Шаты

2.4/5 - (7 добуш)

(аңгеме) 

Анарбай өтө жөнөкөй киши. Аябай тамашөкөй инсан. Ал көчө-көйдө басканда айылындагы улуу-кичүү баарысы менен салам-алик алышып, ал-жай сурамайынча кыя баспайт. Кээде жаш балдарды деле кимдин уулу экендигин, каякка бара тургандыгын сурап кепке тартмай адаты бар. Жашы деле көп улуу эмес. Кырктын чайын эми иче баштаган. Дегениң менен ойлонушу, кеп-сөзү, баскан-турганы деле алтымыштан ашкан аксакалдардыкынан ашса ашат, асти кем калбайт. Ошондон болсо керек, теңтуштары аны “чоң ата” деп да тамашалап коюшат. Анан калса ашыкча эле жөнөкөй. Кимге болбосун колунан келген жардамын аябайт. Күйпөлөңдөп турганы турган. Ошондонбу айылдаштары аны аябай жакшы көрүшөт. Аксакалдар да Анарбайды жаш болгонуна карабай айылда өтчү аш-тойлорго, мааракелерге, жакшылык-жамандык иштердин баарысына башчы кылып дайындашат. Өзү да андай ишти кемелине келтирет да. Айылдаштарынын арасында кимди ашка, кимди кел-турга, кимди чай ташыганга жарай турганын жакшы билет Анарбай. Иши кылса анын башчылыгында өткөн мааракелерде нараазычылык такыр болбойт. Кыскасы, Анарбай калктын кызматынан такыр колу бошобойт. Айрыкча күз мезгилдери айылда аш-тойлор күчөгөн учурда таң заардан керели кечке үйдүн бетин көрбөй да калган күндөрү болот. Бешенесине аялы да жакшы. “Качан караба бирөөлөрдүн иши деп сөмтүрөп көчөдө жүрөсүң. Же өзүңдөн же тыйыныңдан дайыны жок!” – деп башка бирөөлөрдүн аялдарындай ажылдабайт деле. Өзү мугалим болуп иштегендиктен элдин иши дегенди туура түшүнөт. Анарбайдын алып келгенине шүгүр деп каниет кылат. Эмне, Анарбай көчөдөн акчаны шыпырып алып келет дейсизби? Баскан-тургандын баарысы тыйынга байланган ушул заманда Анарбай алты күндөп кызмат кылса деле бирөө жарым түзүгүрөөк тыйын-тыпыр карматпайт. Болгону курук кол кетпеңиз таризинде бир аз эт, беш-алты нан, кичине кант-курс салынган пакет, кээ бирлери баягы тоймо-той айлана берип, киргилтим болуп, кирдеген калпак менен чепкенди карматышат. Бая күнү Анарбай адатынча тойдон келсе, 3-класста окуган кенжетайы малкана жагында каттуу ойлонуп олтуруптур. Жакшылап караса баласы чоң кишидей ойго чөмүлгөн. Кабагы бүркөө. Буга чейин анын мындай каттуу ойлонгонун көрбөгөн Анарбай таң калып уулунун жанына барды.

– Сага эмне болду? Бирөө жарым капа кылдыбы?

“Жок”, – деп башын чайкады уулу.

– Бир жериң ооруп жатабы? Эмне мынчалык ойлуусуң?

– Оорубай эле. Ата, неге биз башкалардай жашабайбыз?

– Бул эмне дегениң? Түшүнбөдүм.

– Карасаңыз, кошуналарыбыздын машиналары бар. Биздики жок. Биз дайыма алардын машинасы менен базарга барабыз. Эмнеге мындай?

– Аа, сени ошого ойлонуп жатасыңбы? Азамат десе. Анда сурооңо жооп берейин. Жакшылап кулак сал. Уулум, жараткан адамдарды жарыктыкта бири-бири менен ынтымакта, биримдикте, мамыр-жумур болуп жашоосу үчүн бирин экинчисине, экинчисин үчүнчүсүнө муктаж кылып коет. Биринде болгон нерсе экинчисинде жок болуп калуусу жашоодогу кадыресе көрүнүш. Болбосо адамдар бири-бирине салам-аликке деле келбей коюшпайбы. Бүгүн сендеги жок нерсе эртең сенде болуп, кошунаңда жок болуп калуусу да ыктымал. Сен биздин машинабыз жок деп жатасың. Буйруса ал да болот. Машинасы бар кошуналарыбыздын эч бирисинде биздикиндей бекем карагайдан жасалган, узун шатысы жок. Карачы, сен үстүндө олтурган шатыны кимдер гана сурабайт. Айылыбыз боюнча колдонушат. Бул шаты кимдердин гана тамын жабууда кызмат кылбады дейсиң. Дагы да кызмат кылат. Жашоо ушундай балам. Турмуш мамилелер менен курулат, – деди Анарбай уулуна. Баласы болсо атасы кебин бүтүрөр замат шатыдан түштү. Атасынын айткан кеби анын көңүлүнө жактыбы, айтор, жанатан бери бүркөлүп турган кабагы дароо ачылып, чуркаган бойдон көчөгө чыгып кетти. Анарбай болсо уулунун досторуна шатысы менен мактанып жатканын элестетип жылмайып койду…

Автор

  • Журналист, жазуучу. 1976-жылы туулган. 1997-жылдан бери медиа тармагында эмгектенип келет. “Таасирет”, “Шоктугунан коркпо”, “Салыштырба, сындырасың”  аттуу китептердин автору.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

One Comment

  1. абдан кызыктуу чыгармаларды окуй ала турган сайт

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген