Тэцуо Миура: “Аары”
(аңгеме)
Багы жокко дагы жок болуп, ошол күнү Симанын көкүрөгүн аары чагып алса болобу. Болгондо да дал ошол көптөн бери көрүшө элек күйөөсү үйгө кайтып келээр күнү. “Кечээ чакса өлөт беле! – деп ойлоду ал. – Же башка күнү чакса да мейли эле. Анда чакмак тургай, мага демектен талап кетсин эле”. Карабайсыңбы эми! Эми эмне кылса болот? Кара баскыр ай! Аары халаттын ич жагына кирип алган экен. Эртең менен аны шамалдап кургап турсун деп жайып койгон. Андан кийин халатын ачык ич көйнөктүн үстүнөн жамына салганда, заардуу ийнедей нерсе көкүрөгүнө сайыла түшкөнүн сезди. Коркуп кетип көкүрөгүн чапкылап жиберсе, бут алдындагы бодуракай татаминин үстүнө бир нерсе кулап түштү. Аары экен.
Аары курсагын өйдө каратып, узун канаттарын диртилдетип жатып калды. Сима кир жайган жерде аарылардын учуп жүргөнүн көп эле байкаган, бирок, бул үйүң күйгүрлөр халаттын ичине кирип алат деп такыр ойлогон эмес. Ал жерде жаткан аарыны былчыйта тебелеп таштады. Көкүрөгү сыздатып ооруп чыкты. Чаккан орду көрүнбөйт, бирок үрпүнүн тегереги шишип, катуу боло түшүптүр. Буга чейин аары бир да жолу чаккан эмес, Сима эмне кылыштын айласын таппай турду. Колун шилекейлеп, көкүрөгүнө сүртүп койду.
Кичинесинде чиркей чакканда, ыраматылык апасы ушинтип койчу. Шыргыйда илинип турган түнкүсүн кийчү кимоносун колун көтөрүп ала коёюн дегенде көкүрөгүнө учтуу нерсени тыгып алгандай ооруксунууну сезди. Эми оорусу баягыдан да күчөдү. “Киер алдын көзүңдү чоң ачпайт белең”, – деп өкүнүү менен өзүн жемелеп да жиберди. Төркү бөлмөдөн баласынын ыйлаган үнү угула баштады.
– Азыр каралдым, чыдай тур.
Сима курсагы ачкан баласын тизесине олтургузуп, көкүрөгүн ачып жатып кыйкырып жиберди: көкүрөгү долдоюп, кызара шишип, шишик көкүрөгүнүн экинчи тарабына өтө баштаптыр.
– Эмне болуп кетти? – Баятан бери көзүн жумуп жаткан оорукчан кайненеси көзүн ачып аны тиктеди.
– Ии тиги… аары чагып албадыбы, – Сима муңайым жооп берди.
– Ээ, өлүп кеткир! – кайненеси аны жактырбай карап, кайра көзүн жумуп алды.
Баласын экинчи соо эмчеги менен тойгузган соң, кайненеси:
– Жылан дарыдан сүйкөп койсоңчу, – деди көзүн жумган калыбында.
Жылан дары бардык балээге колдонулган, колго жасалган каражат. Жыландан сакэ (күрүчтөн жасалган арак) жасагандай эле даярдалат. Болгону спиртке жыландан алынган сүттөй суюктукту чылап даярдайт. Сима баласын эмизип бүткөн соң, текчеден жылан дары сакталган бөтөлкөнү алып, андан тыгынды абайлай сууруп алды. Мурдуна ачуу жыт уруп, көзү ачышты. Бармагына дарыдан сүйкөмөй болуп, бирок ошол замат күйөөсүн ойлоп туруп калды. Ачуу жыт ар кандай адамдын көңүлүн айнытары бышык. Эгер бул жыт менден буркурап турса, ал мындан ирээнжип жүрсөчү? Жүрөгүн ушул нерсе дүрбөлөңгө салып өйүттү. Бирок ойлонуп олтургандан эми пайда жок. “Эчтеке эмес. Коңшулар бүгүн кечкиге мончосуна чакырышкан, – деп ойлоду ал, – ошол жерде самындап, таза жууп таштайм”. Ал колуна дарыдан сүйкөп, көкүрөгүнүн шишиген жерлерине сүртүп чыкты.
Симанын арып-чарчаган күйөөсү койнуна чакан чемоданын кысып, поездден секирип түштү. Баласын жонуна көтөргөн аялын көрүп, жайдары жылмайган адам болуп баратып эле, ошол замат жүзүндөгү жылмаюу жоголду. Эми ал кабагын бүркөп, жүргүнчүлөр турган жайды бойлоп, аларды утурлай басып келатты.
– Мына мен да келип калдым, – деди ал ак түстөгү аңчылыкка кийчү шапкесинин айбанчасын көтөрүп.
– Куш келипсиз! – деген Сима жылмайып баратып эле көзүнөн мөлт-мөлт көз жашы чууруганынан баласын силкилдетип, күйөөсүнүн артына өтө качты. Уктап жаткан баланын башы ары-бери шылкылдайт. Күйөөсү аны туулгандан бери көрө элек болсо да, көңүлкош ырсая күлүп, баласын бир карап алып, анан алдыга түшүп жөнөдү.
Жашыл күрүч талаасы аркылуу шаар четиндеги түз кеткен жалгыз аяк жол менен үйгө бет алып жөнөштү. Сима унчукпай баратты. Күйөөсүнө көп нерселерди сүйлөп берейин деди, бирок тыржыйган кабагын көрүп эмне дешин да билбей калды. Күйөөсү Токиодо жыгач уста болуп иштеп жаткан. Жарым жылдай көрүшпөй жүрүп, эми бири-бирине жат, болгондо да таптакыр чоочун болуп калгандай туюлду. Күйөөсү мурда деле көп сүйлөбөгөн, сөзгө сараң эле, эми андан бетер дүңүрөйүп унчукпай алдыда ылдамдап баратты. Сима ага жете албай, артынан желип-жортуп басып келет. Алар эски көпүрөнүн ортосуна келгенде гана күйөөсү басыгын жайлатып, аны астыга өткөрүп жиберди. Сима күйөөсүн дарыяга суктанып калды го деп ойлогон, бирок ал баласынын жүзүн тигиле карап жатыптыр.
– Уктап жатабы? – деди ал.
Күйөөсүнүн жүзүндө ал мындан жарым жыл мурун иштегени кетип бараткандагыдай уялыңкы көз караш пайда болду. Сима буга сүйүнүп кетти.
– Чоң жигит болуп калдыбы?
– Ооба, чоңоюп келатабыз.
Бирок күйөөсүнүн баланын жүзүнө үңүлө караганын көрүп, белгисиз коркунучтан денеси муздай түштү. Ырайымсыз, ташбоор коңшуларына окшоп мунун ою да башкага кеткен жокпу? Бала мага окшобойт, бул менден эмес деп ач айкырык салса эмне кылмак! Анан күйөөсүнөн озунуп:
– Баламды көргөндөр атасынын эле өзү дешет, – деп сүйүнчүлөп жиберди.
– Мүмкүн, – деп койду күйөөсү буга.
Үйгө келгенде күйөөсү эки бутун учкаштыра, энесинин баш жагына олтуруп кобурашты. Коңшу бөлмөдө баласын терметип жатып, кайненесинин:
– Жабдыктарың салынган жашигиң кайда? – деп сураганын кулагы чалды.
– Хоккайдого салып жибердим, – деди күйөөсү.
Ошондой де! Демек, ал Хоккайдого кетет экен.
– Качан кетесиң? – деди энеси.
– Эртең. Күндүзгү поезд менен.
Муну уккан Симанын жүрөгү эми чындап сыгылды. Мындай болот деп ким ойлоптур! Буга кайненесинин деле оозу ачылгандыр. Ал эми күйөөсү эчтеке болбогондой, Токиодо иш токтоп, Хоккайдодон иш чыгып жатканын, ошого кожоюну менен барарын, анан жолдо үйгө бир күнгө тие кетейин десе, кожоюну уруксат бергенин божурады. Андайда адам деген түшүнүктүү кылып кат жазат да! Бул болсо, “Эртең саат мынчада келем” – деп телеграмма гана уруп жибериптир, болгону ошол. Андан аркысы түшүнүксүз. Сима күйөөсү башка жакка иштегени кеткен күндө деле үйдө бир жума же он күндөй болот деп үмүт кылган. А бул үйгө бир түнөп эле, эртеси таң заардан кайра алыска кетер адам экен. Сима тынчсызданып, аргасыздан жылмая баштады. Бир убакта күйөөсү көзү менен бир орунду мээлей карап, бир нерсе издеп жаткандай тамдын айлана-тегерегин карай баштады (там – ашканадан бир топ ылдый жайгашкан полу жок имарат).
– Сага эмне керек? – деди Сима.
Бирок ал жооп бербестен сыртка чыгып кетти. Кампага бет алган шекилдүү. “Ал жактан эмне издейт бул?” – деп ойлоду Сима, мисосируга (мисодон, б.а., соя, күрүч жана буудайдан ачытып жасалган коюу соустан даярдалган суюк оокат, – кот. түш.) жашылчаларды туурап жатып. Күйөөсү дагы бир ирет артына кылчайып аны карады да, тамдын айлана-тегерегине көз сала баштады.
– Сага эмне керек? – деп сурады Сима, ишин токтото салып.
– Каяка житип кеткен? – күйөөсү күбүрөнүп алды.
– Эмне житип кеткен? Эмне издейсиң өзү?
Сима бычакты ордуна коюп, тамга түшүп келди да, бутуна сандалын кийип, эшикке чыкты. Күйөөсү эки колун көкүрөгүнө алып, кампаны көздөй кетти. Сима нымдуу колдорун этегине аарчый салып, анын артынан ээрчип алды. Кампага киргенде күйөөсү бир нерсе издеген адамдай болуп кампанын тээ караңгы төрүн көздөй түптүз жөнөдү. Сима ага жакын келип:
– Айтсаң, эмнени эле издеп таппай?.. – деп сөзүн айтып бүткүчө болбой күйөөсү унчукпай артына шарт бурулуп, аны кымча белинен кош колдой сыга кучактап, туш келди өпкүлөп кирди. “Аа, ошондой дебейсиңби!” – Сима күйөөсү жанатан бери эмне издеп жатканын эми түшүндү. Бирок көкүрөгүн теше сыздаткан ооруга чыдабай, кучагынан суурулганга чебелектеп жатты. Канчалык суурулуп чыкканга аракет кылса, карылуу колдор ошончолук өзүнө тарта кысты. Акырында буга чыдай албашына көзү жеткенде, катуу кыйкырып жиберди:
– Иий! Ооруп кетти дейм! – деди ыйлактаган үнү менен. Күйөөсү буга чочуп кетип, колдорун коё бере салды да, бутун тепселеп алдымбы дегендей түр менен аягына карады.
– Ал жагым эмес, бул жерим ооруп жатат, – Сима энтиге көкүрөк жагын көрсөттү. Күйөөсү көздөрүн бакырайтып туруп калды.
– Аары чагып алды.
– Аары?
– Ооба. Жаш балага окшоп. Кишини уят кылып.
Сима аары кантип чагып алганын башаламан, энтиге айтып берди. Күйөөсү унчукпай баарын укту. Сима аны бул окуяга каткырып күлөт деп ойлосо, тиги тескерисинче кабагын бүркөп:
– Жүрчү мындай, – деп кампанын чатырындагы терезенин жарыгына ээрчитти.
– Чеч тигиниңди, – күйөөсү көзү менен жаңсап көрсөттү. Ал өзүн эркин сезип халатын чечип, көкүрөгүн ишенимдүү ачып көрсөттү. Терезеден көз уялткыдай жарык тамып турган. Күйөөсү акырын абайлап үрпүн басса, сөөмөйү долдоюп шишип турган көкүрөгүнө бата түштү. Ал коркуп кетип, колун дароо тартып алды.
– Ооруп кеттиби?
Сима эч кандай ооруну сезген жок.
– Жок. Бирок, азыркыдай сыга кучактасаң оорутат экен…
Сима баягы көкүрөгүнө жылан дарыны сүрткөндөгү жан дүйнөсүн ээлеп алган дүрбөлөң оюн эми түшүндү. “Ооба, көкүрөгү күйөөсүнүн кучагын көтөрө алгыдай эмес” деген ойдон ыйлап жибергиси келди. Шишиген көкүрөгү күн жарыгынан көпкөк көрүнүп, соолуган кайналыга окшоп турду. Мына деп шарт жулуп алып, терезеден ары ыргытып жиберсе!
– Макул, кийин, – күйөөсү көзүн кысты. – Жылан дары сасыйбы? – деп сурады сөөмөй учун жыттап.
– Энем ошентип үйрөттү, – деди Сима халатынын жакасын түздөп жатып.
– Мени деле бала кезде далай жолу аары чаккан, – деди да, сыртка чыгып кетти.
Күйөөсү биротоло кетип калбай айланчыктаганына Симанын көңүлү бир аз соороно түштү.
Ал түнү күйөөсү кайненеси менен очокко жакын олтуруп, азыраак сакэ ичти да, жүзүн аялынын койнуна катып уктап калды. Бир топтон кийин акырын колу менен аялынын денесин сыйпалады. “Алакандары таштай болуп калыптыр, – деп ойлоду Сима. – Кечке тактай жонуп иштейт да, бечарам”. Муну ойлогондо жумулган көздөрү жашка толуп чыкты. Сима узакка чейин уктай албай, коңшуларынын мончосунда олтургандай тердеп-кургады. “Мунун айласын тапканга кантип болбосун? – деп сурады өзүнөн-өзү. – Бир жолун тапса болот го…”. Бирок башына жарытарлык эчтеме кирбеди. Көпкө ойлонгонго алы да жок. Денеси чоктой ысып-күйүп, тамагы кургады. Күйөөм өзү бир айласын тапсын, мен жата турайын деп чечти да, күтүп жата берди. Мындан эчтеке чыкпады. “Ойлой берип, бул деле чарчап, тажаган го байкуш, уктап калды. Таарынып калбадыбы?” – деген ой менен алпурушуп, өзү да кантип уктап кеткенин билбейт. Эртең менен ойгонсо, күйөөсү артынан түрткүлөп жатыптыр. Сима бурулуп, эмне керектигин сурагыча болбой, андан озунуп сурап жиберди:
– Кайда турат ал?
– Эмне кайда турат?
– Аарынын уясы.
– Үйдүн чатырында.
Таң жаңы атканына карабай, күйөөсү шымын кийди да, уктоочу бөлмөдөн чыгып кетти.
Эшикте чегирткелер сайрап жаткан. Сима аны элейип карап жатты да, кабатыр ой менен күйөөсүнүн артынан түнкү ич көйнөкчөн уктоочу бөлмөдөн чыкты. Тамдан күйөөсү энесинин ишке кийген күрмөсүн жамынып, колуна кол кап кийди.
– Алып кел сүлгүнү, – деди күйөөсү. Сима мыкта илинген сүлгүнү алып сунду. Күйөөсү бетин сүлгү менен ороду.
– Күрүчтүн алдында жаткан капты алып кел.
Сима кыңк этпестен тигинин буйруктарын оңтойсуздана аткара берди. Үндөбөгөн күйөөсү сыртка чыгып кетти. Артынан үн-сөзсүз Сима да чыкты.
Дарактардын баштары тарак тишиндей күн нуруна агарып турду. Тигинден-мындан кулак кужурун алып саратан чегиртке чырылдайт. Күйөөсү шатыны тамдын кырына коюп, аны менен чыгып барып, аарынын уясын шап кармап капка салды да, шамдагай кыймыл менен шатыдан түшүп келди. Сима мунун баарын үрөйү уча карап турду.
– Чагып албадыбы? – деп сурады эле, күйөөсү жооп берген жок.
Кампадан балта алып келди да, дарыянын үстүндөгү жарды көздөй жөнөдү. Ал жерге барганда капты дөңгөчтүн үстүнө коюп, балтанын арты менен капты ургулап кирди. Капты балта менен шашпай, кунт коюп, тегиз ургулап чыкты эле, каптын бетине жанчылган аарылар менен аары тукумдары көгөргөн так болуп чыга келди. Балта үнү эми баштагыдан да катуулады. Сима ары жакта мунун баарын үндөбөстөн карап турду. Бир нерсе десе эле, балта Симаны көздөй уча турган түрү бар. Күн көтөрүлүп, күйөөсүнүн бетине тийди.
– Сен тердеп кеттиң, – деди Сима.
Күйөөсү чарчаганын эми гана сезгендей шалдайып, ишин токтотуп, балтаны жерге акырын таштап, шуу үшкүрүнө жерде шалдырай, үн-сөзсүз бир топко олтурду.
Жарым жылдан бери көрүшө элек алардын бир күнү мына ушундайча өттү. Келип-келбей жатып күйөөсү кайра жолго чыкты. Сима жашыл күрүч талаасы аркылуу кеткен жалгыз аяк жол менен ылдам басып бараткан күйөөсүнө улам жете албай, желип-жортуп артынан чуркап, кармана албай улам-улам ыйлактап коёт. Өзүн буга күнөөлүү сезип, бирок кантип актанышын билбей убара.
– Ыйлактай бербечи, эй! – бир маалда күйөөсү токтой калып, аны бурулуп карады, – Келем дагы бир күн.
– Качан келесиң эми! Дагы жарым жылдан кийинби? И-ий! Мүмкүн андан да көптө келесиң.
Поезд бекетке келип токтоду.
Күйөөсү:
– Кеттим анда, – деди да, чемоданын колтугуна кыскан бойдон вагонго секирип кирип кетти.
Сима ушуну көргөнгө гана үлгүрүп калды. Күйөөсү терезеден кайрылып караган да жок. Ал мурда деле терезеден кайрылып карачу эмес – ашыкча “шаан-шөкөттү” анча жактырбай турган.
Гудок берилип, поезд ордунан шашпай козголду. Артына көтөргөн баласы ойгонуп кетип, чукуранып ыйлай баштады. Жонундагы баласын силкилдеткен Симанын жүзүн эмнегедир кубанычтуу жылмаюу каптады: “Мүмкүн ал мени терезеден байкатпай карап турсачы”. Акырын жүрө баштаган вагондун тушундагы терезеден калбай, бир топко дейре поездди коштоп басып баратты.
Которгон Кубантай Эрназаров
