Өткүр Хашимов: “Түш”
(аңгеме)
Түшүмдө апам колуна чырак кармап алып басып жүргөн экен. Анын жүзүн даана көрө алган жокмун, анткени чырактын жарыгы өтө күңүрт эле.
– Этият бол, балам. Жолдо чуңкур бар, – деди ал мага.
Мен көзүмдү чоң ачып карадым. Бирок эч кандай чуңкур көрүнгөн жок.
Ойгонуп кеттим…
Апам жок экен.
Кээде жумуштан, жыйындан же коноктон үйгө кеч кайтып калчумун.
Бир күнү Намангандан келген конокторум болду. Аларды үйгө чакырдым, бирок алар ресторанга барууну каалашты. Ал жерден түн ортосунан кийин чыктык.
Мен үйгө көңүлүм көтөрүңкү абалда кайттым.
Дарбазаны апам ачты.
Ал сууктан бүкчүйүп, калчылдап туруптур.
– Эмнеге ушул убакка чейин уктабайсыз?! – деп ачууландым. – Дарбазаны сизден башка ача турган эч ким жокпу?
Апам муңайым жылмайды.
– Уйку кайдан болсун, балам? Ошентип күтүп отурам да…
Эртеси күнү редакциядагы нөөмөтүм узарып кетти.
Үйгө келсем, апамдын бөлмөсүндө жарык күйүп турат.
– Дагы эле уктабай жатасызбы?
Апам кечээгидей эле муңайым жылмайды.
– Билесиң го, балам, акыркы убактарда уйкусуздук менен кыйналып жүрөм.
Мен болсо ошол кезде акылсыздык кылып, анын сөзүнө ишенип алыптырмын.
Чын эле апам уйкусуздук менен ооруйт экен деп ойлодум.
Ошентип көнүп кеттим: мен качан үйгө кайтпайын – түн ортосундабы же таңга жуукпу – апамдын бөлмөсүндө сөзсүз жарык күйүп турчу.
Бир жолу жумуштан кийин Москвадан келген досторумду аэропортко узаттым.
Учак кечигип учту.
Ошентип мен үйгө түн ортосунда кайтып келдим.
Айлана укмуштай тынч экен.
Үйдүн ичи караңгы…
Ошол түнү түшүмө апам кирди.
Ал колуна чырак кармап алып басып жүрүптүр…
Өзбекчеден которгон Жанаргүл Жолдошова
