“Токойго” айланган “чырпык”

Биринчилерден баа бериңиз!

“Ай сүйгөн Адам” аттуу өмүр баянымды чагылдырган эссе китебимден “элеп” алган сүртүмдөр.

(эссе) 

“Токоюм” деп чоңойдук. Баарыбыз. “Ата дебей “Токоюм, Токойке” дегиле”, – деп ким айтып, үйрөтүп койгонун деле билбейм. Тек гана бири-бирибизди туурап айтып калсак керек деп божомолдоп коём өзүмчө. Курбалдаш, тели-теңтуштары да “Токой” деп кайрылгандарын көп эле көрүп, угуп жүрчүмүн. А бирок Атакебиздин ушул “аталышынын” түпкү маани-маңызын бирибиз дагы аңдап, анча түшүнбөйт элек.

Тээ бир кездеги, өлгөндөн калган сербейген жалгыз “чырпыктын” тамыры терең жайылып, бутак-шактары бүрдөп, гүлдөп, билинбей эле күндөрдүн бир күндөрү дүпүйгөн кадимки “Токой” болуп өзгөрүп, өзүнчө эле бир чакан айылга айланганын кийинчерээк, эми-эми эле аңдап билгендей болдум. Эң жөнөкөй эле нерсени элес албасак керек. Ал эми Токойдун эмне экенин, анын пайдасын, баа-баркын, жаратылышта гана эмес, Ааламдагы, Адамзат жашоосундагы табылгыс ордун дал ушул бүт аймагын жалаң жапжашыл, чытырман Токой каптаган Финдердин өлкөсүнө келип, жайгашып, жашап калганымдан баштап толук түшүндүм. Биздин, өзүбүздүн өлкөбүздөгү асман тиреген тоолорубуз, аска-зоолорубуз кандай баалуу, керемет болсо, “Токой” дагы түгөнгүс кенч, алтындан кымбат, баа жеткис байлык тура.

Ыраматылык чоң Энебиз (Токоюбузду төрөгөн энеси) Жийде туптуура 21 бала төрөп, аягында 21-баласын төрөөрдө, төрөттөн каза болгонун укканда “селт” этип чочуп, бир ишенип, бир ишенбей, оозум ачылып, “ошондой кантип болсун?” – деген тейде көпкө ойлонуп калаар элем. Бирок андай таң калыштуу “рекордду” эч кимден суратып, калыс издетип, алыс бардырбай эле баарыбыздын алтын Апакебиз Назирбүбү (Жийденин келини) катары менен 17 бала төрөп, өзү эле “мынакей” деп иш жүзүндө тастыктап салган. Кантип ишенбейсиң? 

“Күндө туусам күндө жок, күндө жылаан жеп кетет” деп безилдеген тура, бир бечера тоок, жумурткасына кайгырып, какылдап. Анын сыңарындай, Жийде чоң энебиз да жыл айлантпай төрөй берет, балдары өлө берет, “өчөшүп” кайра төрөй берет, өлө берет, төрөй берет. Ошентип жүрүп 19-сун төрөгөндө араң эстерине келгенби, айтор, “ээ, Кудайым, ушул кыз аман калаар бекен, өлбөй токтоп калаар бекен?” – дешип Кудайдан тиленишип, Жаратканга жалбарышып, азан чакыртып, атын “Токтобүбү” деп коюшат. Эки жылдан соң уул төрөлөт. Ошол эле ырымды пайдаланышып, уулдун атын “Токтонаалы” деп койушат. Ый-ызалуу үндөрү акыры чындап Кудайга жетсе керек, айткандай эле тилектери кабыл болуп, эки чүрпөсүн ажал аттап кетип, экөө тең аман калат. Тилекке каршы, андан кийинки төрөлө турган курсагындагы чүрпөсү өзү эле эмес, Энесин (Жийде чоң энебизди) кошо аркы дүйнөгө ээрчитип кете бериптир.

“Кайнененин камырынан” дегени деле чын болсо керек, ал аныктама далай жылдардан кийин, кайненесин эзели көрүп-билип, чогуу жашабаса дагы чоң Энебиздин айтылуу “өнөрү” биздин Апабыз (Жийденин келини) Назирбүбүгө жугуп, жайы жайлоодо, күзү күздөөдө, кышы кыштоолоп жашап, ысык-суугун тоготпой, тызылдап чуркап жүрүп, удаама-удаа 17 бала төрөп, улам ирденип, бир аз чоңоюп, кол арага жарап калганын жакадагы Бүбүйра Чоң апабызга (Бүбүйра, Айдараалы чоң Атабыздын экинчи кемпири) өткөрүп берип, өздөрү күндөп-түндөп, үйүр-үйүр колхоздун жылкысын багып, албетте, ал кадамдары касиеттүү Камбар атага жагып…

Кудайдын кулагы сүйүнсүн, Апакебиз азыр деле дал ошол калыбынан жазбай тызылдап чуркап жүрөт. Ошол он жетинин төртөө, алды алты жашка, арты бир жашка чыгып-чыкпай чарчап (Кыялкан, Арстанбек, Алымкүл, Упагүл) Бейишке жылкычы чымчык болуп эртелеп учуп кеткендери эле болбосо, калганыбыз, Кудайга шүгүр. Он үчүбүз азыр очор-бачар, эл-журт арасында, эсен-сообуз дегендей. Ылайым эле Жараткан Кудай күч-кубатты, ден-соолукту, Өмүрдү, Токоюбуздукунан дагы узак жашты эми Апабызга берип, Апабыздан аябаса экен..

Финляндия, Келсинки, 29.07.2021

Автор

  • 1960-жылы Нарын облусунун Кызыл-Туу айылында төрөлгөн. Сүрөтчүлүк, журналисттик кесиптерди аркалаган. 2013-жылы «Азаттык» радиосунун 60 жылдык мааракесинде Азамат Алтай атындагы орден менен сыйланган. Ааламтордо алгачкылардан болуп мекенчилдердин «Кыргыз көчү» тобун түзгөн. 2009-жылдан бери Финляндиянын борбору Келсинки шаарында жашайт.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген