|

Сиңдиме

4.9/5 - (10 добуш)

Бөжөгүм, бөжөктөйүм алаңдаган,
апапак карда турган көзү уялып…
Башымды бир көтөрүп өз санаамдан,
сага жол боло албаган өзүмдө айып!

Билбейсиң, биле элексиң бул дүйнөнүн,
не азап, не түйшүгүн, не арманын…
Мен сага айткан менен сүйүү жөнүн,
бакытты түшүндүрүп бере албадым.

Укканын кабыл алып укканындай,
башында баары өмүрдү жомок көрөт…
Бакытын, башкасын да уста Кудай,
бир бербейт, бир-биринен бөлөк берет…

Жашоону актап, мактап, керемет деп,
мен сага жалган айтпайм мындан ары.
Термелген сайын дүйнө, Теңирди эстеп,
булганган сайын дүйнө, булганамын…

Сен дагы жашоону актап, керемет деп,
алдымда жалган айтып турба, ылайым!
Термелсе, дүйнөң түшкүр, Теңирди эстеп,
булганса, өзүм гана булганайын!

Дүйнөңдү булгаш үчүн, уурдаш үчүн,
жарышып жашооңо али көптөр келет.
Ал анткен сайын болбой бир капшытың,
таптаза нерселерди көксөй берет.

Таптаза нерсе табыш кандай кыйын..,
жалган сөз бул жашоонун көбүн ээлейт.
Чындык деп, билет көбү арзан муңун,
чындыктын өзү эч кимге көрүнө элек…

Коркпогун, бирок коркпо, жалтактаба,
багынтып баса турган жолуң алыс…
Маанайды жасалгалап алдын ала,
биз эми майрамдарда жолугабыз.

…Кетерде каркыралар кыштаганы,
уядан учканыңды эстеп улам…
Капыстан келеби деп, мындан ары,
сен келчү жерлерден мен кетпей турам.

Бөжөгүм, бөжөктөйүм алаңдаган,
апапак карда турган көзү уялып…
Башымды бир көтөрүп өз санаамдан,
сага жол боло албаган өзүмдө айып!

Автор

  • Акын, котормочу.

    М. Горький атындагы адабият институтунун Жогорку адабият курсуна аяктаган. 2016-жылы “Алыстагы ак жарык” аттуу ырлар жыйнагы, 2022-жылы Нуриза Өмүрбай менен биргеликте жазылган “ Кат турмуш” аттуу эпистолярдык жанрдагы повести, 2025-жылы “Дүйнөлөшүм” аттуу ырлар жыйнагы жарык көргөн. "Михаил Мушфиг" атындагы эл аралык адабий сыйлыктын, "Алтын калем" адабий сыйлыгынын жана "Жолон Мамытов" атындагы адабий сыйлыктын ээси.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген