Мас көчө
Кычыктагы ушул көчөдө
Жашоо жандуу, көңүлдүү.
Алагүү мастар үзүлбөйт,
Көңүлдүү сүрүп өмүрдү.
Кыйгач кеткен кыска көчө,
Кыйкырып мастар ырдаган.
Чалп өбүшүп закускага,
Бирин бири сыйлаган.
Ушул көчө муңдуу көчө,
Буулугуп мастар ыйлаган.
“Акыркысын алып кой” деп,
Бирин бири кыйнаган.
Шүйкүмү суук, шок көчө,
Сакалга түшкөн чок көчө.
Аракты “жаман” деп айтчу
Аксакал такыр жок көчө.
Аракты коюп ортого,
Аял, эркек дос көчө…
