|

Өмүр жазы

5/5 - (2 добуш)

Жаз эле анда, жан дүйнөм жашыл эле,
Жасап баарын салчудай азыр эле.
Жетишем деп ойлодум жеңишке мен,
Жеңилүүнү эске албай такыр эле.

Жай да келди жадырап анан эле,
Жаркып баары, Ааламым аман эле.
Жашоо мага сезилчү кемтиги жок,
Жакшылыктан бүткөндөй жалаң эле.

Күз ангыча баш бакты тереземен,
Аласам көп кез болчу бересемен.
Кабактары салыңкы болчу күздүн.
Күйпөлөктөп жанында тегеренем…

Кыш келатты, кылычын кайрап алып,
Кычыраган аязын айдап алып.
Кардай болуп себелеп жааган майда,
Калды ойлорум, бытырап майдаланып.

Артта калган сагынып мезгилдерди,
Аптаптын көк шиберин кечким келди.
Артынан кууп жалынып чуркап барам,
Арман дүйнө, жаз мага жеткиреби?..
Атаганат, кайрадан жаз келеби?..

27.05.2019

Автор

  • Акын, жазуучу, журналист. 1967-жылы Нарын облусунун Жерге-Тал айылында туулган.

    “Атам жөнүндө дастан”, “Өмүрдөн өрүлгөн ыргактар”, “Бир аяк жол”, балдарга арналган “Менин энем космонавт” аттуу ырлар жыйнагынын жана бир нече аңгемелер жыйнагынын автору. 10дон ашуун илимий-документалдуу китептердин түзүүчүсү, автору, редактору.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген