|

Жакшы көйнөк

4.2/5 - (5 добуш)

Көйнөгүмө шыкала баткан,
Көздөн далдоо менин көөдөнүм,
Мактоо ырыңды тиштене жазып,
Таңды күзөй кайда жөнөдүң. 

Жалган катты жаныңа жуутпай,
Жаалың кайнап чебеленчү элең,
Билем, аскаң бийик кезинде,
Чындык жерде тебеленчү эмес.

Жалган дүйнө, баары жалган деп,
Өпкө, бооруң өзүн жоошутат,
Жаракадан жашына муунган,
Күзгүдөгү көзүң чочутат.

Жактап жазып жатканың кечээ,
Жылуу жакка учуп кеткен дейт,
Киндик менен тамырлаш жайын,
Жүрөгүнөн үзүп кеткен дейт.

Жакшы көйнөк, кайда барасың,
Жазганыңа жалтырак каптап,
Көзүн карап угармандардын,
Көөдөнүңдү калтырак каптайт.

Кол чабуудан кодуланаарың,
Терим менен сезип турамын,
Көз каранды багытка чүнчүп,
Көөдөн сени, кечип турамын.

  • Акын. Жазуучу. Кесиби боюнча биолог. Биохимия лабораторияда лаборант болуп иштейт. Саламаттыкты сактоонун отличниги. “Адабий Ордо” сайты 2026-жылы уюштурган “Жаз” темасындагы бир ыр сынагынын жеңүүчүсү.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген