|

Табият

5/5 - (3 добуш)

Акылга ченеп эс күткөн,
Айтыла берип кеп бүткөн
Акактап барат адамзат
Арктика музун жеп бүткөн. 

Көркөмүн көрсөң дил азык,
Көйкөлгөн талаа күлазык,
Алдейлеп аяр көтөрүп
Айланган Жерде не жазык?

Тоорушсаң көчүп, конгон жер,
Тоголок уяң болгон жер.
Гималай бетин көрсөтпөй
Кишинин сөөгү толгон жер. 

Кам көрсөң бейиш гүл дүйнө,
Каарысаң тозок зил дүйнө.
Жандуулар үчүн кайран Жер
Жападан жалгыз бир дүйнө.

Ченемин билсең соо дүйнө,
Чегиңден ашсаң жоо дүйнө.
Кожоюн болом деп келип
Кожожаш калган зоо дүйнө. 

Азгырык үчүн алаңдап,
Астында урчук жалаңдап,
Алыс жол баскан адамзат
Аскада турат салаңдап… 

Автор

  • Журналист, акын, талдоочу, котормочу. 1996-жылы КУУнун журналистика факультетин бүтүргөн. 1994-жылы жаш акындардын Табылды Муканов атындагы сыйлыгына, 1999-жылы КР президентинин журналисттер үчүн чыгарылган “Алтын калем” сыйлыгына, КР Ардак грамотасына ээ болгон. “Алтын калем” адабий сыйлыгынын 2024-жылдагы сын жанры боюнча жеңүүчүсү.

    “Самурай кылыч – жүрөгүм” ыр китеби жана сын макалалары кирген “Сын китеп” китеби жарык көргөн.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

2 Comments

  1. Алыс жол баскан адамзат,
    Аскада турат салаңдап….

    Абалыбыздын аныктамасы…

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген