“Сүрү менен кекеткен жандын…”
* * *
Сүрү менен кекеткен жандын,
Сүйүүсү бар үнүн жоготтум.
Багыты суз жолдон чарчаган,
Башым сылап-сыйпап соороттум,
Жылуу жууркан менин жайымдай,
Чүмкөп жатам ойгоо көзүмдү,
Өтүмсүздүн өйкөп багытын,
Өрткө түшкөн өмүр өтүмдүү.
Сырттан шамал кулагын салып,
Тереземдин көзүн чапкылайт,
Аш аяктын алкымын жыттап,
Анда-санда итим каңшылайт.
Жаздык менин мээме туташып,
Ойлорума чакап жөтөлөм,
Үргүлөсөм жулкуп ойготот,
Ийним батпас ичке көпүрө.
Ишеничтен кеткен бирөөнүн,
Итин бүгүн жакын көрөмүн,
Ашы менен өзүн алдаган,
Аянычтуу башын жөлөдүм.
