|

Өткүр Хашимов: “Карыз”

4.2/5 - (6 добуш)

(аңгеме)

Эсимде жок, кандай себеп менен экенин, бирок бир күнү бардык бир туугандарым дасторкон үстүндө чогулуп калышты. Ошондо кимдир бирөө апама тамашалап:

– Ай сайын пенсия аласыз. Ошончо акчаны кайда жумшайсыз? Сандыкка салып жыйнайсызбы? – деп сурады.

Апам күлүп жиберди.

– Кайдагы сандык? Менин карыздарым бар. Ошолорду акырындык менен төлөп жатам.

Улуу агам таң калып:

– Карыздар? Сиздин кандай карызыңыз болушу мүмкүн? – деди.

– Ээ, балам, аны билбей эле кой. Бул менин өз ишим, – деп жооп берди апам.

Ошондон кийин сөз башка темага өтүп кетти. Мен бул сүйлөшүүнү унутуп да калдым.

Бир нече күндөн кийин короодо сейилдеп жүрүп, коңшубуздун жети жаштагы кызы Нилуфарды жолуктурдум. Чачына аппак бантик тагып алыптыр, үстүндө атлас көйнөгү бар экен.

– Ой, Нилу, кандай кооз кийиндиң! Конокко бара жатасыңбы? – дедим.

– Жок. Бүгүн менин туулган күнүм, – деди ал кара көздөрүн жалтылдатып, жылмайып.

– А-а, анда бүгүн сенин майрамың турбайбы. Күтө турчу, мен азыр…

Үйгө кирип барып, бир ууч момпосуй алып чыктым.

– Мына, ал. Курбуларыңа да бөлүшүп бер.

Нилуфар башын чайкап, мени чоң кишидей олуттуу карады.

– Мен момпосуй жебейм. Тиштерим түшүп калган.

Андан кийин дагы олуттуу үн менен айтты:

– Өткөн жылы Паша чоң эне мага туфли белек кылган. Анан Бахтиярга үч дөңгөлөктүү велосипед, Баходирге көйнөк алып берген…

Колумдагы момпосуйлар жерге түшүп кетти…

Өзбекчеден которгон Жанаргүл Жолдошова

Автор

  • «Калемимдин багытын Жогорку адабий курстан тактап, сөз өнөрүнүн сырларын тереңдетип үйрөнүүдөмүн. Ошону менен бирге, кыргыз адабиятындагы өзгөчө кол тамгасы бар Матисаков мектебинин өкүлү катары чыгармачылык жолумду улантып келем. Бала кезден жан дүйнөмдү ээлеп, кагаз бетине түшүүгө шашкан көркөм ойлор бүгүн менин турмуштук бейнемдин ажырагыс бөлүгүнө айланды».

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген