Турса болду
“Элүү жылда эл жаңырып, жүз жылда
жер жаңырып, бүтөт доорлор биздин да”, –
десе улуулар, турар элек таң калып,
Ай-асмандан келген сымал биз мында.
Атырылган агымында мезгилдин,
Аралашып калбай мен да тез жүрдүм.
Элүү жылда эл жаңырды, чын эле
Эл ичинде жашап жүрүп, эскирдим.
Абай салсам, эски көздөр азайып,
Айланамда барат баары жашарып.
Мен билгенден Жер, Күн, анан Ай турат
Калгандары жаңырганы бул анык.
Уул-кыздарым, жаңы ачылган гүл, көчөт
болсо да али бой тирешип күндө өсөт.
Мен айткандар жомок болуп аларга,
Алар мага жашаганды үйрөтөт.
Жакпай сөзүм, жасап жаткан ишим да,
Ачуулары мурунунун учунда.
Жаңырганын элүү жылда адамдар
Түшүнгөнсүп турам ушул учурда.
Жүз жылдан соң, жер жанырса өзгөрүп,
Океан, көл, дайра кетпей бөксөрүп.
Тунган бойдон бакыт, кутка Жер эне
Турса болду, ырыскыга төшөлүп.
“Элүү жылда эл жаңырып, жүз жылда
жер жаңырып, бүтөт доорлор биздин да”, –
десе улуулар, турар элек таң калып,
Ай-асмандан келген сымал биз мында…
03.06.2020
