Үйдүн куту

5/5 - (3 добуш)

(аңгеме)

Күнбү, түнбү, жанымдан карыш жылбай, улуу Күндөй ысык табын чачкан алтын апакем! Кумга сиңген суудай билинбей, кайда кеттиң? Мени мынча издеттиң? Жетим козудай ай-талаага жалгыз таштап, көзүмдү жашка, көөдөнүмдү муңга батырып, карааныңды кайда жашырдың? Сени көрбөсөм, коңгуроодой үнүңдү эшитпесем, бөйрөгүмдү бирөө олуп алгандай өксүп, жан этим кычкач менен кыпчыгандай сыздаарын, ээн аралда коколой баш калгандай боздоп-кейиримди, кайгы-муңга чөгөрүмдү билет элең го!

Боор этинен бөлүп чыгарган өз энем катуу оорудан улам капилет көз жумган. Экөөңдү тең бири-бириңден айрый албаймын. Сени “өгөй эне” дегенге оюм да, тилим да барбайт. Апамдын жылдыгын өткөргөндөн кийин атам сага үйлөнгөн. Биздин үйдөгүлөр, эмнегедир, сага бат эле үйрүлө түштүк. Карындашым экөөбүздү бөбөктөй эркелетип, ааламга нурун тегиз чачкан Күндөй мээримдүүлүгүнөнбү, айтор, сага ыктап, сени өөн көрбөдүк. “Өгөй” деш менин да, бир боорум Азипанын да, жадесе атамдын да оюна келбеди. Бирок сен атама жар болгучале мен айылыбызга коңшулаш шаарчадагы жатак мектепте окучумун. Тоо койнундагы кыштакта сени менен атам жана карындашым турчусуң. 

Бүгүн күн боройлоп, боз ала чапкын болуп турду. Ишемби күндүн сабагы бат эле бүтүп, балдар түштөн кийин үйлөрүнө тарачу. Мен да интернатка жакын турган айыл-кыштактын уул-кыздары сыяктуу апта аягында үйгө барчумун. Сабакта кандайдыр капсалаң иш башыма түшөрдөн бетер орундукка батпай, класстагы чуру-чуу жакпай, үйгө батыраак жетүүнү эңсеп, кулундай туйладым. Анткени сени сагындым. Күндөрдүн өтүшү мага жылдай туюлду. Экөөбүздүн жүздөшпөгөнүбүзгө кыйла убакыт болгонсуду. Акыры, ишемби да келди. Сабак бүтөрдө жаңырчу коңгуроонун батыраак кагылышын күсөдүм. Бөлөк балдардын да үйүнө ашыкканын сезип, алардан озунуп, агайдан уруксат сурадым. Агайыбыз алыста жашаган окуучуларга үйлөрүнө утуру барууга макулдук берчү эмес. Ал шагымды сындырууну каалабадыбы, же биздин айылга каттаган акыркы автобус жөнөп кетсе, жолдо каларымды ойлодубу, айтор, “бара бер” дегенсип, мага ишаара кылды.

Бактыма жараша түшкү автобус унаа бекетте токтоп туруптур. Айдоочу аны жаңы гана от алдырганга камынып атыптыр. Автобус ичи толтура киши. Ага жеткениме сүйүнүп, бош орундук издебей, эшик оозунда туруп калдым. Жоо куугандай күйүгүп келип, тердеп-кургаган кебетеме таң кала тиктеген жүргүнчүлөрдү капарыма алганым жок. Эси-дартым – үйгө жетүү, сени жана атам, анан карындашым менен көздөшүү турду.

Аңгыча кимдир-бирөө атымдан чакырды. Бурулуп карасам, автоунаанын орто ченинде олтурган калпакчан, сакалдуу киши жанындагы орундуктун бош экенин туюнтуп, мага кол булгады. Ал жолду ката окуумду сураштырып, сөз аягын сен жакка бурду. Чамасы, көчөлөш жашап, биздин үй-бүлөдөгү окуялардан кабардар белем?! Мен сезип-туйганды биз менен чогуу жашагандан бетер даана айтып берсе, болобу? Автобустун күрүлдөгү аксакалдын үнүн кээде угузбай баратты. Анын күйүп-бышкан сөздөрүн кунт коё тыңшап, моберекилер эсиме уюду. “Гүлперинин атаң менен карындашың, сен дегенде эт-жүрөгү эзилет. Айылыбыздагы кыз-келиндердин андан өткөн тырмак учуна арзыры жок. Бар кайгысы – этек жалгабаганы. Согончогу канабаган аял жетимдей өксүк, жибектей назик болот. Кымындай нерседен шек санап, капаланат. Анан да бу он сегиз миң ааламдын кайдан, кантип бинаага келгени белгисиздей, түбөлүктүү эчтеме жок. Адам өмүрү кайсы бир саатта шамал тийген чырактай жалп өчөрүн, бороон-чапкын тамыры менен кулаткан дарактай суларын көрүп келатабыз. Жакшы адам гана тирүүлөрдүн эсинде калат. Кадыр-баркын билгенге Гүлпери да ошондой, жөн билги, сыр билги жубай. Ошон үчүн ата-энеңди көзү барында баркта! Жүрөгү токтоп, акыретке сапар тартканда, жер муштап, өкүрүп-бакырып, жоктогонуң кыйшайган кылга татыбайт, балам! Башың менен дубал сүз, чекеңди томуйт, ордуна келбейт. Ырым-жырымдын баарын жаса, мүлдө байлык чач, асман тиреген кабыр орнот, түмөн кыргызды чакырып, байге чаптыртып, “атанын уулу” дедирт. Көз жумган жакының ал зыйнатты тирүүсүндө көрбөсө, андай сый-кааданын эч кимге кереги жок. “Ээк каккан адамга сообу тиет”, – деп өзүбүздү өзүбүз сооротконубуз болбосо, байлык чачканың – өлгөндүн зоболосу, атак-даңкы. Анан үйүңөргө ат тезегин кургатпай каттаган таежең мандемдүү. Дегеле ал атаңдын караанынан көз үзбөйт”. Кошуна кишинин мындай кебин алгач таңазар албаптырмын. Эмне үчүн ал киши сөз аягын Анипа таежеме такап бүтүргөнүн Азипа менен менин көзүмчө атам, таежем менен арай көз чарай сүйлөшкөндө аңдадым. Балким таежемдин көңүлү атамда. Ал келгенде биздин үй кыйсыпыр түшүп, ызы-чууга батар эле. Мына ошону эстеп, “таежем дагы бир шойкомду баштаган көрүнөт”, – деп ойлоп, санаам санга бөлүндү.

– Ким билсин? Таежемди далайдан бери көрө элекмин, – дедим, Анипанын биздикине тез-тез каттаарын билсем да.

Аксакал баш чайкай, күңгүрөндү;

– Ай ошонуң, бирдин үстүнөн чыкпагай эле. Ал атаң менен Гүлперинин ортосуна чыккан уйгак болду. Ажыраштырып тынбасале. Мурдагы күнү ал корооңордо жүрүптүр. Кечээ коңшулардан: “Ал Гүлперини түйүнчөгүн карматып, үйдөн чыгарып койду”, – деп уктум. Укканым ылайым ушак эле болсун!

Денемди тунжуроо басты. Биздин сөзүбүздү тыңшап бараткандай жаныбызда олтургандардан иймендим. Кепти башка нукка бурууну, же токтотууну кааладым. Сөздү ырбаткым келбей, Азипа эжемдин сени кууган себебин ичимден туйсам да, чын-төгүнүн бара көрүүнү чечтим. Бирок, кошунамдан укканым ырас чыкты.

Автобустан түшөөрүм менен жүгүрүп келатып, өпкөм көпкөнүнө карабай, үйгө жеттим. Үйдүн кааналарын, короону, бак ичин, малкананы бир сыйра кыдырып чыктым. Сени таба албадым, апа! Анан сапарлаш кишиден укканым чын экенине көзүм жетти. Четте турган сөөрүнүн кырын өбөктөп, жолго көз салган карындашым Азипага көзүм урунду. Анын жүзү капалуу. Ыйлаганбы, көздөрүнүн айланасы бышарып, шишип калыптыр. Бир боорум ай! Ага жакындаганымда ал улутунуп алды да: “Апам ошол жакка кетти”, – дегендей, жол ылдый үмүттүү карады. Азипа үчүн да ыйык элең, апа! Оорунун салдарынан баспай калган карындашымдын колуна кол, бутуна бут болчусуң. Кенедей чагыбыздан бакканыңанбы, үйүбүз күлкү-шаңга толуп турчу. Бир да жолу кабагың бүркөлгөнүн байкаган эмесмин. Дайым күлүп-жайнап, атам менен карындашым үчөөбүзгө берекеңди чачып, берер нерсеңди таппай турчусуң. Ат-көлүгүбүз жок, кичине кезибизде мени колдон жетелеп, Азипаны жонуңа көтөрүп, биздин тайларыбыздыкына каттап, өз кызынан бетер алардын да ичин жылытчусуң.

Азипа буркурап ыйлап ийбөө үчүн эриндерин тиштенип, өзүн араң кармагансып туюлду. Кимди издеп жатканымды боолгоду да;

– Апам… – дегенден кийин буулугуп, көз жашы көлдөдү. 

Сенин кеткениңди айткысы келгенин мен да чамалап, көздөрүм каканактап: “Эмне болду?”, – деп сураганга жарабадым. Бир боорумду кыйлага соорото албадым. Жоошутуунун аргасы табылбады. Үйгө кирип-чыкканымда байкабапмын. Ички бөлмөнүн каалгасы кыйч ачылды. Ал жактан өңү сур тарткан таежем чыга келди. Колунда атамдын сүрөтү. Ал кара күчкө бетимден сүйдү да, Азипанын көзүн аарчыды. Мага:

– Мени кел десең боло! Бала деген ата-жотосун тааныбаган адамдарга деле салам айтат.

– Кечиресиз, эже! – Анипадан иймендим, бирок, сөзүн уккум жок. Ал Азипа экөөбүзгө алмак-салмак тигилди. Бизден үн чыкпашына көзү жеттиби:

– Өз энеңер өлгөндө да кара курсагыңар менен болуп, мынчалык балбалактабадыңар эле… Эми эмне өпкөңөрдү чаап атасыңар. Кетсе, аты-жыты – жат, өгөй кумайык кетти. Ага ичиңер мынча эңшерилет? – деген сөзү мага жакпаганын туя койдубу, калп эле жылмайымыш этип: – Андан көрө, он ай көтөрүп, омурткасы сыздап, кеселден баш көтөрбөй о дүйнөгө өткөн апаңды эстегиле!

Таежемдин берегидей наалышын уга берип, бышы кулак болуп бүткөнбүз. Мындай кезде атам Азипа экөөбүздү четке чыгарып: “Буга теңелбегиле! Аарынын уюгу, каяша кылсаң, ызылдап, мээңди ачытат. Эң оңою – “Макул, таеже. Сиздики туура!”, – деп койгула. Кутуласыңар”, – деп кулагыбызга шыбырачу. Атамдын ушул акылын эстеп, таежем менен акыйнек айтышууга дитим чаппады. Ал өзүнчө сүйлөнүп атты. Карындашыма:

– Апам көрүнбөйт да, Азипа? – дедим. 

Ушул собол отко май куйгандай болду. Таежем билегимди булка кармап, көрүстөн жакка ишаара кылды;

– Эжемдин…, энеңдин кайда экенин унуттуңбу? Жүр анда, көрсөтөйүн!

Апам мен үч-төрт жашка карап, Азипа баса элек кезде ээк каккан. Атам кез-кез: “Экөөңдү чыпалактайдан чоңойткон Гүлпери”, – деп, таежем жок кезде айтчу. Анипанын колунан билегимди аста чыгардым. Кепке Азипа аралашты:

– Бейитине атам, Гүлпери апам, агам болуп… дайыма барып, куран окуйбуз. Агам өткөн жолу арча тигип кайтты. Таеже, сиз ошону көрдүңүзбү? Мен апамды көрбөсөм да, эсимден чыгарбайм.

– Ай, бали! Кыз деген сендей болсо! Бала төрөп, анын бактысын көрбөй, кеселден башы чыкпай… Жаштайында жайрап, гүлдөйүндө соолуган, эжем!.. – Анипа эмшеңдеп, көзүнө жаш алды. Карындашым экөөбүздү кыйыта: – Маңбаштар! Силер кайдан билет элеңер!? Кардыңар ток, кайгыңар жок, эчтемени ойлобойсуңар! – дегенден кийин мага бурулду да: – Сен эрезеге жеттиң! Ак-караны түшүнүүң керек. Эгер билсең, эжемдин түбүнө атаң менен сен делбектеп издеген Гүлпери туубас жетти. Эл арасында: “Жүрөнөөк эркектин кесепети – аялы менен баласына тиет. Шуркуя катын күйөөсүнүн башын жутат”, – деген кеп бар. Экөөнүн кылыгы… Кудай да көрсө керек, эжем ооруп атканда, булардын ойношконун. Ошон үчүн Теңир Гүлперинин согончогун канатпай жазалады. Экөөнүн арам жүргөнү, карачы, айчырактай силерге тийди. Апаң эмнеге эрте көз жумду?.. Азипа хан, сенин майыптыгың да ошонун балиттигинен. Гүлпери көзүңөрдү оюп жүргөнү менен ишиңер жок, ага тим эле жүрөгүңөрдү чаап… Атаңар баш болуп, туугандын кадырына жетпейсиңер. Жат киши сүйсө да, бирөөгө күйбөйт. Жамандык-жакшылыкта тууганың ашык атат. Чоочун адам тамагыңды жейт да, кетет. Ошондуктан силерге таежең күйөт.

Көзүм калың туманга чулгангандай тунарды. Азипа тескери карады. 

Бир маалда тээ чөбү чабылган кырдан түшкөн жалгыз аяк жол менен биз жакты көздөй келаткан калпакчан киши көрүндү. Айдалысына илген чалгысы кызый баштаган күнгө чагылып, баскан сайын эки жакка теңселип, жарк-журк этет. Калпагы менен маңдай терин аарчып, ал бизге жакындады. Атам экен. Таежемдин сөзүн уккуча, атамдын жанына барып, чөп чаап, ага алгоолошпогонума тартындым. Чабынды жер алыс болгондуктан атам бычан оргон жайга алачык тигип, ал жакта кээде түнөп калчу. Тамак-аш, суусун маал-маалы менен Гүлпери апам ташып жеткирчү. 

Атам чалгыны талдын бутагына илди да, белбоосун чечти. Калпагын күбүп, кол жоолугу менен көйнөгүнө конгон чөптүн пырларын, чаңды күбүдү. Тердегенге ак көйнөгү денесине чып жабышыптыр. Аба үп болуп, күн катуу ысык. Атам чаңкаптыр, эрини кеберсиңки. Аны баамдаган Анипа менден мурда озунуп, жарма сунду. Суусундукту ичкен атам дөңгөчкө олтурган калыбында ага күлө карап,

– Кел, балдыз, жол болсун!

Таежем бизге ары тургула дегендей кол жаңсады да;

– Жезде, келиңиз, чайканып алыңыз. Суу ысытып койдум, – деп, атамдын кулагына: – Чаңкооңузду жазайын, ичкери жүрсөңүз! – деп күлүп айтканы угулду. Атамды жетелемекчи болуп, колунан тартты. 

Таежемдин кебин түшүнбөдүм. Бирок атам анын дитиндегисин болжодубу, ордунан козголбоду:

– Ой, эси жок ай! Ошондой оюң барбы?.. Мага Гүлперим эле жетиштүү… – деп, бизге жакындады. Ыйламсыраган Азипаны бешенесинен сылап, чекесинен өөп, андан сенин дайныңды сурады.

– Аны таежем кетирди. – Азипа сөзүн бүтүрбөй, дагы өксүдү.

Карындашымдын көз жашын көрүп, атам улутунуп алды да, Азипага жалбарды: 

– Ыйлабачы, садагаң болоюн! Өзүңдү кыйнабачы! Тамагың кантти? – деп, карындашымдын жашын сүрттү. 

Ортодо үнсүздүк өкүм сүрдү. Атамдын бая жаркылдаган кабагы чытылды. Таежем жетим улактай бир четте турду. Атам аргасы түгөнгөндөй;

– Э, балдыз, дагы эмне жоро баштадың, балдардын сай-сөөгүн сыздатып? Күйгүздүң го, бу сен!

– Апамды кетиргени аз болгонсуп, баятан бери агам экөөбүздү алмак-салмак тилдеп атат, ата. Апамдын кайсы жакка кеткенин билбейм, – Азипа улутунуп алды.

Сенин караан тутаар жакын урук-тууганың жок экенин Анипа да билчү. Мен сени кайдан издеп, дайыныңды кимден сураардын айласын таппай тургам. 

Анипа эми Азипага атырылды. 

– Кайдагыны дөөрүп атасың? Оозуңа тийгенин оттобо! Бу жерде кармалаар илинчеги, же тууп-чоңойткон чүрпөсү болбогондон кийин Гүлперинин жарык жазда баш паана таап алганына сүйүн. Ага жакшылык кылдым, билсең. Силерди жакшы адам болсун деп, жамап, жаскап атам. Өз менен өзгөнү айыра жүрсүн деген тилегим жаманбы? Биз бири-бирибизге бөлөк-бөтөн эмеспиз. Атаң – бир тууган жездем… Силерге мен күйөм. Жездеке, кечкиге кандай тамак бышырайын? Ага дейре салкын бөлмөгө кирип, эс ала турсаңыз. – Ал атама кыйыла тиктеп, сырдуу жылмайды. Анын учурашканда эле атамдын көзүнүн агы менен тең айланарын, көңүлүн табууга жасаган амалын көп жолу баамдагам.

Атам мостойгон калыбынан жанбады. Балдызынын жайган дасторкону менен ийиле сунган чайына да карабады. Шайы ооп, мени бооруна тартып, чекемден жыттады. Мага сүйөнө олтурган Азипа башын атамдын ийнине жөлөдү. Эми айтар кебин кимибиз кандай кабыл алаарыбызды салмактагандай, таежем үчөөбүздү сыдыра тиктеди. Анан жакага түшүп кетчү жан боорлой салынган таштак жолго көз чаптырды. Атамдын койдон жоош мүнөзү бар. Бирок, бу ирет муңкана:

– Балдыз, сен кайдан, жер алдынан чыктыңбы, же асмандан түштүңбү? – деген күпүлдөгөн үнү таежемди селт эттирди. – Эжең дүйнө салгандан бери бир мүчөл ашык убакыт өттү. Ошондон бери бизге тынчтык бербес болдуң го! Сенин максатың, деги эмне? Ачыгын айтканда барган жериңден бак таппай: “Кудай кааласа, тынып, бүлө болуп калаар”, – дегенимче болбой, кайра эле бери тартасың. Ак ниетиң менен баш баксаң, эшигим дайыма ачык. Сыйлуу төрүбүз менен жылуу кеп, ызаат-урмат сеники. Бирок биздин үйгө киришкениңди, бизди бийлегениңди койбодуң. Бир максатың, көздөгөнүң болсо, баарыбызды буулуктурбай, ачык айтып, ак сүйлө! Көксөгөнүңдү аткаралы! Бизди өз жайыбызга тим койчу.

– Карачечекей эжемдин жер тырмап, татамаалдыгы менен жыйнап-терген белен тамагына… Кайдагы арам чымындын конуп, тердеп-тепчибей шапшыганын, ээ болгонун көргүм жок! – Анипа эми бышактаганга өттү. – Эжем ийнедейден жыйнап, кирсе чыккыс кылып, үйүңүздү дүнүйөгө толтуруп, убайын көрбөдү.

– Тагдыр экен, арга жок. – Атам апам кайтыш болгондон берки сен экөөңдүн жумшаган мээнетиңди тилге алууну эп көрбөдүбү: – Ушундай ич бурооң бар экен. Ысык жайынан Гүлперини козгобой эле. Мен чөп чабыктан келгиче чыдап турбайсыңбы! Каалаган мүлкүңдү колуңа салып бермекпиз. Эжеңден эмне калса, мына, баары сеники… Жүктөп кете бер, Кудай жалгагыр! 

– Гүлперинин түнөгү башка, жезде! Бу жерге мен… – орун-очок алганы, сиз менен түбөлүккө жашаганы келдим.

Анипанын сени кетирүү үчүн биздин үйгө бүлгүн салган себеби эми түшүнүктүү болду. 

Атамдын аргасы түгөндү окшойт. Шымын күбүнө ордунан козголду да:

– Кайдагы кокуй элең? Гүлпери экөөбүздүн эрди-катын экенибизди чансак да, мобу эки баланы балапан кезинен ошо чоңойтту. Же сен бир жолу келип, жалаягын жууп, бешигин терметтиңби? Кибирейген көөдөктөрдү адам катарына кошуп, менин бактымды ачкан да ошол аял. Бир баланы төрөп, өстүрүүнү мындай кой, көчөт тикпей, бак өстүрбөй, куурап өткөн адамдар бар, – деп, сөз акырын Анипага кыйытты. 

– Бакканы ушубу, айдай кызды майып кылып? – таежем Азипага сөөмөй нускады. 

– Кой, ээ, кеп укпаган тилазар! Сага кайран сөз! – деп атам кеийгендей кол шилтеди. – Мындан ары, балдыз, биздикине келбей эле койчу! Суранам, сенден. Таарынбайбыз! Тынч койчу, бизди. Үйдөгү көр дүйнө, мал-мүлк, деги каалаганыңдын баарын берели! Эптесең, ушу короо-жайды да мүлдө көчүрүп кет. Ага деле кайылбыз! Болгону кулагыбызды тынч коюп, бизге катылбачы!

Анипа жөн калбады. Заары өңүнө чыгып, албууттанды.

– Өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып… Жээндеримди мени көрбөсүн дейт экенсиз да, ээ, жезде?! Мен эч кайда кетпеймин. Урсаңар, сөксөңөр да карыш жылбаймын. Эжем үзүрүн көрбөгөн үйдө биротоло жашаймын. Мындан башка барар да, батар да жерим жок. 

Атам Азипа экөөбүзгө суроолуу карады да:

– Көрдүңөрбү, мунун ниетин?! Анда, тургула… Биз да жолдон калбайлы! Гүлперини эртерээк табалы! Азипа, сен күтө тур, кызым! Биз агаң экөөбүз жүк машина таап келели да, көчүп кетели. Заардуу жылан ордобузга сойлоп кирген экен! Үчөөбүздү бирден чагып, соо койбос. Жер ооштуруп, мындан кутулуудан башка арга жок, каралдым! 

Анткени менен атам экөөбүз жолго чыгып, кыйла жүргөндөн кийин чөп жайытка бурулдук. Адыр коюнун шамал жортуп, теребел бир аз серүүндөгөндө атам кере-кере чалгы чаап, мен чөмөлө жасадым. Каш карайганда айылга жол тарттык. Үйгө келсек, көктүгүнө таянган Анипадан дайын жок. Атамдын төргө илинген сүрөтүн ала кетиптир. Сөөрүдө күлүп-жайнап Азипа олтурат. Ал атам экөөбүздү көрүп, сүйүнүп кетти. Карындашым айткандай, таежебиз, каттаган сайын кармай келчү түйүнчөгүн көтөрүнүп, бизди каргап-шилеп, бешим ченде жолго түшүптүр. Эми эрден эрге тийип, тамыры бир жерге жайылбаган таежем да бактылуу болсун!

Ошентип, андан араң-зорго кутулдук. А сен кайдасың, апа? Атам экөөбүз эртеңден тарта сени издегени район борборуна барганы турабыз. Ал токой башчыдан үч күнгө уруксат алды. Сени кайдан табабыз? Дарегиңди кабарлап койсоң боло…

  • 1953-жылы Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда туулган. 1986-жылы  КМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин бүтүргөн. КР Ардак Грамотасынын ээси. КР Өкмөтүнүн балдар адабияты боюнча сыйлыгынын лауреаты. Бир нече повесть-аңгемелери, котормолору, тамсилдери жарык көргөн. КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген