Жаралуу менин элигим
(аңгеме)
Чоң энем менин келгениме жетине албай сүйүнүп, жан-алы калбай дасторконго жайлоонун керемет берекелерин: кымыз, каймак, быштак, боорсокторун жайнатып алдыма койду. Биз божураша сүйлөшүп, чай ичип олтурганда колуна камчысын кармаган чоң атам дагы кирип келди. Мен чоң атам менен учурашканы ордумдан шак атып турдум.
– Оо, азаматым десе, менин уулум чоң жигит болуп калган турбайбы! Кел, балам, келе маңдайындан жыттап, сагынычымды бир жазып алайынчы!, – деген чоң атам мени өзүнүн бооруна тартты. Чоң атамдан тоо гүлдөрүнүн, кымыздын, анан калса жылкы жаныбардын жагымдуу жыты буркурады.
Мен дагы чоң атам менен чоң энемди аябай сагынып, атайын аларга учурашканы жайлоого келгенмин. Атам менен апам берип жиберген белек-бечкектери бул жакта эле калып, алар менин келгениме жан терилерине батпай сүйүнүп жатышты. Менден айыл апаны, тууган-уруктарды, инилеримди бир сыйра зерикпей такып сурагандан кийин, көңүлү жайланган чоң атам Ашым Асылкан чоң энеме кайрылды:
– Ээ, байбиче, бул эликтин деги мал боло турган кейпи барбы? – деп сурады.
– Кечээгиден кыйла түзүк, суу иче баштады. Бирок, салган чөбүңө карагыдай түрү жок, – деп жооп берди чоң энем.
– Чоң ата, кандай элик жөнүндө сөз кылып жатасыңар?, – дедим мен бир чети таң кала, бир чети бүшүркөй аябай кызыга.
– Ээ, балам, бул өзүнчө бир окуя, – деп чоң атам жаздыкка жамбаштай жатып, анан сөзүн баштады.
– Бир жума мурун биз жылда конуп өргүгөн Кара-Жайык жайлоосуна төмөнкү айылдан келген, Жусуп деген киши пайда болду. Ал мага биринчи көрүнүшүндө эле жаккан эмес. Эски калпагын башынын бир жагына кыйшайта кийген, мылтыгын желкесине асынган, кырктар чамасындагы бакжайган сары киши экен. Ал келгенден баштап жайлоодо мылтыктын үнү басылбай, жапайы жан-жаныбарлардын дагы тынчы кете баштады. Жусуп бир күнү мага жолугуп:
– Ээ, аксакал, бу эликтер кайсыл тарапта көп болот?, – деп сурады.
– Балам, азыр элик атчуу мезгил беле, алар корукка алынган, аларды атууга мүмкүн эмес, – дедим. Ал менин айтканыма нааразы болгондой, чыйт түкүрүп, жактырбагансып басып кетти.
Ошол күнү кечке маал жылкыларды жайытынан айдап келе жатсам, капысынан эле баары тегиз дүр этип үркүп калышты. Кулактарын тикчийтип, буттары менен жер чапчышып, бышкырышып арчалуу токой жакты карап туруп калышты. Буларга эмне болуп кетти деп, аттан түшүп барсам, арчанын түбүндө бир кансыраган алсыз байкуш элик жатыптыр. Ал жаныбар мени көрүп, туруп качууга жандалпастап аракеттенди, бирок шайы жетпеди. Көрсө, анын арткы оң санына мылтыктын огу тийиптир. Ошентип аны алып келип, мал доктур Саматты чакыртып, бутуна дары коюп, этияттап таңдырып, байлап койгонбуз. Кече анын абалы өтө начар болчу. Ал эми оңбой калгыр Жусупту болсо жаратылышты коргоочулар кайберен атып жүргөн жеринен кармашып, мылтыгын алышып, өзүнө очойтуп айып пулун салышыптыр, – деди чоң атам.
– Элик азыр каерде чоң ата, көрсөм болобу?, – дедим мен чыдамым кете чыйпылыктай.
– Коё тур балам, шашылба, таң атсын, анан көрөсүң, – деди чоң атам камырабай жай гана.
Мен таңдын атышын чыдамсыздык менен аябай зарыгып күттүм. Боз үйдүн ачык түндүгүнөн асмандагы миң сан жылдыздар жымыңдашып, улам бири учуп, артынан кыска нурун калтырып, бачым өчүп калып жатты. Аларды тиктеп жатып, көзүм уйкуга кантип илинип кеткенин сезбей калыптырмын.
Түшүмдө болсо балалуу эне эликти мыкаачы, жырткыч аңчы Жусуп мылтыгын сунуп, атканы жатыптыр. Эне элик жакшы жетиле элек эгиз ала чаарчыктарын кыя албай, айланчыктап, ары-бери кулагын тикчийте элеңдеп, мекиренип чуркап жүрөт. Эне элик эгиз ала чаарчыктарын мылтыктын огунан эптеп сактап калгысы келгендей Жусупту аянычтуу, көзүнөн жашын куюлтуп, жалооруй тиктейт. Ал эми эргежээлдей өңү керсары тарткан Жусуп болсо арсалактап каткырып күлүп, мылтыгын бирде эне эликке, бирде ала чаарчык улактарга мээлеп маашырланат. «Атпаа, атпаа-аа!» деп жүгүрүп баратамын. Бирок, ортобуздагы жебедей аралык такыр кыскарбай тушоолоном. Бир маалда «тарс!» эткен мылтыктын каттуу үнү жаңырды. Ок дарынын көк түтүнү абага бозомтук болуп тарай берди. Мен дагы чуркап бараткан бойдон чөпкө чалынып, бет маңдайым менен кулап түштүм. Чочуп ойгонуп кетсем, түшүм экен. Денем бүт бойдон көл-шал болуп, чыпылдап тердеп чыгыптыр. Мунун баары түшүмдө болгонуна чындап аябай кубандым. Шашыла кийинип алып сыртка чыксам, чоң атам эликтин жараатына дары коюп, таңып жаткан экен.
– Мына балам, түндөгү сага айтып берген элик ушул, – деди чоң атам. Чоң атамдын эликтин жараты сакайып келе жатканына курсант болгону анын өңүнөн, карыялык мээриминен даана байкалып турду.
Элик болсо эки кулагын тикчийтип, сен кимсиң дегендей, жашылданган бакыракай алаңдаган көздөрү менен мени таң кала карап турду.
Мына ошентип чоң атам экөөбүз күндө эликтин жараатын дарылап, таңып жүрдүк. Элик экөөбүздүн мамилебиз барган сайын күчөй берди. Ал чоң атам экөөбүзгө акырындап үйүр алып, бизден анча чочуркабай да калды. Күндөн-күнгө элик сакайып, акырындап өзүнө келе баштады. Кадимкидей өз алдынча оттоп, берген сууну калтырбай ичип калды. Жараат алган бутун мурда жерге жакшы коё албаса, эми таканчыктап жерге коюп, аксап болсо дагы баса баштады. Жебедей атылган күндөр билинбей агылып жатты. Жайлоонун күңгөй тарабындагы түркүн чөптөр саргыч түскө боёлуп, тоонун жели аймаласа жездей көлкүп ачылат.
Чоң атам күндөрдүн бир күнү:
– Балам, бүгүн досуң менен ойноп, чериңди жазып ал, эртең аны тоого коё беребиз, өз үйүрүнө агытабыз, – деди.
Эртеси чай ичип болгондон кийин биз эликти жетелей ээрчитип, арчалуу тоону көздөй жол тарттык. Мына тоого дагы жетип келдик. Асман тиреген арчалар, шылдырап агып жаткан туптунук булак суусу, ар түркүн куштардын сайраган үндөрү айлананы өзгөчө шаңга, кайталангыс кереметке бөлөп турду. Чоң атам мага айлананы чабыттачы дегендей дүрбүсүн сунду. Мен дүрбү менен арчалуу жайыттарга көз салдым. Бизден бир чакырым алыстыкта бир топ эликтер бейкапар жайылып, оттоп жүрүшүптүр. Арчаларга далдаалай барып, аларга жакындап калганда өзүбүздүн эликти агытып, коё бердик. Ал бизден жүз кадамча узагандан кийин биз менен коштошкондой бир жалт карап алды да, эликтерди көздөй акырын таскактай жүгүрүп жөнөдү. Биздин «жаралуу элигибиз» жайыттап оттоп жатышкан эликтерге жеткенде, аны тегеректешип, «Кайда адашып жүрдүң?» дегендей жыттагылай, мекирене башташты. Бирок, сүзгүлөп кошпой, жатыркатып бөлүп салышкан жок. Анан кайрадан тегиз жайылып, бейкапар өр тарта оттой башташты. Ал эми биздин «жаралуу элигибиз» болсо оттоого такыр табити тартпагандай, башын жерден алып, улам-улам биз жакты карап, мекиренип жатты. Ал канчалык каалабасын, канчалык аракет кылбасын биз калың арча токоюнан ага баары бир көрүнбөйт болчубуз.
Көп өтпөй менин жайкы каникулум дагы аяктады. Мен чоң атам, чоң энем менен коштошуп, шаарга карай жол тарттым. Автобуста келе жатып, баягы биз сакайткан «жаралуу эликтин» улам-улам бизди карап, биздин карааныбызды издеп жаткандыгын көз алдыма элестетип, автобуста жай термелип бара жаттым…
