Топчугүл Шайдуллаева: “Сүйүүдөн да күчтүү сезим бар…”
Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, публицист, илимпоз Топчугүл Шайдуллаева менен маек.
— Топчугүл Жолдошевна, сиздин чыгармаларды окуп отуруп жазуучунун көзү менен турмуш тереңирээк, тунугураак көрүнөбү деген ойго келдим. Сиздин оюуңузча жазуучунун көз карашында жашоо, турмуш кандайча көрүнөт? Сиз күнүмдүк абыгер жашоодогу эл элес албаган кылдат маселени байкап, жаркылдаган чоң идеяны алып чыгасыз. Аңгемелериңиз окумдуу.
— Сурооң жана пикириң үчүн ырахмат, Махабат. Балким сен айткандай турмушту тереңирээк көрөрбүз. Жазуучу калкы көргөн-бакканын жөн эле кабылдап койбой, аны баалап карайт окшойбуз, анан да чындыкты тапканга далалаттанат экенбиз. Окурмандын жүрөгүнө өзүң ынанган бир чындыкты жеткире алсаң чыгармачыл адам үчүн чоң олжо ошол да!
Кээ бирлер айтып калышат го бир нерсе жазаарда түшүм аян берди, көзүмө бир нерселер көрүндү, же менин көрүнбөгөн колдоочум бар дешип. Мүмкүн анын да бир негизи бардыр. Мен болсо тирүүчүлүгүн эл катары өткөрүп жүргөн көп аялзатынын эле биримин. Болгону, кээде кокус бир көрүнүштү кайсы бир жерден учуратам да ал мага таасир берип, көкүрөккө орноп, кетпей жүрө берет. Мен да ал ойду көпкө чейин башымда багып жүрө берем. Анан ал эмоцияларым ашып-ташып кеткен бир күнү колго калем карматат. Билбейм, башкалар кандай акыбалда жазышат, менин ыйлап отуруп, ырдап отуруп жазган чыгармаларым бар. Өмүр бою жадымда көтөрүп жүргөн ойлор, окуялар бар, алардын көбү жазыла элек.
— Аялзат темасына көп кайрыласыз, секелек кыздан тартып кары кемпирге чейинки ургаачынын сезимдерин терең ачып бересиз. Аял деген ким өзү?
— Бул өтө эски, эзелки суроо, ага буга чейин миңдеген жооптор айтылгандыр, бирок бу суроо дагы эле суроо бойдон калып келет. Аялды ар кайсы ипостасияда анализге алган франциялык философ Симоне де Бовуар “Экинчи жыныс” деген эмгегинде: аял болуп төрөлбөйт, аялды коом өзү жасап алат деген экен жаны кашайып. Анткени ургаачы төрөлгөндөн тарта эле коомдо аны “аял кандай болушу керек” деген эреже-нормалардын чегине түшөт экен. Ага жүздөгөн талаптар таңууланат. Бир кездерде ошол эле батыш мамлекеттеринде аттуу-баштуу инсандар аялды уй дешкен, тоок дешкен, кыскасы жаныбарларга теңешкен, адам ордунда көрүшкөн эмес. Биз азыр сындап аткан феминизм кыймылы мына ушундай обьективдүү шартта пайда болгон.
— Деги аял деген ким өзү? Менин жообум: ал эң оболу адам. Тилекке каршы, биз көп учурда ургаачыдан адамды эмес, аялды гана көрүп атпайбызбы.
— Өзүм ургаачы катары аялзатынын ченемсиз бактысын да, көп көйгөйүн да жон терим менен сезип келем, көрүп келем. Аял темасына кайрылбай коюуга чарам жок. Аял темасынын кырлары менен сырлары оголе көп да. Мен ага колдорум, буттарым менен чырмалып калгандаймын. Аял каармандарым мени чырмап эле албай, кээде чыйралтып да коюшат. Окурмандарым да көбү аялзаты. Чыгармаларым тууралуу пикирди да аялдар көп айтышат. Көбүнчө “аңгемеңиздин каарманынан мен өзүмдү көрдүм, же менин апамды, же тай энемди жазып коюпсуз” дешет. Ырахмат айтышат. Мен болсо, демек, каармандарым типтүү экен, типтүү каарман жаратыпмын деп ичимден кудуңдап калам. Чындап келгенде аялдар көп жагынан окшошпуз. Анткени аялзатынын баарынын тилеги, ойлору окшош. Насилинде жаман кыз, жаман аял жок, эгер бар болсо аны биз өзүбүз, коом жаратып алат экенбиз.
— “Жүз аарчы” аңгеменизде өмүр бою чогуу жашап келген карыган кемпир-чалды карап багуу үчүн уулдары менен кыздары эки жакка бөлүп алып кетишти. Окуп алып, көзүмө жаш тегеренди, ушунчалык таасирлендим, бу чыгармаңыз накта сүйүү тууралуу экен, ушундайбы?
— Ооба, бул эки адамдын ортосундагы сүйүү, жок, сүйүүдөн да бийик, андан да өйдө өсүп чыккан сезим тууралуу. Көп жыл чогуу жашап, кошо карып, кошо арыган жубайлар балдарынын колуна биротоло түшүп калышкан учур. Экөөнүн бири бирин аяганы, сагынганы, кыя албаганы, бири бирин беш колдой билип, бири бирине жуурулушуп, бир бүтүнгө айланып кеткенин туюнтуп турбайбы бу эки адам. Анан ошол бир бүтүнгө айланып кеткен эки адамды балдары көз көрүнөө эки жакка бөлүп коюшпадыбы. Анан жүрөк сыздайт да. Аңгеме го аңгеме, мындайды көргөндө жөн эле кыйкыргың келет. Бир мезгилде апам катуу ооруп, доктурлап шаарда көбүрөөк жүрүп калды. Жол алыс, атам айылдан эки ирет келип кетти. Мобилдик байланыш жок маал. Таяк таянып калган атам районго телеграфка келип апама телефон чалат, экөө көпкө сүйлөшүшөт, күдайдын куттуу күнү. Экөөнүн сөзү бүтчү эмес. Апамдын көзү өткөндөн кийин атам да тез эле жубайынын артынан кетип калды. Атам апамсыз жашай албады. Бул аңгемеде балдарга ата-эне болуп, көп жыл чогуу жашаган эрди-катындын ортосундагы жаралган өзгөчө, түбөлүктүү сезим тууралуу айткым келди. Мындай сезим көбүбүздө болсо экен дегим келди, анан да мындай бүтүнгө айланган асылдар көзү тирүүсүндө аргасыз бөлүнүп калбаса экен деген тилек. Кыйкырык.
— Жазуучу же акын адатта өзү да окумал адам болот эмеспи, сөзсүз кайсы бир авторлордун чыгармаларын өзгөчө сүйүп окуган учурлары кездешет. Сизде ушундай адат болду беле? Кыргыздын же дүйнөлүк жазуучулардын кайсы чыгармаларын, эмне себептен жактырып окудуңуз эле? Учурда деле окуйсузбу?
— Ооба, китеп окуп чоңойдук да. Көп китеп окудум. Бирок арасында сен айткандай өзгөчө сүйүп окугандарым – улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары. “Кылым карытаар бир күндү” бир канча ирет окуп чыктым, азыр да окуй берем, окуган сайын өзүм үчүн бир жаңы ачылыш таба берем. Мурза Гапаровдун дээрлик бардык чыгармаларын жакшы көрүп окудум, анын стили, тили, чыгармачылык ички эркиндиги, ээнбаштыгы мени азыр да кызыктырып келет. Кубатбек Жусубалиевдин “Күн автопортретин тартып бүтө элеги” ушул күнгө дейре мени таң калтырып бүтө элек. А. П. Чеховдун аңгемелери кыскалыгы, бирок жүрөккө жеткен нускалыгы менен кайра-кайра окугуңду келтирет. Бул улуу жазуучу орустун карапайым адамдарынын ак көңүл мүнөзүн, алпейимдигин алаканга салгандай жаратып койсо, Л. Толстой орус дворяндарынын, байларынын жашоосундагы оош-кыйыштарды, трагедияларды укмуш чагылдырган да. Ушунусу менен бу эки жазуучу орус турмушунун чындыгын ар тараптуу көрсөтүп, окурманга сунуп атпайбы. М. Шолоховду, В. Шукшинди, А. Камюну, Ф. Кафканы, Э. Хемингуейди, Г. Маркести, А. Рзаевди, О. Памукту, Р. Гюнтекинди ж.б. көптөгөн жазуучуларды окудум. Кийинки маалда аял прозаиктердин чыгармаларына ыктап атам. Австриялык калемгер Колин Маккалонун “Поющие в терновнике” романын жакында дагы кайталап окудум. Канадалык жазуучу Элис Манронун аңгемелерин кыргызчага которсом деген оюм бар. Азыр аудиокитептер көбөйүп, чынын айтсам, окуганга караганда көбүрөөк угуп калдым.
Маектешкен Махабат САИДРАХМАНОВА,
“Кыргыз маданият борбору”, 21.04.2026-ж.
