Түйүнчөк

2/5 - (3 добуш)

(аңгеме)

– Жүрү, түштөнүүгө барсаң чогуу баралы.

– Мен, бул жактан…

– Эч кам санаба, кызым. Бизге партия түшкү тамак үчүн өз алдынча төлөп берет. 

Дарика, бул партияга жумушка кирүү стажировкасын бүгүн баштаган. Негедир, баары аны жылуу кабыл алышты. Же баары жаштары улуу ага-эжелер экениненби, айтор, 2-3 саатта эле, ага баары үйрүлүп түшүп, ордун даярдап, эмне иш кыларын түшүндүрүшүп, маанайы жайдары. 

Эсен болсо, Дарика  келери менен Уултайы босогодон баш баккандай ордунан тура калды. – Саламатсызбы? – деп учурашып, жылмайып караса, ууртундагы чуңкурчасы да кудум кызыныкындай. Аң-таң болуп туруп берди. Бухгалтер Ырыс – Уултайдын сүрөтүн кабинеттен дайыма көрүп жүргөнгө  дароо Эсенди карап, анын абалын түшүндү. Кызынан айрылып, кыйла кыйналып жүргөн. Экинчи жылга аяк басса дагы, көп учурда аларга айтпаганы менен бир күн куру кетирбей сүрөтүн телмире тиктеп сүйлөшчү. Бир курдай кесиптеши Азамат “Ой, байке. Болбодубу эми, кызыңыз дагы кыйналбай жатсын”, – десе “муну мага калтыр”, – деп акырын гана жооп кылган. Ошону менен даап, эч кимиси назар салып эч нерсе дебейт, сооротпойт. 

– Силер түштөнүүгө бара бергилечи, мен иштер менен кеттим.

Шашкалактап, анын абалы башкача болуп турганын баары баамдашты. Папкеси колунан ыргып, жерге түшкөн кагаздардын арасынан Дариканын дагы документтери сүрөтү менен булак этип чыгып калбаспы. Жаш эмеспи, жерге чачылган кагаздарын жыйнап, өзүнүн документтерин байкап калды. “Мени эле алып калышса экен. Эмнеге менин документтерим жанына алып алган?” деген бүшүркөө Дариканы дароо ойго салды. Эсен болсо, мунун баарын жубайына айтканга шашып бараткандагы кербези болчу. Ага азыр бул жаш кыздын анын жумушка кирген же кирбегени эмес, “эмнеге менин кызыма куюп койгондой окшош?” деген суроо кызык болуп турган.

* * *

– Жамила, карачы, бул кудум эле Уултай, Жалал-Абаддан болот экен.

– Кудайым ай, ушунча да окшош адам болоорбу?

Жамиланын көзүнөн жашы чууруп, кайра жолдошуна суроо салды. 

– Эстечи, бай болгур! Жаза тайып, сен жаш кезде…

– Түй ата, бээ десем, төө дейсиң. Ким билсин,  Уултайга  Урматайга караганда  бул кыз окшош экен го.

– Кеп ошондо болуп жатпайбы. Түшкө чейин баарын текшердим. Тууган-урук, тагаларымды бир сыйра электен өткөрдүм.

– Өз баскан жашооңду да электен өткөрдүңбү?

Жамиланын көз карашы Эсенди жекире карады.

– Андай болсо, ушул жерге сага келемби?

Ким билсин?

– Андан көрө, сен жакта Жалал-Абаддыктар жокпу?

– Уултай сенин көчүрмөң болуп турса, тай жагынын кандай тиешеси бар?

Экөө эски жаралары тырмалгандай элки-солку абалда жумуштарына барбастан, кыздын ата-энесине жолукмай болушту.

* * *

Бишкектин кичи райондорунун бириндеги 4 кабаттуу үйдүн алдына келип, ошол жердеги дүкөндөн Жамила конок каадасын кылып, тасмал даярдады. Коңгуроону басышканда, эшикти шыңга бойлуу, жылдыздуу келин ачты. Бая телефондон ачыгын айтышпай, жөн гана жолугалы дегенде, келин кырс мүнөздөй көрүнгөн. Анын андай болушу албетте себептүү. Тааныбаган адамдар эле сиздерге жолугалы деп турса, кичине коомайланганы чын. Кыргыздын пейилинен айланса болот, конок бөлмөсүнө баш багышып, аларга арналган дасторконго бата кылып, чайга карашты. Аял киши, ары жак-бери жакка маани бат берет эмеспи. Жамила  бул келин бул жерде туруктуу жашабаганын сезип турду. Үйдүн ичи 90-жылдардагыдай жасалгаланыптыр. Ошол учурдагы Кытайдын ар түркүн түстүү гүлү бар терезе пардасы, жалпак диван, жаңы чыккандагы алгачкы түстүү телевизор, баары ошол учурдун эл алды болуп жашаган үй-бүлөнүн үйү экен деп, киргенде эле боолголоп койду. 

Кепти Эсен баштады. Окуяны кандай болсо, ошондой баяндап берди. Дариканын туугандары тууралуу билгиси келгендерин, айтор, балким, жөн гана окшоштук болсо, көксөөлөрүн суутпаса болбой тургандыктарын кызынан айрылган ата-эне катары түшүнүндүрүштү. Адегенде Жамила өзү курдуу, аялзатын элестетип, “ушу Эсен, сен эле” деп, кекенип келе жаткан. Бирок кыйла жаш келинди көрүп, оолуккан кызгануу сезими саамга токтой түштү. Азыр да келин Дарика анын улуу кызы экенин, жолдошу экөө Бишкектин чыгышындагы айылда жашарын айтып, ал дагы сүрөттөрдү карап, окшоштуктарына таңданып турду. Жамила тымызын келиндин канча жашында, кайсы шаарда төрөгөнүн, окуган жайларын сураштырып, эч эле алардын ошол жылдардагы жашоосуна сыйдыра албады. Келиндин аты-жөнүн дагы тактаганга жетишти. Зейнеп Субанбекова. Жалал-Абаддык курбусунан дагы бир сураштырып көрөт го. 

– Зейнеп, каршы болбосоңуз, чоң аталарынын дарегин алып сурасак болобу? 

– Алар өтүп кеткен. Анын үстүнө Дарика менин апама куюп койгондой окшош. 

– Биздин кыз болсо, тескерисинче, атасына окшош, – деген Жамила эми Зейнепти бир сыдырым карап өттү. Уултай менен Дарикага окшоштугун деле анча байкабады. Эсен сырдын түйүнү эми чечилип бараткандай, оозунуп сурап жиберди.

– Апаңыздын дарегин бере аласызбы?

– Айтмакчы, бул ата-энемдин үйү. Атамдын көзү өтүп кеткенине бир топ жыл болду. Апам акыркы 2-3 жылдан бери ооруп жүрөт. Көкүрөк күчүгүмүн, апамдын. Мен жумушка келгендей келип, апамды карайм. Кечинде,  жеке менчик ооруканадан мед айым келип карайт. Апам өмүр бою кызматта иштеп, бийлиги күчтүү, хе-хе-хе. Эч нерсени ансыз бул үйдө өзүм билемдикке сала албайм. Көрдүңүздөр, бул үй музей сындуу. Үйгө чогуу жашаганга да макул эмес. “Тапкан ташыганым жетет”, – деп, мага да айлык берет.

Эсен менен Жамила бизден башка да киши бар беле дегенсип, эки жакты карашты. 

– Азыр апам үйдө эмес. Бүгүн доктурга мед айым толук текшерүүдөн өткөнгө алып кеткен. 

– Бизде дагы ушундай медициналык камкордук бар экенин билбептирмин. 

Эсен ийнин куушурду. 

– Азыр акчаң болсо, баары болгон заман болбодубу, – деп Жамила коштоп койду.

Зейнеп эми эмнеге Эсендин жүзү тааныш жылуу учурап атканын байкагандай, анткени анда апасына болгон окшоштук бар болчу, белгисиз бир жылуулук менен жүрөгү ачылып, коркпостон сүйлөп кирди.

– Апам – кыйын кемпир. Американы биринчилерден көргөн кыргыздардын бири. Ошондуктан, баары – карылыгы да башкача өтүүдө. Дариканы дагы билимге үгүттөгөн, жакшы окуу жайдан окуткан дагы ушул апам. 

Ал аңгыча Зейнептин кол телефону шыңгырап, апасы келе жатканын билишти.

* * * 

Эсен менен Жамила элестеткендей оорукчан, карылыкка өтө моюн сунган бир апа босогону аттаган жок. Тескерисинче, зыңкыйган, карыса да белин түз кармаган, чачын куудай аппак басса да, чыкчырылта түйгөн, кайратынан кайта элек, бир караган кишиге сүрдүү көрүнгөн байбиче, мед айымдын коштоосу менен келди. Кызы менен учурашып, Эсен менен Жамиланы көрүп дароо өз бөлмөсү жакка өттү.

– Апоуу, булар…

Демейде суроо артынан суроо салган апасына, булардын ким экенин айткыча эле апасы ары бурулуп, өз бөлмөсүнө кетиши, кызы үчүн таңкалаарлык болду.

Зейнеп медайымга алаксып, аны узатып болгон соң, апасынын артынан кирди.

Эсен менен Жамила олдоксон боло түшүштү. “Кары киши ооруп атса, биз да тергөөчүдөй болуп келип алганыбыз кантели”, – Жамила оюнда байбиче бизди жактырбады окшойт дегенсип, Эсенди бир нукуп өттү. Зейнептин апасынын бөлмөсүнө киргенден чыкканы бат болду. Байбиче баягы кийимдерин чечип, эми кененинен келген кемпир көйнөгүн кийип алган экен. Алгачкы Эсендерди карап, бүркөлө түшкөн кабагы жок, саал жайдарылана түшүптүр.

Ии, кийимин которгону кирген тура, – деген Эсен эми ушул апа баарын билчүдөй, байбичеге жакындады.

– Саламатсызбы? Учурашканга да үлгүрбөй калдык.

– Садагаң болоюн, акыр түбү жолугаарым сезгем.

Учурашайын деген Эсенди кучактап, бооруна кысты.

– Апа, эмне болду сизге? 

Жок, жок мындай болушу мүмкүн эмес, Эсендин кулагына мектеп жылдарындагы коңшусу сенин апаң башка дегенде, атасы отургузуп алып, “ооба, сенин апаң башка, бирок төрөттөн каза болуп калган. Бул эркектик сөзүбүз болсун, апаң укпасын. Сени кандай гана кылып баккан жок”, – деген сөздөр кудум азыр айтылгандай оюна дароо келди. Бирок байбичеден урган жылуулукту, энелик кучакты түртүп сала алган жок.

– Апа дейм, болдуңуз, деги эмне болду сизге?

Зейнеп да эч нерсенин түшүнбөй, “деги, апам айныгандан алыспы?” – деп, бушайман боло түштү. Жамила болсо, бир да жолу, анын апасы башка экенин укпаптыр. “Аа, кокуй, ооруйт деди эле, ушундай оору окшобойбу”, – деп байбичени аяп турду.

– Тынч эле, Зейнеп. Кел отуралычы мында.

Көзүнүн жашын аарчып, байбиче диванга отурду.

– Апа, булар Эсен байке, Жамила эже…

– Айлайын, тааныштыруунун кереги жок. Жүрөгүм сезген. Ии, атыңды өзгөртүп салган экен ээ? Ошол дейм да, бир курдай окуу жайда иштегенимде, энемин да сураштырып эч эле таппадым эле.

– Кечиресиздер, апамды түшүнбөй турам.

Зейнеп, чындыгында окуя мындай өңүттө уланаарын билбеген.

– Эми, Зейнеп, кел келе гой, сен да мында олтур.

Байбиченин оң жагында Эсен отурган, сол жагын кызына көрсөттү. Жамила айттырбай, жолдошу жакка дивандан орун алды. Аялы-күйөөсү эмнеге келгендерин унутуп калгандай, байбиче эмне дээр экен дешип, кулак салып калышты.

– Бул Эсен – сенин энелеш агаң болот. Жаштыкпы, же мастыкпы, убагында мен да кетирген катачылыгым болгон. Уулуңду тыштап салдың дегенсип, кийин уул да буюрбады.

Жамила апасынын оорусу акыл-эсине байланыштуу окшойт дегенчелик кылып, Зейнептин колун кысып койду. Кабатырланба, айтчусун айта берсин дегендей.

“Апа, эмне деп эле атасыз?”, – деп Зейнеп апасына суроолуу карады.

– Кызым, мен анда жаш элем…

Байбиченин көз алдына  тээ артта калган жаштык кези тартылды.

* * *

– Оңол, сени эже-жездемдикине жибербесем болбойт. Бул курган атаң бул кебетеси менен окутпай эле, эрге берип тынчудай. Ме, бул катты бараарың менен эжеме окут. Маанайын байка, жакшы кабыл алса – калып кал, такыр сыртын салса, бул тыйынды жол кире кылып кайта кел. Кеч күзгө калтырбай, бир айласын табаармын.

Оңол өткөн аптада үйгө келген бейтааныш кишилердин максатын эми билгендей болду. Апасы менин тагдырымды кайталабасын деп, борбордогу эжесиникине кетирип турганын, зирек кыз баамдап билди. Жакада энеси экөө жалгыз калганда, автобекетке жеткирип автобус менен борборго салып жибермек болду. Бирок атасы кимден укканын ким билсин, ошол күнү, таң сүрүлүп баштаганда эшик катуу ачылып, адаттагыдай камчысын кончуна кыстарып кирип келди. Оңол жууркандан башын чыгарбай, эмне болуп кетерин шыкаалап жатты. Кокус апасына кол көтөрсө, бул жолу жөн жатпай, апасынын талабын талашып атканын элестетип жиберди. Апасы экөө кетип калышат. Көрсө, жетим эмес, эже-жездеси бар экен го – тигил жакта. Бирок, ага-инилеричи.  Аңгыча, апасы төшөктөн тура калды. Атасы кызын ойготуп албоо таризинде, жууркан аягын баса, апасына катарлаш отурду.

– Ээй, могу башыңдын тооктой да мээси жок. Кызды кайда делөөрүтүп атасың? Секенден автобуска билет алыпсың.

– Ага кайдан жолугуп жүрөсүң, акмак. Ак никем урсун.

Атасы тайсалдай түштү.

– Эй, сөздү башкага бурбай, жөн отур. Кызды эрге узатабыз.

– Сөздү сен бурба, Жакып! Жок дегенде 20 га чыксын. Жалгыз кызыңдан кутулууга анча эмне ашыктың?

– Ошол жалгыз үчүн – кашымда болсун деп, жуучуларга макул болдум. Чүйгө барып, кызың бузулуп тууп кетпесе мага кел.

– Өз кызыңа ушундай ойлогонуң жол болсун. Оңол – зирек кыз. Окусун, келечеги али алдыда. Буюрса, көрөсүң. Андан көрө, акылың барда – аягыңды тый!

– Олда, энеңди урайын. Канчадан бери көзүң ачык болуп кеткен. Тур даярдангыла, өзүм барып салып келем.

Атасы дароо жини кайтып, сыягы тиги почточу аял менен болгон мамилеси ачыкка чыгып калбасын дегенби, айтор, Оңолду апасы экөө автобекетке жеткирип, борборго салып жиберишти. Кийин бир апасынан “почточу Секен башка айылга эрге тийди” деп, маңдайы жарыла кызына сүйүнчүлөгөнүн да кантип унутат. Жолдо катар, атасынын жылуу кучактаганын бир эстесе, бул кызың бузулуп, тууп кетет дегенин бир эстеп, же атасын жаман көрөрүн же жакшы көрөрүн эч эле ажырата албады. Ошол сезимдер качан кийин, Оңол – уулун төрөп, ата сөрөй менен курбусуна тыштаганында кайталанган.

* * *

Чүй боору кучагын жайып, чекесинен сылап кабыл албады. Тай эжеси жакшы тосуп алмак турсун, үйүнө киргизбей эле, окуу жайдын жатаканасында вахтада иштеген курбусуна жеткирди.

– Бул сиңдимдин кызына баягы бөлмөңдү берип тур. Абдыга өткөндө эле оозумду чоюп, бир туугандарың жадатты деп, эки кайнимди бөлбөдүк беле. Муну кантип киргизем. Мени кошуп үйдөн чыгарып койбойбу? Акчасын өзү төлөйт.

– Ии, ырас болбодубу? Жумуш керекпи? Машинка тергенди үйрөт эми.

– Ой, керекпи өзү үйрөнүп алсын.

– Эмне бүгүн сиркең суу көтөрбөй калган? Деги жумушуңда иштер  жакшыбы?

– Ооба, рахмат сага! Мен жумушка кеттим, түштөнүүдө чалам.

Тай эжеси – Сабира оозу балжайган, толмочунан келген, бою кичине айым экен. Апасына окшош жагын деле байкай албады.

– Тээтиги бурчтагы машинканы бери чыгарып, терип көрчү.

Вахтадагы Алена эжеси ошентип алгачкы жумушка даярдай баштады.

– Сен жарайсың, иштеп кетесиң. Бирок, кайра кетем деп чыкпагандай бол.

Ошону менен аймактык соттордун бирине машинистка кылып киргизип койду. Баягы апасы берген акча менен жашоосу уланып кетти. Айылга телегерамма жиберип, баары жакшы экенин билдирди. Иштеген жеринде Мунара деген кесиптеш курбу күттү. Жаштыктын өзү сулуу демекчи, экөө бирге иштеп, эже-сиңдидей ынак курбуларга айланышты. Вахтачы эже, үй-бүлөлүк шартына байланыштуу жумуштан кеткенде, курбусунун сунушу менен бирге батирге чыкканга жетишти. Баягы тай эжесине ошол менен кайрылып бир барган жок. Кийин кайтыш болуп кетти. Көрсө, ошол Оңол келген учурда оору менен алышып, өз арбайын тартып жүргөн кез окшобойбу. Бир күнү эле жыйналыштан, жаш кадрларды ротация кылышкандарын, аны жана курбусун Нарынга которуп, кийинки жумада кетерин, ошол жактан алты ай иштеп келген соң Жогорку окуу жайга кат жолдоп, юридикалык билим алуу мүмкүнчүлүктөрү бар экенин айтышты. Көрсө, өмүрү көрбөгөн жерге баргандан коркпой калган Оңол сот болом деген оттой жанган каалоосу менен курбусу экөө Нарын жергесине жашоонун эң алгачкы сыноосуна бара жаткандарын билишкен эмес тура.

* * *

Нарындын калкы Оңолго аябай мейманчыл катары дайым жүрөгүндө. Биринчи жер которуусуна караганда, бул жолу барары менен жашай турган жерлери даяр, коноктой тосуп алышты. Алгач, Мунардын ата-энесине барып, ал жакта да эс алуу күндөрүн өткөрүп келишти. Бул эки курбу эки башка чөйрөдө тарбияланганын Оңол үйдүн босогосун аттаганда түшүндү. Ага чейин эбак ал тууралуу кабары бар курбусунун апасы аны жактырбагандай, башынан ылдый карап, негедир текеберленгендей мамилеси менен эсинде калды.

– Оңол, кечээ апамдын оозу ачылып калды го…

Мунара каткырып, курбусун далыга таптап: – Сени да апам ойлосо керек. Силер жашаган аймактын “каймагынын” кызы депчи. Курбуң – кара койчунун кызы тура деп, кетер кеткиче кулагымдын кужурун алды. Койчунун кызы кантип, сотто иштесин? Болгондо да  Фрунзеде дейт. Айттым, силер беле элдин баары, кызмат менен эсептешип жашаган, киши тандаган. Сезимдер менен эсептешпеген. Жашоодо жакшы адамдар да бар дедим.

– Кызык го бул жагы…

– Кызыктын баары, мени тааныштары аркылуу бул жакка которткондорунда болуп жатат. Апамдын оюна эмне келгенин ким билсин?

– Койчу, ошондой да болобу? Буйрукту жогорудан чыгарышса керек.

– Жок, бүгүн апамдын сөзүнөн байкалып турду.

Мунара жаңылбаганы да убакыттын өтүшү менен айкын болду. Жумуштан бөлүнгөн үйгө эки курбуну чогуу бөлүштү, бирок апасы эки апта өтпөй кызын үйүнө алып кетти. Мунара алгачкы айларда өзгөрө түштү. Ата-энеси баягы Оңолдун атасынча, кызынын жакын аймакка, жергиликтүү бир “каймактын” уулуна турмушка бергилери келет экен. Эбак, ата-энелер жең ичинен чечип коюшуптур. Бирок атасы эки жашка өздөрүнчө тил табышканга мүмкүнчүлүк кылалы таризинде, кызын бул жакка котортуп, экөөнүн сезимдери менен эсептешели дегендегиси тура.

* * *

Асанды Оңол курбусунун туулган күнүндө отурушта көрдү. Мунаранын кулпуруп турганынынан улам, аа бир болсо, жигит жаккан экен деп болгоолоду. Кандай жигит таризинде улам аны карай бергенби, айтор, Асан экөөнүн көз караштары да чагылышып атты. Бир учурда кадалган көз карашты байкап калды. Асан ушундай бир жылуу көз караш менен карап турган экен.

– Курбум Оңол, ушундай ары токтоо, ары сулуу.

Капысынан  Мунара аларды кепке тартты.

– Оңол ой тартып турганынан..

Асан ыңгайсыздана, жанына катарлаш турган Мунараны негедир коомай кучактады. Оңол ушул мүнөттөрдө курбусунан кызгануу сезимин байкады, ошол эле учурда Асанды да ага ыраа көрбөй кетти. Бул эмнеси, өмүрү укпаган, көрбөгөн жигитке жашоосун тапшыргандай сезимге эгедер болуп атканынан таңдана да түштү. Курбусу ушул сезимди билип койгонсуп, уялып эки бети албырып, эртерээк кеткенге шашты.

Көп өтпөй, чаламандын чак түшүндө, ал жашаган бир кабаттуу барик тамдарга ууруу кириптир. Ууру деле тандабай, катары менен кирсе керек, болбосо Оңолдо же бир чогулткан акча же бир алтын-күмүш болсочу. Үй-бүлөлүү коңшуларына кыйын болду. Ошолор дуулдап милиция чакырып, ошондо тагдыр – Асан менен Оңолду жекеме-жеке жолуктурду. Бирок, ууру деле табылган жок. Ага окшоп сезимимди уурдаган бойдон адам ууру деле кетти жашоомдон деп, жаш кезинде ошол күнгө наалат айтчу. Тергөөчү болуп иштеген Асан, кызматынан улам, Оңол тууралуу бир топ маалыматтарды сурап билип алды. Суракка шылтоолоп кеч калганынан, үйүнө да жеткирип койду. Ошол кечтен баштап, Асан менен Оңолдун жашыруун сүйүүсү башталган. Кандайдыр бир күч менен сезимдин алдында алсыз болуп, сезими, сүйүүсү үчүн күрөштү жакшы баштаган. Экөө эч нерседен тайманбаган, бул дүйнөдө экөө гана бардай сезим менен ашып кетсе бир айдай жүрүшүптүр. Андан кийин Оңол жеңилип берди. Ата-энелери кийлигишип, акыры Асан менен Мунара баш кошту. Бирок Мунара билмексен гана болуп, керек болсо Оңолду курбу кылды, алардын үйлөнүү тоюнда. Курбусунун катуулугуна баа берди. Оңолду колдогон да, жаман сөз айтып кордогон да жок, билсе да билмексенге салып кеткенине анын Асанга болгон сүйүүсү деп билди. Курбулук сыйынан тайбай, жумуштан которулуп, алыстап кетти. Бах, чиркин сүйүү деген агылган тилди тыйып, бардыгына кайыл кылып коёрун көрүп, Асандын олку-солку сезимин түшүнө албады. Ал башында ата-энесинин айтканынан чыгалбай, бара-бара жөн гана убактылуу, утурумдук сүйүүсү үчүн кечирим сурап тим болду. Ошондо, күйбөгөн жери күл болду го, чиркин! Анткени ал эбак Эсенди курсагында көтөрүп жүргөн болуучу. Баягы атасынын айткандары эп болуп чыга келди го! Кулагына, атасынын кызың тууп кетет деген сөзү, жаңырып, айласы алты кеткен. Кайда барат эми? Бирок наристени жарыкка алып келмей болду. Асанды билбейт, бирок ал анын ак сүйүүсүнөн жаралганы жалган эмес.

* * *

Жумуштагы бөлүм башчынын – Батма Мамбетовнанын жардамы менен эч кимге билгизбей балканактай уул төрөдү. Атасынын ким экенин да ушуга чейин кызыгып сурабаган эже, Оңолдун төрөшүн күтүп жүргөндөй, эми суракка ала баштады. Асан экенин укканда, алаканын шак чапты.

– Билгем, ошол эргул экенин билгем. Бирок сен эмнеге өз бактың үчүн курбуңа баарын айткан жоксуң. Келгениңден бери карасам, жанталашпаган жан экенсиң. Ошол алпейим абалыңа карап, сага боор тартып, мында алып келгеним ошондон. Кой, сиңдим! Белиңди бекем бууп, келечегиңе кадам кыл. Эгер, мээң болсо, баланы барып атасына бер. Ошондо курбуңдун жүзүн сен көрөсүң. Курбуңдун бактысына тоскоол болгуң келбей анын турмушун ойлосоң, ал дагы сага бир жол берсин. Экөөңдө эмне жазык? Эки отто коркпой ойногон жанагы Асан эргул да эсине келсин. Же эри жок тууду аталасың, жумушуңдан айрылып, окууга жолдомо деле албайсың.

Батма эженин айткандары эп болуп турган. Эртеси ал жумушунан айдоочусун жиберип, Оңол Асан менен Мунара иштен которулуп кетишкен айылга жолго чыкты. Боорунда баласы, ага Бакыт деген ысым ыйгарды. Жолдо катар Асанды бул кылыгы үчүн жек көрүп да, аяп да баратты. Бир курдай, эмнеге мындай жоош болуп калган өзүн да жемелегенге жетишти. Өзгөрөм, көрсөтөм мен ким экенимди деп, кимдир бирөөлөргө зекинип коет. Бирок кимге экенин ушул барышта толук билип кайтты.

Айылдын кире беришинде “Көк дүкөн” деген жазуусу бар жерге келгенде жол четинде кол булгалап турган Мунараны көрдү. Айдоочу да аны тааныган адамдай дароо ошол жерден ай-буйга келбей эле токтоп берди. Оңолдун болсо жүрөгү тез-тез согуп, уулун бооруна бекем кысып, ордунан козголбоду. Болду болбоду Батма эже коңгуроо кылып эле айтпаса, башка эч ким билбейт болчу. Ал эжем деле эки жүздүү го деген күмөн саноо, көздөрүнүн кычыктарын жашка толтурду. Азыр курбусу бир деме десе эле ыйлап жиберчү абалга келди. Чындыгында, анын астында Мунаранын апасы келип, аны дегдеңдетип иштеген жеринен алып, бул жерге келишкендегиси болчу.

– Ой, апа, деги тынччлыкпы? 

Ал-жай сурашкандан кийин кабагы карыш түйүлгөн апасына кызынын берген суроосу ушул болду.

– Итирейген жанагы курбу сөөрөйүң баласы менен мында келе жатыптыр. Асанды ээрчитип кетип калбасын деп, таң азанда үйдөн чыктым.

Мунаранын кабагы эми астейдил түйүлүп, ичи ачышкансып, жаман болуп кетти. Асанды сүйгөнүнөн, курбусун да жакшы көргөнүнөн улам баарын ушуга чейин унчукпай жөн гана көтөрүп келген. Эми, эгер курбусу бала менен келе жатса, демек ал акыры Асанды кайрыгысы келген чыгар. Анын үстүнө кош бойлуу болуп калсам деген изги тилеги да ишке ашпай, ичте бушайман эле. Бирге түтүн булаткан соң жолдошунун баласаак экенин баамдап, анын тымызын балалуу болсок деген изги каалоосун байкап жүргөн.

– Биз арыта унаада байкап турабыз.

Апасы жалгыз келбей, атасынын айдоочусу жана жанында курбусу, Батма Мамбетовнанын коңшусу – Түгөл бар болчу. 

Мунара унаанын арткы эшигин ачып, Оңолго катарлаш отурду. Ооз учунан гана – жакшысыңбы дегенге араң жарады. Апасынын айткандары боюнча, дароо эле курбусун беттен алып, экинчи кайткыс кылып коркутуп, баланы колунан жулуп алып, унаадан чыгып кетүүгө адамдык абийири жол берген жок. Айдоочу экөө сүйлөшүп алсын дегенчелик кылып, сыртка чыгып тиги дүкөндү көздөй басып кетти.

– Асан кайда? Мен ага жекеме-жеке жолугушум керек.

Оңолдун оозу акырын кыбырап, айткан сөзү ушул болду.

“Жанатан мен муну аяп отурсам, кара, деле Асандан кеп баштаганын, апам айткандай бул туура эле эрине катын болгусу келип келе жаткан турбайбы”. Мунара эми чыйралып, наристенин бетин ачып, ичинен эзилип турса дагы сыртынан жылмайып, мурдунан чымчып койду. Кудайым ай, ушул наристени ал кучактап отурса, жарашпайт беле? Колуна алгысы келди, бирок бул жакка уулун таштаганы келе жатканын унута түшкөндөй Оңол бек кучактап курбусунан баласын кызгангандай, бергиси келген жок. 

* * *

– Кой, тиги менин эзилме кызым, эзилип отуруп, эрин тарттырып жибере электе, мен аягына чыгарайын…

Унаада отурган Мунаранын апасы кызынын артынан келип, эшикти ачты шапа-шупа Оңолду сүйрөп чыгарды.

– Апа, акырыныңыз, абайлаңыз. Бала…

Мунара чүкөдөй эле болуп, өңү кер-сары тартып калган курбусунун колунан наристе түшүп кетпесе экен деп санааркай, апасы турган тарапка чыгып келди.

– Келе, баладан айланган гана бир байкуш. Эри жок тууп, жакшына эри бар курбуңдун жашоосун бузганы келдиңби? Эми, баланы көрөм деп ойлобо.

– Асан кайда? Мен ага жекеме-жеке жолугушум керек.

Оңолдун оозунан ушул эле кеп түшкөн жок. Башка алар менен сүйлөшө турган деле дарманы жок болчу. Болгону өз оозу менен атасына баласын тапшырайын дегендеси эле.

– Асандын балакетин ал! Экинчи анын атын атабагандай болосуң. Азыр, ушул жерден түз кара койчу атаңдыкына жеткирем. Жанагы таянганың Батмабы? Мен аны эртең эле жумушунан алдырып, экинчи сага жологус кылбасам мага кел.

Сени жаап-жашырып, туудурган да ошолбу. Аны жыйналыштан жыйналышка салбасам мага кел.

Оңол чочуп кетти. Жок, ал айылына барбайт. Батма Мамбетовнага да барбайт. Болгону баласын Асанга тапшырып Чүйгө кетет. Бул оюн сыртка чыгарып айтууга тили күрмөлбөй жатты. Эки тараптын ою бир болуп атса деле кызы менен энеси аны башкача түшүнүп алгандарына таң калып атты. Батма эжеси буларга айтпаганына ынана түшкөндөй болду. Ал айтса, айтмак да Оңол уулун тыштаганы бара жатат деп, демек башка кулактардан угушкан окшойт. Аны териштирчү убакытпы, мелтиреп Оңол ушуларды ойлогуча, колунан наристени алышып, эбак Мунара кучактап турган экен. Эсине келе түштү, Оңол.

– Мунара, эже эмне болуп атасыздар? Мен баарына макулмун. Бирок, Асанга жолугушум керек.

– Ай, сен кандай бир сөзгө келбеген, сөз укпаган немесиң. Оосурган кыз, оосурбаган кыздын бетин тырмайт деген, сен экенсиң го. Жолукпайсың.

– Апа, балким үйгө барып, ошол жактан Асан келсе…

Мунара курбусун уулун гана таштаганы келгенин эми жүрөгү менен сезгендей, аны түшүнгөндөй, анын айтканы менен болгусу келип, Асанга жолуктургусу келип турду. Колундагы наристе аны мээримге бөлөп, денесин балкытып турган эле.

– Иий, алда курган кызым ай. Алпейимсиң азыр да. Эриңди өз колуң менен курбу сөөрөйүңө берген турасыңбы? Куттуу коломтоңду ушул сенин башыңды аттаган кишиге аттатканы турган кандай жансың деги, кызым?

Кызынан майнап чыкпасын түшүндү окшойт, эне эми бул ишке өзү чекит койгусу келди. Уулун алгысы келип, Мунарага жүткүнгөн Оңолдун астын торой, колунун учу менен анын ээгин өйдө көтөрүп, кашты кага кеп салды:

– Жетишет. Баланы ташта дагы, төрт тарабың кыбыла. Кокус кайра кайтып, кыз-күйөө баламдын жашоосун дүрбөлөңгө салам дечү оюң болсо, азыр унут! Ушул жерден кайтсаң, жумушуңдан түштүк жакка которуласың, кокус Асанга жолугам, деп кекээрленсең ашмалтайың чыгарып, эл-жерге батпагандай жашоону уюштуруп коюу менин колумдан келет. Тандоо сенде. Же сенде артыңда Мунараныкындай ата-эне болбосо, кимге таянасың? Таалайлуу менен талашпа дейт. Таапсың кимдин кызы менен тең тайлашканды. Андыктан, ушул жерден эсиңе кел!

– Ысымын Бакыт деп койдум. Бул жакта кийимдери бар… деп Оңол унаадан алып чыккан кичинекей түйүнчөктү Мунарага сунду.

– Мунара, баланы жакшылап кармасаң, кийим табылат…

Апасынын акшырая караган көз карашы сунулуп келе жаткан колду токтотуп, баланы эки колу менен бекем мыкчый кучактатты.

– Аты-жыты, кийими деп баш оорутпа, каралдым.

Оңолдун оюн эми түшүнгөндөй, апасы анын туура чечим чыгарганына ичинен куштар болуп, ага кагылып сүйлөй, сүйүнүп кетти. Мунара курбусунун жашка муунуп, аргасыздан ушул абалга барып, уулун аларга берип атканына жүрөгү ачышып, өзүн-өзү жектеп, апасынан ыйбаа кылып турду. Ага карабай, Оңолдон биринчи көз жашы кылып ыйлап жиберди.

– Оңол, алтыным! Биз эч нерседен кем кылбай багып алабыз. Сен кам санаба. Өзүңдү карап, жакшы жүр.

– Сен деги кимди тарткансың? Бас болду эми, экинчи жолуңар кездешпесин деген апасы Мунараны кеттик дегендей, унаасы тарапка айдоочусуна кол шилтеди.

– Мен, мен… баламды бир жыттап алайынчы…

Оңолдун акыркы сөзү ушул болду. Кыркы чыга элек кызыл эт наристесинин жытын өзүнө сиңирип алчудай, жыттагылаган эненин көз жашы неристенин чүкөдөй бетине жамгыр сымал жая акты…

Жолдо катар, баягы айылдан шаарга алгачкы ирээт кетип бара жатканда атасын жакшы көрөрүн билбей бир сезимге тушуккан ошол сезим дагы курбусуна карата козголгонун байкады. Бирок анын апасынын кемсинткени – анын мен силерге көрсөтөм деген напсисин тойгузуп койгон. Эмчеги сайгылашып, сүткө толгон сайын, алсыз колдорун муштумга айлантып, өзүн-өзү муштагандай сезимде баратты. 

* * *

– Мына ошол сыздаган Оңол мен өлбөй эле, өрөлөй чаап, силердин алдыңарда отурам, кагылайындарым. Андан бери далай суу акты. Жакшы жерге турмушка чыгып,  алтын аяктан суу ичтим, кыздарым төрөлдү. Иштен да жолдуу келип, делегат болуп, дүйнөнү кыдырдым. Көр алдында отурам, калп айтпайын, бирок ушуга чейин эч бир Бакытым сенден кам-санаган жокмун.

Эсен башын жерге салып, Жамила эмне кылсам дегенсип, аны ийинден таптай отурган, ачулуу бирок өзүн кармап токтоо үн менен суроо салды.

– Ушунча жылда бир жолу да эстеген жоксузбу? Мында биз келбесек, жабылуу аяк жабылуу бойдон калат беле?

– Чимкиригим агылып, алгачкы жылдарда эстеп жаман болуп жүргөнүм чын. Кийин гана жогорку окуу жайда иштеп жүргөнүмдө, абышкама ким айтканын ким билсин, менин кыз кезимде төрөп алганым жетиптир. Бирок ал кенебеген, мага гана ишенген адам болгондуктан, менин жообумду сурап, мен жок десем, ошону менен ал суроого кайтып келген жок. Ишенди мага. Бирок мен Бакыттын студент болуп калган курагы экен деп, колуман келишинче бардык окуу жайдан сураштырдым. Анда деле, өз жашоомду өзүм бузуп, сени таап алып, сенин жашооңо бүлүк салгым келбеди, уулум. Ошентип, сураштырып баштаганда эле, негедир ички туюмум, мени токтот дегендей белги кылып, ооруканага жатып калдым. Атыңды миң жолу өзгөртүшсө да, сая түшүп сураштырсам таап алмакмын. Бирок өз айыбымды өзүм ачып, эки уядай болгон эки үй-бүлөнү бузгум келбеди. Мунара сага – мыкты апа, Асан – мыкты ата болоруна, сени аларга таштайм деп чечим чыгарганымда эле ишенсем керек.

– Ооба, атам-апам жакшы адамдар деп, Жамила кеп баштап келе жатты эле, Эсен жактырбагандай: 

– Жамила, токтот деп, – кесе сүйлөдү.

– Сиздердин тынчыңыздарды алганым үчүн кечирим сурайм. Сиздерге чоң рахмат! Биз кайталы.

Эмне дешти эч кимиси билбей, бири бирин карашса, төртөөнүн тең көздөрү жашка чайылган экен.

– Оңол апа, ушунун баары чындык болсо, мени бул дүйнөгө жарыкчылыкка алып келгениңизге ыраазымын. Бирок, ата-энемдин көзү тирүү кезинде алардын жүрөгүн оорутуп, ал-бул дегим келбейт. Бар болуңуз!

– Олда катыгүн айее, мунун баары чындык. Мен сага калп айтып нетейин, каралдым. Менин да жүрөгүм тынч. Накка тынч. Жакшына жубайың бар экен. Түстүүдөн түңүлбө дейт, түрүң түзүк инсан болупсуң, балам. Бар болгону бул сыр мени менен кетпей, төрүмдөн көрүм жакын калганда, кызыма, өзүңө ачылганына кубанып, көөдөнүм жеңилдеп калды. Бактылуу болуп, балдарыңардын урмат-сыйын көргүлө. Өсүп-өнүп, көбөйгүлө. Дөөлөттүү карылыкка жеткиле, кагылайындарым. Оо Кудайым, эми өлсөм сөөгүм ыраазы. Ушунуңа да шүгүр, калганы бир өзүңө маалым. Бар болгула, балдарым!

Оңол бата берип, Эсен менен Жамиланы кучактап, беттеринен сүйдү. Зейнепти да бетинен өөп, кулагына бир нерселерди шыбырады. Кызы ордунан туруп, апасынын бөлмөсүнө барып, колуна калпак, жоолук жана кичине түйүнчөк алып чыкты.

– Куттуу үйдөн куру чыкпай, анын үстүнө Кудайым өзү баламды мында алып келип отурса, бул калпакты кийип кет. Келиниме өзүм алгач ак жоолук салбасам дагы, бүгүн бир жоолук салып коеюн, – деген Оңол Эсенге калпакты кийгизип, Жамилага жоолукту салып, кичинекей алакандай түйүнчөккө келгенде саамга опкоолжуй кебин улантты.

– Береги түйүнчөк ичинде сенин эки топу, 4-5 момосуй жалаяктарың мени менен дайыма бирге болушту. Ошол сенин наристе жытың менин окуп-чокуп, үй-бүлө күтүп, артымда из калтырышыма себеп болду. Ыраазымын айланайын. Уучунар узарсын каралдым.

Зейнеп чочугандай кепке аралашты.

– Ой апа, бул меники деп айттыңыз эле го…

– Меники деп, кокус көрүп калгандардын баарына эле, айткам, балам. Кайсы бетим менен бул кичинекей түйүнчөк баянын айтмак элем. Бул түйүнчөк өз вазыйпасын менин жашоомдо аяктады. Эми, Эсен, муну ата-энеңе көрсөтөсүңбү же жокпу эрк сенде. Кокус, апаң көрсө, эсинде болсо эстээр. Бул түйүнчөктү сени таштап жатканда албай кетишкен. Ал курбум деле ичим тап болуп жүргөн чыгаар. Анткени, ал ушунчалык жүрөгү таза, жакшы адам.

Ылдам эле, жарым кылымдык сыр сыртка калкылдап чыкканына дендароо болгон жубайлар, жылуу коштошуп үйлөрүнө кайтышты.

Бир топ күнгө баягы түйүнчөк менен калпак, жоолук Эсендин унаасынан түшкөн жок. Жамила лйлоду: – Сыягы, ыргытып салат окшойт деп.

– Мында эмне күнөө, келе, үйдөгүлөргө көрсөтүп, ыргытканда ар кимге тебеленип калат, андан көрө өрттөп салайын.

– Жок, калтырып кой.

Ошону менен ага өзүң билчи дегенсип, Жамила ага өзү ойлонуп чечим кылсын деп, кайрылып кайра сураган да жок.

* * *

Эсен күндө жумушка баратып-келатып караганы баягы түйүнчөк. Шайлоо учуру болуп жаткан, иш кызуу жүрүүдө. Кабинетиндеги кызынын сүрөтүн да алып, аны эми Жаратканга тапшыргандай болду. Дарика болсо, бат эле жумушка киргенине сүйүнүп, болгон адискөйлүгүн көрсөтүп иштеп кетти. Эсен колунан келишинче баягы жай турмушуна кайра сүңгүп киргиси келген. Бирок унаадагы түйүнчөк ага улам-улам өтмүшүн эстетип жатты. Өзү дагы бир жолу таштандыга ыргытып салып, кайра барып алып келди. Үйүнө бараткан жолдо, алакандай түйүнчөктү кучактап, бир кыйлага шолоктоп ыйлап алган жайы бар. Жышылып бараткан момосуй түйүнчөккө бир саамга жаштары акканын көрүп, бул жаштар кайда катылып жатканына таң болду. Кыргызда эркек ыйлабайт десе эле, көрсө, ыйын да катып жүргөн тура. Бир жеңилдеп, ага кошул кызынын өлүмүн да толук коё бергендей болду. Жараткандын кереметин кара, төрөгөн апамдын алдына кайдан, жайдан өзүм барып, ал кишинин жүрөгү тынчыды. Оңол апанын батасын берип, ыраазычылыгын айтып, кудуңдап узатканы бир саамга көз алдына тартыла түштү. Ал киши менен деле ата-энеси туура көрсө катташып турат. Жаратканга жалбарып, бир кыйла убакыттан соң, акыры бул түйүнчөктү ата-энесине көргөзүп, аялы айтмакчы өрттөйбү, айтор, бул окуяга чекит койгусу келди. “Бала тапкандыкы эмес, баккандыкы” дегендей, анын түркүгү, аска-зоолору болгон, эчкинин жашындай жаштары калган ата-энесине маалымдабай, бул түйүнчөк тарыхына өзү жалгыз чекит кое албасына көзү жетти. Ооба, баары мурункудай эле болот. Бул да болсо кудайдын маңдайга жазганы. Ал ушуларды ойлонгуча, “туура Эсен, алар да жүрөк заада болбой, женилдеп калышат” деген үн кулагына жаңыргандай болду…

Автор

  • Бала кезинен китеп окуганга кызыгат жана жазуу терапиясын жан дүйнөнүн дарысы деп билет. Учурда үй-бүлөсү менен АКШда жашайт.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген