    Атактуу орус жазуучусу жана ойчулу. Толстойдун чыгармачылыгы дүйнөлүк адабияттын өнүгүүсүнө эбегейсиз зор таасир эткен. Өзгөчө анын “Согуш жана тынчтык”, “Анна Каренина”, “Воскресение” деген романдары дүйнөлүк адабияттын шедеврлери деп эсептелет.

  • Жазуучу, котормочу. “Улуу Жантай санжырасы”, “Эрмектеп тапкан эмгегим” деген чыгармалары, “Абай Кунанбаевдин “Жүрөктү агарткан кара сөздөр”, Мухтар Ауэзовтун “Дүрбөлөң заман”, Салтыков-Щедриндин “Абийир жоголду” деген чыгармалардын котормолору китеп болуп басылып чыккан.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген