Yмүт
Бак-таалайдын даамын татсак да,
Бараар жерге жетип, ашсак да.
Үшкүрүнүп адам ансайын
Үмүт артат алды максатка.
Ырыскыбыз бүтсө деле биз,
Муздай баштаса да денебиз.
Жакшылыктан үзбөй күдөрдү,
Жараткандан үмүттөнөбүз.
Канат күүлөп көктө учса куш,
Кайкып учсак дейбиз кушча биз.
Куру кыялга алган байланып,
Курган үмүт туткунундабыз.
Жалынындай бүлбүл биликтин,
Жайбаракат өмүр сүрүпмүн.
Жаштык кетти жылып тымызын
Жетегинде жүрүп үмүттүн.
Турсак дагы балкып бийикте,
Туталанып, мөгдөп, кейип же.
Түгөтөбүз өмүр, жашоону
Туткун болуп жүрүп үмүткө…
17.08.2021
